Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

9-кѳрсѳткүч. Согуштар, чыр-чатактар жана массалык зордук-зомбулуктар


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • «Согуштар, чыр-чатактар жана массалык зордук-зомбулуктар» 9-кѳрсѳткүчтүн кѳз карашында окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштоосун баалай аласыңар;
  • «Согуштар, чыр-чатактар жана массалык зордук-зомбулуктар» 9-кѳрсѳткүчтү эске алуу менен окуу материалын жана анын визуалдык коштоосун тандай аласыңар;
  • гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ баалуулуктарын карманууну окуучуларда калыптандыруу үчүн окуу жана башка маалыматта бул кѳрсѳткүчтѳрдүн бузулушуна кѳңүл бурасыңар.

 Бул кѳрсѳткүч талдоо үчүн ѳзүнѳ тѳмѳнкү суроолорду жана аспектилерди камтыйт:

  • Маданият, саясат жана экономика тармагында ѳнүгүү менен байланышта чыр-чатактардын жана согуштардын баяндалышы
  • Согуштар жана чыр-чатактарды баяндоонун максаттуулугу
  • Чыр-чатактарга бардык тартылган тараптардын ролу



Сѳздүккѳ

Чыр-чатак (лат. conflictus - кагылышуу). Социологияда класстардын, социалдык топтордун, индивидумдар ортосундагы карама-каршы идеологиялардын, кѳз караштардын, максаттардын, кызыкчылыктардын кагылышуусу.
Булак: Философиялык энциклопедиялык сѳздүк. – М., 2010-ж.

Чыр-чатак. Карама-каршы кубулуштар же кагылышуулар жашоонун бир бѳлүгү, ѳзгѳрүүлѳрдүн булагы катары кѳрсѳтүлүшү мүмкүн, ал кѳңүл койгон мамилени жана ишти талап кылат. Ошондой эле айырмачылыктар – бул жѳн гана бѳлүнүү себеби эмес, биригүү, кооперация мүмкүнчүлүгү, кѳп түрдүүлүк -бул ресурс экендигин кѳрсѳтүү маанилүү.
Булак: «Басмырлоого жол бербѳѳ жана гендердик экспертиза жүргүзүү методологиясы боюнча окуу-методикалык комплекси» колдонмосу- Бишкек, 2019-ж.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү