Сексизм
Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:
- гендердик иденттүүлүк же жынысы боюнча адамды басмырлоо, жаңылыш кѳз карашты айырмалай аласыңар;
- кепте «сексизм» түшүнүгүн туура пайдалана аласынар;
- берилген маалыматта, адамдардын жүрүм-турумунда сексизмдин ар кандай түрүн тааный аласыңар;
- ѳзүңѳрдүн кесиптик ишмердүүлүгүңѳрдѳ окуучуларда башка жыныстагы же гендердик иденттүүлүктѳгү адамдарга жаңылыш кѳз караштагы мамилени калыптандырууга бѳгѳт кое аласыңар.
П. Глик жана С. Фиске боюнча сексизмдин үч түрү3
«Кастык» сексизм | «Достук» сексизм |
---|---|
«Аял – адамдын душманы. Ал дайыма кѳп сүйлѳйт, ыйлайт, боёнот, араб шейхи жана айфон тууралуу кыялданат. Аялдын логикасы – логиканын жоктугу. Аялдардын футболу – алсыз кѳрүнүш, теннистеги аялдар жок дегенде кыска юбкачан чуркашат». | «Алсыз жана назик айымдарды 8-март менен куттуктайбыз жана жѳн гана аялдык бакыт каалайбыз – сүйгѳнүбүз жаныбызда жүргѳнү гана керек. Биз бүгүн силер үчүн идиш-аякты жууйбуз, силердин назик колдоруңар келечектеги балдарыңардын денеси сыяктуу назик бойдон калышсын». |
«Достук сексизмдин логикасы коргоо үчүн болсо дагы дайыма эркиндикти чектѳѳгѳ алып келет» - деп «Феминист аялдар түшүндүрѳт» долбоордун катышуучусу Марина Васильева айтат.
«Мындай жүрүм-турум аял – сымбаттуу гүл: ѳз алдынча жашоосун башкара албайт, ошондуктан аны коргоо керек деген стереотипке алып келет. Ушунун натыйжасынан биз тыюу салынган кесиптердин тизмесин алабыз. Бул логикага ылайык, анда аял күйѳѳсү жок жашай албайт же шайлай албайт, же таптакыр эле туугандардын коштоосу жок эшикке чыга албайт дегенди билдирет – деп түшүндүрѳт Марина. – Бирок бул укуктарды чектѳѳ эмес, коркунучтан сактоо катары сунушталынат. Анткени ѳз алдынча пальто кийе албаган же эшикти ача албаган адам кантип чечим кабыл ала алат, иштейт жана коллективди жетектейт?»
Марина ѳзүнүн досунун ата-энелери кыздарга эшикти ачып берүүсүн, анткени «алар алсыз жана ѳзүлѳрү эшикти ача алышпайт» жана анткени «алар келечектеги апалар» -деп үйрѳткѳнү тууралуу эскерет. Анын оюу боюнча, эшикти кармап же башкага пальтосун кийгизүүгѳ (бул жыныстан же гендерден кѳз каранды эмес), чындыгында, башка адам ушуга муктаж учурда гана жардам берсе болот.
Кошумча маалымат
Сѳздүккѳ
Амбиваленттүүлүк (лат. тилинен ambo — экѳѳ жана va-lentia — күч) — сезимдердин,
башынан ѳткѳрүүнүн эки жактуулугу, бир эле объект адамда бир эле мезгилде эки карама-каршы
сезимдерди пайда кылат, мисалы, канааттануу жана канааттанбоо, сүйүү жана жек кѳрүү, жагуу жана
жакпоону.
Булак: Философиялык энциклопедиялык сѳздүк. —
М.: Советская энциклопедия. Гл. редакция: Л. Ф. Ильичёв, П. Н. Федосеев, С. М. Ковалёв, В. Г.
Панов. 1983.
Корреляция жүргүзүү [нем. korrelieren < лат. — см. корреляция]. атайын. дал келүү,
бир нерсе менен ѳз ара байланышта болуу. Күндүн активдүүлүгү күчѳшү менен
жүрѳк оорууларынын санынын кѳбѳйүшү корреляция жүргүзүлѳт.
Булак: Крысинанын сѳздүгү
Жалган кѳз караш: «жаңылыш кѳз карашка негизделген, кимдир бирѳѳнүн каалаган оюу
болгон бир нерсенин маңызы менен таанышканга чейин алдын ала пайда болгон нерсе». Мисалы, жалган
ой, жалган кѳз караш, жалган чечим, ой жүгүртүү. Жалган ой деген сѳз сын атооч боюнча сапатты
билдиргенден башка (жалган ой, чечим) дагы маанини билдирет: «жаңылыш кѳз караш, кимдир бирѳѳгѳ
жаңылыш мамиле кылуу». Мисалы, жаңылбастан туура сотто..
Булак: В. В. Виноградов. Сѳздѳрдүн тарыхы, 2010
Китепканага
- Окуу-методикалык комплекстерге басмырлоого каршы жана гендердик экспертиза жүргүзүүнүн усулдугу
- Е. А. Комарова. Мета-анализ понятия сексистских установок и их видов.
- Е.Р. Агадуллина Сексизм по отношению к женщинам: адаптация шкалы амбивалентного сексизма (п. Глика и с. Фиск) // Психология. Журнал Высшей школы экономики, 2018г.
- Гендердик теңдик жана мектеп билим берүүдѳгү басмырлоого жол бербѳѳ
- Мактаб таълимида гендер тенглик ва камситмаслик