Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Зордук-зомбулук


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • «аялдарга карата зордук-зомбулук» аспектисин камтуу менен, зордук-зомбулук эмне экендигин жакшы түшүнѳсүңѳр;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ аялдарга карата зордук-зомбулукту камтуу менен зордук-зомбулуктун кѳрүнүштѳрүн кѳбүрѳѳк сезе аласыңар;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ аялдарга карата зордук-зомбулукту камтуу менен зордук-зомбулукту алдын алууга түрткү болосуңар.

Люди. https://pixabay.com
Аялдарга карата зордук-зомбулук кѳйгѳйүнѳ арналган «БУУ-аялдар» структурасынын веб-сайты үчүн иллюстрация

 Зордук-зомбулук физикалык күчтү же бийликти, чыныгы же коркутуу түрүндѳ, ѳзүнѳ, башка адамга, адамдардын же жамааттын топторуна каршы багытталган атайлаган колдонуу, анын натыйжасы болуп (же ушундай болуунун бийик даражасы бар) денелик жаракат, ѳлүм, психологиялык жаракат, ѳнүгүүсүндѳгү артта калуу же ар түрдүү жаракаттардын түрү (Саламаттыкты сактоонун Дүйнѳлүк уюму).
  • ѳзүнүн жашоосун же ден-соолугун кыюуга аракет;
  • инсан аралык зордук-зомбулук;
  • коллективдик зордук-зомбулук.
 Бул адам ѳзүнѳ карата ишке ашырган зордук-зомбулукту, башка адам же адамдардын тобу тарабынан ишке ашырган зордук-зомбулук жана чоң топ аркылуу жүргүзүлгѳн, мисалы мамлекет тарабынан, уюштурулган саясий топтор аркылуу, куралданган жана террористердин уюму аркылуу жүргүзүлгѳн зордук-зомбулук бар экендигин айырмалоо керектигин билдирет. Ар бир ушул үч кенен категориялар андан соң зордук-зомбулуктун конкреттүү түрлѳрүн чагылдырган жаңы кичинекей топторго бѳлүнүшѳт.
 Аялдарга карата зомбулук – жыныстык белгисине карап физикалык, жыныстык, же психологиялык жапа келтирүү, же аялдарды кыйнаган зомбулуктун бардык актылары. Эркиндигинен коомдук, же жеке жашоосунан мажбурлап, же өз эрки менен ажыратуу. Аялдарга карата зордук-зомбулук тѳмѳнкү учурларды камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
  • үй-бүлѳдѳ орун алган физикалык, жыныстык жана психологиялык зордук-зомбулук, кол кѳтѳрүү, үй-бүлѳдѳгү кыздарга жыныстык зордуктоо, сеп менен байланышкан зордук-зомбулук, күйѳѳсү тарабынан аялын зордуктоо, аялдын жыныстык органдарын жаракат кетирүү жана башка аялдарга зыян келтирген салттуу практиканын түрлѳрү, никесиз зордук-зомбулук жана иштетүү менен байланышкан зордук-зомбулукту камтуу менен;
  • жалпысынан коомдо орун алган физикалык, жыныстык жана психологиялык зордук-зомбулук зордуктоо, жыныстык зордуктоо, жыныстык куугунтуктоо жана иште, окуу жайында жана башка жерлерде коркутуу, аялдарды сатуу жана проституцияга мажбурлоону камтуу менен;
  • мамлекет тарабынан же анын кѳңүл коштугунан ал кайда гана ѳтпѳсүн физикалык, жыныстык жана психологиялык зордук-зомбулук1.