Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Мектеп билим берүүсүндѳгү гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ

Билим берүү кызматкерлеринин чеберчилигин жогорулатуучу дистанттык курсу


Тааныштыруу
  2015-жылы Кыргыз Республикасы жана Бириккен Улуттар Уюмунун башка мүчѳлѳрү 2030 Билим берүүнүн туруктуу ѳнүгүүсүнүн 4, 5-максаттары программасынын алкагында аялдар жана эркектердин теӊ укуктарынын, бардыгы үчүн ѳмүр бою окутуунун мүмкүнчүлүктѳрүн демилгелѳѳ, бардыгын камтыган жана адилеттүү сапаттуу билим берүүнү камсыздоо тууралуу макулдашышкан.
  Кыргыз Республикасы үчүн теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги баалуулуктарын алдыга жылдыруу ѳзгѳчѳ маанилүү, анткени акыркы жылдары коомдо этникалык, гендердик, маданий же башка тиешелүүлүгүнѳ жараша бѳлүү тенденциялары күчѳдү.
  Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга карата билим берүүнүн ѳнүгүү Стратегиясында1 <…> адамдын эркиндигин жана укуктарынын баалуулуктарын, гендердик теӊдикти бѳлүшкѳн, маданий, этникалык жана саясий кѳп түрдүүлүктү сыйлаган <…> жаранды даярдоо максаты коюлган.
  Коюлган максатка жетишүү үчүн, эӊ алгач, билим берүү системасынын бардык кызматкерлери студенттен баштап билим берүү министрлигинин адистерине чейин ѳзүлѳрү кѳп түрдүүлүктүн баалуулуктарын аӊдап-түшүнүшүп жана кабыл алышып, миӊ жылдыктын чегинде адамзат кездешкен чакырыктарга адекваттуу мамиле кылышып, аларга билим берүү тармагында жаӊы саясатты ишке ашырууда ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруп, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын жана тургундарынын теӊдигин камсыз кылган улуттук жана эл аралык укуктук документтерге багыт ала алышып, аларды турмушта жана кесиптик ишмердүүлүктѳ жетекчиликке алышы керек.
  Дистанттык курстун генералдык максаты: адамдын укуктары жана социалдык камтуу тармагында Кыргыз Республикасында адилеттүү сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга багыт алган адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн ѳстүрүү жана үзгүлтүксүз кесиптик ѳнүгүү системасын түзүү.
Курстун жалпы милдеттери:
  • курстун ѳзѳктүү позициялары боюнча окугандардын теориялык билимдерин жалпылоо;
  • аялдардын жана эркектердин теӊдигин камсыз кылган улуттук жана эл аралык укуктар тармагында окугандардын билимдерин систематизациялоо;
  • адамдын укугунун универсалдуулугун, айырмачылыктарын сыйлоо, теӊдик жана кѳп түрдүүлүк баалуулуктарын, ошондой эле жаӊыга жана тааныш эместикке ачык мамилени калыптандыруу;
  • негативдүү гендердик/этникалык/социо-мданияттык жана/же башка стереотиптерди жана жаман ойдо болууну, басмырлоочу жоболорду жана иллюстрацияларды пайда кылууга түрткү болгон окуу материалдарын талдоо;
  • мектептик билим берүүгѳ теӊдик жана кѳп түрдүүлүк баалуулуктарын камтуу жолдорун аныктоо.
Дистанттык курс эки окуу модулунан турат, алардын ар бири белгилүү аудиторияга арналган жана конкреттүү максат жана милдеттери бар.

1-модуль. Мектептик билим берүүдѳгү гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ
36 сааттык онлайн-иш

  Окуу модулу билим берүү системасында иштеген бардык адистерге:педагогикалык ЖОЖдун студенттерине, ЖОЖдун окутуучуларына, мугалимдерге, кружоктун жетекчилерине жана сабактан тышкаркы ишмердүүлүктүн уюштуруучуларына, мектептердин администрацияларына, методисттерге жана райондук/шаардык билим берүү бѳлүмүнүн жетекчилерине, окуу колдонмолорунун авторлоруна, окуу адабияттарын басып чыгаруучуларга, кесиптик квалификацияны жогорулатуу системасынын адистерине, мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуучуларга, билим берүү министрлигинин кызматкерлерине жана билим берүү системасына иштеген адистердин башка категорияларына (журналистерге, сүрѳтчү-иллюстраторлор, дизайнерлерге ж.б.) арналат.
  1-окуу модулу негиз болуп эсептелген суроолорго жооп берүүгѳ багытталат: Гендердик теӊдик деген эмне? Басмырлоо деген эмне? Социалдык инклюзия? Эмне үчүн бүгүн алар бардык прогрессивдүү адамзат тааныган негизги баалуулук болуп эсептелет? Кайсы эл аралык жана улуттук механизмдер алардын алдыга жылуусун камсыз кылат? Билим берүү системасынын адистери заманбап шарттарда билим берүү процессин пландаштыруу, ишке ашыруу жана мониторинг учурунда эмнени жетекчиликке алышы керек?
1-модулдун максаты: гендердик теӊдик, басмырлоого жол бербѳѳ жана социалдык инклюзия тармагында адистердин үзгүлтүксүз кесиптик ѳнүгүүсүн камсыз кылуу.
1-модулдун милдеттери:
  • гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында теориялык жана практикалык билимдерин систематизациялоо;
  • негативдүү гендердик/этникалык/социо-мданияттык жана/же башка стереотиптерди жана жаман ойдо болууну, басмырлоочу жоболорду жана иллюстрацияларды пайда кылууга түрткү болгон окуу материалдарын талдоо;
  • жашоодо жана кесиптик ишмердүүлүктѳ басмырлоонун ар кандай формаларын кѳрсѳтүүгѳ сезимталдуулукту ѳнүктүрүү;
  • окуучуларда гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандыруу боюнча аракеттерди макулдашуу.

Модуль 4 бѳлүмдѳн тура:
  1. Билим берүүдѳгү кѳп түрдүүлүк жана теӊдик.
  2. Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳнүн тарыхый жана теориялык аспектиси.
  3. Басмырлоого каршы жана гендердик экспертизанын кѳрсѳткүчтѳрү.
  4. Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагындагы негизги компетенттүүлүктѳр.

  1-модулду окуп-үйрѳнгѳнүү аяктагандан кийин окугандар жыйынтыктоочу тестирлѳѳдѳн ѳтүүгѳ жана квалификацияны жогорулатуу курсун ѳткѳндүгүн тастыктаган сертификат алууга мүмкүнчүлүк алышат.
  Бѳлүмдѳрдүн түзүлүшү
  Квалификацияны жогорулатуу дистанттык курсунун бардык бѳлүмдѳрү бирдей түзүлүшкѳ ээ. Ар бир бѳлүм ар түрдүү мыйзамдык, коомдук, педагогикалык тараптан теӊдик жана социалдык камтуу суроолорун караган темалардын белгилүү санынан (электрондук беттер) турат. Ар бир тема окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын, ѳзѳктүү маалыматты, тематикалык сѳздүктү, ушул курс боюнча кошумча материалдарга шилтемени («Китепкана») жана ушул теманы бекемдѳѳгѳ тесттик тапшырманы («Ѳзүӊдү текшер») камтыйт.
  Платформа БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду тарабынан каржылаган «Коомчулук туруктуу дүйнө үчүн» долбоорунун алкагында Билим берүү демилгелерин колдоо Фондусу менен ѳнѳктѳштѳ «БУУ-аялдар» Структурасы тарабынан иштелип чыккан.

Контакттар

Фонд поддержки образовательных инициатив
Адрес: 720005, Бишкек, ул Суванбердиева 11
тел: +996 312 51 16 66
email: office@edufeis.org

UN Women Kyrgyzstan Country Office
Bishkek, Kyrgyzstan
Office: +996 312 98 80 16
Email: Kyrgyzstan.staff@unwomen.org