Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Мектеп билим берүүсүндѳгү гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ

Билим берүү кызматкерлеринин чеберчилигин жогорулатуучу дистанттык курсу


Биз жѳнүндѳ

  «БУУ-аялдар» - бул БУУнун структурасы, анын ишмердүүлүгү гендердик теӊдик жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктѳрүнѳ, укуктарынын кеӊейишине арналат. Аялдардын жана кыздардын укуктарын коргогон «БУУ-аялдар» уюму алардын керектѳѳлѳрүн жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында дүйнѳ жүзү боюнча прогрессти ылдамдатуу үчүн түзүлгѳн.
  «БУУ-аялдар» структурасы БУУнун мүчѳ мамлекеттерине алардын «гендердик теӊдикке жетишүү үчүн дүйнѳлүк стандарттарга ылайык келүү» умтулуусуна кѳмѳктѳшѳт жана ушул ченемдердин натыйжалуу ишке ашуусун жана дүйнѳ жүзүндѳгү аялдарга жана кыздарга натыйжалуу пайдасын камсыздоо максатында ѳлкѳлѳрдүн ѳкмѳттѳрү жана жарандык коом менен мыйзамдарды, саясаттын стратегиясын, программаларды и кызматтарды иштеп чыгууда биргеликте иштешет.
  Уюмдун ишмердүүлүгү туруктуу ѳнүгүү тармагындагы Максаттардын глобалдык программасын аялдар жана кыздар үчүн турмушка ашырууга жана тѳмѳнкү беш артыкчылыктуу багыттарга ѳзгѳчѳ кѳнүл буруу менен жашоонун бардык аспектилеринде аялдардын теӊ укуктуу катышуусуна кѳмѳктѳшүүгѳ багытталган:
  • аялдардын лидерлигинин кеӊейиши жана саясий жашоого катышуусу;
  • аялдарга карата зордук-зомбулуктун жоюлушу;
  • тынчтык жана коопсуздук процесстеринин бардык аспектилерине аялдардын тартылышы;
  • аялдардын мүмкүнчүлүктѳрүнүн жана экономикалык укуктарынын кеӊейиши;
  • улуттук пландаштыруу жана бюджетти түзүүнү иштеп чыгууда гендердик теӊдиктин башкы ролун аныктоо.
  «БУУ-аялдар» структурасы гендердик теӊдикке жетишүүгѳ багытталган, ошондой эле «2030 Күн тартиби» менен байланышкан макулдашууларда жана дискуссияларда БУУнун бардык системасынын ишин колдойт. Структуранын ишмердүүлүгү ар тараптуу дүйнѳ жана туруктуу ѳнүгүү тармагындагы Максаттарга жетишүүдѳ гендердик теӊдиктин негизги ролун аныктоо максатын коет.
Толугураак: БУУ-аялдар




  Билим берүү демилгелерин колдоо фонду (ФПОИ) ыктыярдуу, коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Билим берүү демилгелерин колдоо фонду 1997-жылы билим берүү жана ага байланыштуу тармактардагы инновациялык жана коомдук пайдалуу демилгелерди колдоо үчүн түзүлгөн.
  Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун миссиясы
  Билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасындагы ачык коомду курууга көмөктөшүү, мындан тышкары инновациялык социалдык технологияларды алдыга жылдыруу жана долбоордук ишмердикти жүзөгө ашыруу.
  Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун артыкчылыктары
  • Билим берүү, маданият жана илим тармагындагы демилгелерди социалдык долбоорлоо жана өнүктүрүү;
  • натыйжалуу билим берүү технологияларын, маалымат-компьютердик технологияларды (МКТ) камтуу менен, иштеп чыгуу жана жайылтуу;
  • билим берүү системасын реформалоо процессине көмөктөшүү;
  • эрте курактагы балдардан тартып билим берүү баалуулуктарын өнүктүрүү.
  Ишмердиктин түрлөрү
  • коомдук өнүгүүнүн ар кандай тармактарындагы аналитикалык изилдөөлөрдү иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
  • билим берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу, анын ичинде окутуу семинарларын жана тренингдерди өткөрүү;
  • социалдык-гуманитардык жана экономикалык тармактагы илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
  • эл аралык, аймактык форумдарды, конференцияларды, симпозиумдарды, тажрыйба алмашууларды, жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • жаңы медианы өнүктүрүү;
  • социалдык-гуманитардык илимдер жана билим берүү тармагындагы консалтинг жана эксперттик кызмат көрсөтүү;
  • билим берүүнүн бардык деңгээлдери, анын ичинде электрондук колдонуучулар үчүн, электрондук окуу-методикалык программаларды, колдонмолорду, окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу;
  • окуу, окуу-методикалык жана илимий адабияттарды басып чыгаруу ишмердиги.
Толугураак: Фонд поддержки образовательных инициатив

Контакттар

Фонд поддержки образовательных инициатив
Адрес: 720005, Бишкек, ул Суванбердиева 11
тел: +996 312 51 16 66
email: office@edufeis.org

UN Women Kyrgyzstan Country Office
Bishkek, Kyrgyzstan
Office: +996 312 98 80 16
Email: Kyrgyzstan.staff@unwomen.org