Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Мектеп билим берүүсүндѳгү гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ

Билим берүү кызматкерлеринин чеберчилигин жогорулатуучу дистанттык курсу

Окуу модулдар

Көрсөтүү

Китепкана

Көрсөтүү

Тестирлѳѳ

Көрсөтүү

  Урматтуу колдонуучулар,

  сунушталып жаткан платформа – гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуучу дистанттык курс.
  Ѳмүр боюу окуу ХХI кылымдын кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ бирден бир ачкыч болуп турган шартта укуктук жана гендердик тармакта негизги компетенттүүлүктѳргѳ ээ болуу эң маанилүү муктаждык болуп эсептелинет, ансыз адилеттүү сапаттуу билим берүүгѳ жетишүү мүмкүн эмес.
  Дистанттык курс үч бѳлүмдү ѳзүнѳ камтыйт: эки окуу модулун, китепкананы жана тестирлѳѳнү. Биринчи модуль билим берүүдѳгү адистердин кенен чѳйрѳсүнѳ арналат. Экинчи модуль—социалдык тармактагы мектеп предметтеринин мугалимдерине, ошондой эле класс жетекчилерге жана кесиптик ишмердүүлүктүн жаңы түрүн аткаруу үчүн керектүү компетенттүүлүктѳрдү ѳздѳштүрүүгѳ кызыкдар болгон башка адистерге арналат.
  Ар бир окуу модулу темалардын белгилүү санын, ошондой эле тестирлѳѳ формасында суроолорду камтыйт, аларга жооп берүү менен, окуган адам курстун мазмунун ѳздѳштүргѳнүн тастыктаган электрондук сертификат алат. Сертификат катталган гана колдонуучуларга берилет.
  Темаларды окуп-үйрѳнүү, китепкана менен пайдалануу, тестирлѳѳдѳн ѳтүү акысыз.
БАРДЫК

Окуу материалдары

63

Катталган колдонуучулар

61

Тестирлѳѳнү ийгиликтүү тапшыргандар

3

  Платформа «БУУ-аялдар» Структурасы тарабынан Билим берүү демилгелерин колдоо Фондусу менен ѳнѳктѳштүктѳ БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду каржылаган «Коомчулук туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында иштелип чыккан жана Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо институтунун, анын аймактык структураларынын адистери, райондук/шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн методисттери, долбоордук муниципалитеттеринин жана Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү мектептеринин мугалимдери тарабынан апробациядан ѳткѳрүлдү.

Контакттар

Фонд поддержки образовательных инициатив
Адрес: 720005, Бишкек, ул Суванбердиева 11
тел: +996 312 51 16 66
email: office@edufeis.org

UN Women Kyrgyzstan Country Office
Bishkek, Kyrgyzstan
Office: +996 312 98 80 16
Email: Kyrgyzstan.staff@unwomen.org