Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

1-бөлүк

Билим берүүдѳгү теңдик жана кѳп түрдүүлүк

 Аталган бөлүм Жак Делордун «Билим берүү: зарыл утопия» докладынын негизги жоболорун, БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын, билим берүү тармагында саясатты калыптандыруу үчүн негиз болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын адам укуктары жана гендердик теӊдикти камсыздоо боюнча эл аралык жана улуттук милдеттенмелерин, ошондой эле гендердик теңдик тармагында Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын тааныштырат.

Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  1. ЮНЕСКОнун билим берүү боюнча Комиссиянын жетекчисинин ѳзѳктүү докладында белгиленген миң жылдыктын кесилишиндеги адамзат кезиккен негизги чакырыктарды айта аласыңар;
  2. билим берүү тармагында жаңы саясатты иштеп чыгууда кайсы багыттарга кѳңүлдү буруу керектигин түшүндүрүп бере аласыңар;
  3. эркек жана аялдардын теңдигин камсыз кылган эл аралык жана улуттук укуктук документтер боюнча багыт ала аласыңар;
  4. гендердик теңдик тармагында Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын кесиптик ишмердүүлүктѳ жана жеке жашоодо жетекчиликке ала аласыңар.

1-бөлүк. Мазмуну:

2-бөлүк

Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳнүн теориялык жана тарыхый аспекттери

 Бул бѳлүм гендердик жана социалдык теңдик тармагында суроолорду чечүү тарыхы менен, ошондой эле анын негизги терминдери жана категориялары менен тааныштырат. Адамдын укугу, гендердик теңдик, социалдык инклюзия жана басмырлоого жол бербѳѳ мазмунун ачкан маанилүү түшүнүктѳр ыңгайлуу болуш үчүн алфавиттик иреттүүлүктѳ берилген жана мааниси боюнча топтоштурулган. Алардын кѳбү боюнча түшүнүктүн ѳзүнѳн башка толугураак түшүндүрмѳ берилет.

Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  1. гендердик жана социалдык теңдик суроолорунун ѳнүгүү тарыхын аңдап-түшүнѳсүңѳр;
  2. гендер, социалдык инклюзия жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун ачууда пайдаланылган категориялардын жана негизги терминдердин маанисин түшүндүрѳ аласыңар;
  3. гендердик жана социалдык теңдик тармагында стереотиптердин, аялдар жана эркектердин тең укуктуулук кѳйгѳйлѳрүнѳ ѳзүңѳрдүн мамилеңерди билдире аласыңар;
  4. сүйлѳѳдѳ гендер, социалдык инклюзия жана басмырлоого жол бербѳѳ терминдерин жана категорияларын сабаттуу пайдалана аласыңар.

2-бөлүк. Мазмуну:

3-бөлүк

Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ экспертизасынын кѳрсѳткүчтѳрү

 2019-жылдын, 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясында окуу-методикалык комплексттердин (ОМК) гендердик жана басмырлоого жол бербѳѳ экспертизасын милдеттүү ѳткѳрүү тууралуу чечим кабыл алынган. Экспертиза «мектептик жалпы билим берүүнүн максаты катары кѳп түрдүү ѳзгѳрүлгѳн дүйнѳдѳ жеке жана коомдук бакубатчылыкты камсыз кылган жарандык жана кесиптик ишмердүүлүккѳ инсандын даярдыгын камсыз кылуу үчүн ОМКнын сапатын жогорулатууга»1 багытталган.

 Чечим Кыргыз Республикасындагы гендердик теӊдикке жетишүү боюнча Улуттук аракеттер планын аткарууну камсыз кылат.

 Бул бѳлүмдѳ гендердик жана басмырлоого жол бербѳѳ экспертизасынын кѳрсѳткүчтѳрү берилген. Ар бир кѳрсѳткүч талдоо үчүн суроолорду жана аспекттерди, ошондой эле окуу материалын тандоодо же иштеп чыгууда эмнеге кѳңүл буруу керек болгон ѳзѳктүү жоболорду камтыйт.

 Кѳрсѳткүчтѳрдүн баяндалышы жалпылоо мүнѳзгѳ ээ экендигин, ар бир конкреттүү учурда кѳрсѳткүчтѳрдү колдонуу профилден жана тигил же бул окуу предметтин ѳзгѳчѳлүгүнѳн кѳз каранды экендигин эске алуу керек.

Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  1. окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштоосун талдоо үчүн аспекттерди жана негизги кѳрсѳткүчтѳрдү атай аласыңар;
  2. кѳп түрдүүлүктүн жана теңдиктин баалуулугун, айырмачылыктарды сыйлоону, адамдын укуктарынын универсалдуулугун, ошондой эле жаңыга жана тааныш эместикке ачык мамилени кабыл аласыңар;
  3. терс гендердик/этникалык/социо-маданий жана/же башка стереотиптерди, жалган ойлорду, басмырлоочу жоболорду жана иллюстрацияларды чыгарууга түрткү болгон окуу материалын таанууга үйрѳнѳсүңѳр.

3-бөлүк. Мазмуну:

4-бөлүк

Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагындагы негизги компетенттүүлүктѳр

 Бул бѳлүмдѳ гендердик теңдик жана социалдык инклюзия тармагында окуу процессине жана окуу материалдарына жалпы талаптар менен таанышасыңар. Бул талаптар билим берүүнүн мазмунуна дагы, ошондой эле окутуу методдоруна, ылайыктуу окуу чѳйрѳсүн түзүүгѳ дагы тиешелүү

Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  1. гендердик теңдик жана социалдык инклюзия тармагында негизги чен-ѳлчѳмдѳрүнѳ окуу материалдардын ылайыктуулугун же ылайыксыздыгын бѳлүп кѳрсѳтѳ аласыңар;
  2. гендердик теңдик жана социалдык инклюзия тармагында таанып-билүү, баалуулук-эмоционалдык жана практикалык деңгээлдерде билим берүүчүлүк натыйжаларды айырмалай аласыңар;
  3. окуу материалдарын гендердик теңдик жана социалдык инклюзия тармагында таанып-билүү жѳндѳмдүүлүктѳрүн, баалуулук багыттуулугун жана мамилелерин, ошондой эле окуучулардын практикалык кѳндүмдѳрүн калыптандырууга алардын таасирин эске алуу менен тандап жана түзѳ аласыңар.

4-бөлүк. Мазмуну: