Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Басмырлоо


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ түз жана кыйыр басмырлоонун кѳрүнүштѳрүн тааный аласыңар;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ басмырлоонун ар кандай түрлѳрүн кѳбүрѳѳк сезе аласыңар;
  • ѳзүңѳрдүн кесиптик ишмердүүлүктѳ окуучулардын адамдарды расасы, терисинин түсү, жынысы, тили, дини, кѳз караштары, теги же башка шарттары, касиеттери боюнча кабыл албоо сезимдерин калыптандырууга тоскоол болосуӊар.





 КѲНҮЛ БУРГУЛА!

 Басмырлоо аракеттери атайын, же байкабастан ишке ашырылат, бул учурда аракет ниетинде эмес, кесепети басмырлоо мүнөзгө ээ болот. Ошондуктан субъект адамга, же топко карата атайылап басмырлоо кѳрсѳткѳн тике басмырлоону, ал эми башка адамга салыштырмалуу бир адамга, же топко артыкчылык берген абал, же чаралар кыйыр басмырлоо айырмалай билүү зарыл.


 Кыйыр басмырлоону башка адамдар менен салыштырмалуу бир же андан кѳп корголо турган макамга ээ негиздер менен ассоциаланган адамды жаман абалга алып келген норма, чен-ѳлчѳм, жалпы кабыл алынган мамиле же практика болгон учурда, эгер ушул шарт, чен-ѳлчѳм же практика мыйзамдуу максат менен объективдүү акталбаса жана эгер ушул максатка жетишүү үчүн каражаттар ылайыктуу жана керектүү болуп эсептелбесе кѳрѳ алабыз.
  • гендердик стереотиптердин массалык маалымат каражаттары, билим берүү, маданият аркылуу иштелип чыгышы;
  • белгилүү бир жыныстагы адамга зыян келтиргендей терс кесепетин тийгизе турган шарттарды, талаптарды жаратуу.
  • бир адам же адамдардын тобу менен окшош кырдаалда начар кайрылышат, ал бир же кѳбүрѳѳк тыюу салынган негиздерге тиешелүү болгон себептер боюнча;
  • же бир же кѳбүрѳѳк тыюу салынган негиздерге тиешелүү себептер болгон учурда адамга же адамдардын тобуна зыян келтирилет.
  • үй-бүлөлүк абалы, кош бойлуу, балалуу болууга даярдануу, үй-бүлөлүк милдеттерге байланыштуу басмырлоо;
  • сексуалдык асылуу;
  • бирдей эмгек, бирдей квалификацияга ар түрдүү акы төлөө.
  • баланын төрөлүшү, аны эмизүү милдеттерине байланыштуу мамилелерди жөнгө салуудагы айырмачылыктарды жаратуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркектерди гана аскер кызматына ыкчам чакыруу;
  • саясий, экономикалык, эмгек же башка социалдык мамилелердеги факты түрүндөгү теӊчиликке жетүүгө багытталган атайын чараларды кабыл алуу;
  • репродуктивдүү саламаттыгын сактоого байланыштуу эркек жана аялдардын эмгегин коргоонун өзгөчөлүктөрү;
  • белгилүү жыныстагы адамдардын гана милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнѳ негизделген кесиптик квалификацияга талаптарды жаратуу;
  • позитивдүү аракеттер3.

 КѲНҮЛ БУРГУЛА!

 Жалган кѳз караштарга, стереотиптерге жана басмырлоого каршы күрөшүү менен эле чектелбестен, аларды жаратуучу маданиятка дагы каршы күрөшүү зарыл. Басмырлоого жол бербөө үчүн жасалуучу кадамдар: «адам укуктарын» дайыма таануу, убактылуу атайын чараларды киргизүү, толеранттуулук жана диалог атмосферасын түзүү, ар кандай топтордун ортосундагы жолугушууларды уюштуруу.