Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз Республикасындагы гендердик теңдик тармагындагы укуктук-ченемдик актылар


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • гендердик теңдик тармагында Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында багыт ала аласыңар;
  • коомдун ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында аялдардын жана эркектердин мүмкүнчүлүгүн түздѳѳгѳ жана колдоого багытталган концитуциялык ченемдерди кайсы документтер ѳнүктүрѳ тургандыгын түшүндүрѳ аласыңар;
  • Кыргыз Республикасында гендердик теңдик кѳйгѳйлѳрүн чечүүнүн практикалык жана формалдык деңгээли ортосундагы айырмачылыкты кѳрѳ аласыңар;
  • жашоодо жана кесиптик ишмердүүлүктѳ гендердик теңдик тармагындагы Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын жетекчиликке ала алсыңар.

 Баарынан мурда гендердик теңдик боюнча улуттук мыйзам конституциялык ченемдерге негизделет. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түз иштейт.




 Эмгек, жумуш, үй-бүлө мамилелери боюнча бир катар ченемдик укуктук актылар (Эмгек, Үй-бүлө кодекстери) аялдардын өнүгүүнүн натыйжаларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү жана колдоого багытталган атайын ченемдерди камтыйт.

 Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин гендердик теңдикке жетишүү боюнча улуттук стратегиясы Өкмөттүн 27-июнь, 2012-жылдагы № 443 3 Токтому менен кабыл алынып, мамлекеттин гендердик саясатынын артыкчылыктарын аныктайт. Кыргыз Республикасында 2018-2020-жылдардын ичинде4 гендердик теңдикке жетүү боюнча кезектеги бешинчи Улуттук планында так иш-чаралар белгиленген.

 2018-жылы кезектеги 3-Аракеттер планы кабыл алынып (Өкмөттүн буйругу менен бекитилген), БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Резолюциясын ишке ашыруу боюнча «Аялдар, дүйнө жана коопсуздук»5 №1325-күн тартибинде каралган.

 Биз кѳрүп тургандай, жеткиликтүү ченемдик базанын кенендиги («Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» мыйзамы6, эрте никелешүүнү жок кылуу, кыздарды уурдоо боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги) де-юре ар бир аял жана кыз гендердик теңдиктин жакшы жактарын толугу менен пайдалана ала тургандыгын күбѳлѳндүрѳт, ал эми бардык тоскоолдуктар – укуктук, экономикалык, социалдык жана маданий – өздөрүнүн укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн алынып салынган. Бирок де-факто, кырдаал таптакыр башкача. (Кошумча https://kaktus.media/371086 окугула)

 Социалдык ѳнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2013-жылы Кыргызстанда айыл жергесинде, моноэтникалык райондордо түзүлгѳн никелердин 60 пайызы ала качуу аркылуу жүрѳт. Алардын 2/3 - кыздын макулдугу жок болот.

 Жергиликтүү ММКлар 2012-жылдан баштап күнүгѳ 32 кыздарды уурдоо катталган, алардын алтоо зоордуктоо менен коштолгон. Жылына ала качуунун саны 10 миңден ашат.

Кыргызстанда кыздарды уурдоо. Кайсы изилдѳѳлѳргѳ ишенүү керек?
Общество: ИО «24.kg»

 КР Үй-бүлѳлүк кодекси менен никеге туруунун минималдуу курагы 18 жаш деп коюлган7. Никеге туруу үчүн 17 жашка чыга эле адамды уурдоо үчүн жети жыл алты айдан баштап 10 жылга чейин эркинен ажыратуу аркылуу жазаланат (КР КК, 175-берене). 17 жаштан кичүү адамды никеге турууга мажбурлоо 2 жыл алты айдан баштап 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат (КР КК, 176-берене)8.

Сѳздүк

Ко́декс, -1. Юр. Укуктардын кайсы бир тармагына тиешелүү болгон мыйзамдардын системалаштырылган топтому. Жарандык кодекс.
2. Кыйыр мааниде; бир нерсе же кандай. Жүрүм-турум, адаттардын, ишенимдердин эрежелеринин топтому. Антон Чехов нравалык кодексттин эң мыкты карманган адамы, анын чарчабаган аткаруучусу болгон. Залыгин, Адабияттык кам кѳрүүлѳр. Орус тилинин сѳздүгү.

Тең ѳнѳктѳштүк мамилелер - бул кызматташтык же тең шарттарда мамлекеттик жана коомдук турмушта биргелешкен катышуу. Гендердик терминдердин сѳздүгү.

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү