Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

8-кѳрсѳткүч. Басмырлоо жана теңсиздик


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • «Басмырлоо жана теңсиздик» 8-кѳрсѳткүчтүн кѳз карашында окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштоосун баалай аласыңар;
  • «Басмырлоо жана теңсиздик» 8-кѳрсѳткүчтү эске алуу менен окуу материалын жана анын визуалдык коштоосун тандай аласыңар;
  • гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ баалуулуктарын карманууну окуучуларда калыптандыруу үчүн окуу жана башка маалыматта бул кѳрсѳткүчтѳрдүн бузулушуна кѳңүл бурасыңар.

 Бул кѳрсѳткүч талдоо үчүн ѳзүнѳ тѳмѳнкү суроолорду жана аспектилерди камтыйт:

  • ылайыктуу комментарийсиз (мисал катары эмес, текстте пайдаланган) ар түрдүү азчылык топторунун же расалык, этникалык, социалдык топторунун дарегине жек кѳрүү тилин же сылык эмес белгилерди пайдалануу
  • расалык, этникалык, социалдык топторунун же ар түрдүү азчылык топторунун дарегине сылык эмес белгилерди пайдалануу
  • географиялык деңгээлде (ѳлкѳнүн аймактар ортосунда, глобалдык аймакта) структуралык теңсиздикти баяндоо же эскертүү
  • ички миграция суроолорун баяндоо же эскертүү жана анын структуралык теңсиздик кѳйгѳйлѳрү менен байланышы
  • тышкы миграция суроолорун баяндоо же эскертүү жана анын структуралык теңсиздик кѳйгѳйлѳрү менен байланышы
  • структуралык теңсиздик жана институционалдык зордук-зомбулук кѳйгѳйү
  • структуралык теңсиздик жана гендердик зордук-зомбулук кѳйгѳйү



Сѳздүккѳ

Виктимизация (лат. victima – жабрылануучу) – адамды кылмыштуу кол салуунун жабырлануучусуна айлантуу процесси, ошондой эле бул процесстин жекече дагы, массалык дагы иретте жүргѳн натыйжасы.
Булак: Чоң юридикалык сѳздүк. — М.: Инфра М. А. Я. Сухарев, В. Е. Крутских, А.Я. Сухарева. 2003-ж.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү