Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Аялуу социалдык топтор


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • «аялуу социалдык топтор» категориясынын маанисин жакшыраак түшүнѳсүңѳр;
  • ѳзүңѳрдүн кесиптик ишмердүүлүгүңѳрдѳ жана жашоодо «аялуу социалдык топтор» категориясынын ѳкүлдѳрүнѳ (аял, эркек) толеранттуу болосуңар;
  • «аялуу социалдык топтор» категориясынын ѳкүлдѳрүнѳ (аял, эркек) окуучуларда эмпатиянын пайда болушуна түрткү болосуңар.


 Аялуу социалдык топтор – стигматизацияны башынан өткөрүп жаткан калктын бир тобу же коомчулуктун бир бөлүгү, башка топторго салыштырмалуу анын басмырлоого, зомбулукка, табият жана техногендик катастрофалардын кесепеттерине кабылуу тобокелчилиги жогору.

 Салттуу түрдө аялуу топторго:

  • балдар,
  • аялдар,
  • кары адамдар,
  • азчылыктын өкүлдөрү,
  • майып адамдар,
  • кирешеси төмөн адамдар,
  • ж.б. кирет

 Аялуу топторду аныктоо кырдаалдан кѳз каранды болот.


Сѳздүк

Техногендик – адамдардын техникалык жана технологиялык ишмердүүлүгү менен байланыштуу.
Булак: Экологиялык сѳздүк, 2001-ж.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү