Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • Туруктуу ѳнүгүүнүн 4-максаты: Бардыгын камтыган, адилеттүү сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн колдоо - эмне билдирерин түшүндүрүп бере аласыңар;
  • Туруктуу ѳнүгүүнүн 5-максаты: Гендердик теңдикти камсыз кылуу жана бардык кыздардын, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүнүн жана укуктарынын кеңейиши - эмне билдирерин түшүндүрүп бере аласыңар;
  • билим берүү жана гендердик теңдик тармагындагы туруктуу ѳнүгүүнүн Максаты жана 2012-2010-жылдарга карата Кыргыз Республикасында билим берүүнү ѳнүктүрүү Стратегиясы ортосундагы байланышты түшүнѳ аласыңар;
  • билим берүү тармагында ѳздүк максат коюуда туруктуу ѳнүгүүнүн Максатын жана 2012-2010-жылдарга карата билим берүүнү ѳнүктүрүү Стратегиясын жетекчиликке алууга үйрѳнѳсүңѳр.

 2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун мамлекет-катышуучулары 2030-жылга чейин туруктуу ѳнүгүү тармагында күн Тартибин кабыл алышты. Ал бардыгы үчүн бакубатчылыкты камсыздоо жана планетанын ресурстарын сактоого, жакырчылыкты жок кылууга багытталган бир катар максаттарды камтыйт. Ар бир 17 Максат 15 жылдын ичинде жетишиш керек болгон бир катар кѳрсѳткүчтѳрдү камтыйт.Туруктуу ѳнүгүү тармагында Максаттарга жетишүү үчүн ѳкмѳттѳрдүн, жеке сектордун, жарандык коомдун жана Жер шаарынын тургундарынын биргелешкен аракети керек1. Кыргыз Республикасы, БУУнун мүчѳсү болуу менен, 2030-жылга чейинки туруктуу ѳнүгүү Максаттарына жетишүү боюнча Декларацияга кол койгон.

1-сүрѳт. Туруктуу ѳнүгүү тармагындагы максаттар
  • 2030-жылга бардык кыздар жана эркек балдар окутуунун керектүү жана натыйжалуу жыйынтыгына жетүүсүнѳ мүмкүнчүлүк берген акысыз, тең укуктуу жана сапаттуу башталгыч жана орто билим алуусун камсыздоо.
  • 2030-жылга бардык кыздар жана балдар башталгыч билим алууга даяр болушу үчүн кенже курактагы балдар мектепке чейинки окутууга жана өнүгүү, камкордукка алынуунун сапаттуу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
  • 2030-жылга бардык аялдар жана эркектерге кымбат эмес, сапаттуу кесиптик-техникалык жана жогорку, анын ичинде Университеттик билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
  • 2030-жылга ишке орношуу, татыктуу ишке орношуу жана ишкердик ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн керектүү көндүмдөргө ээ, ошондой эле кесиптик-техникалык көндүмдөргө ээ жаш жана чоң адамдардын санын кескин көбөйтүү.
  • 2030-жылга билим берүү тармагындагы гендердик теңсиздикти жоюу жана калктын аялуу катмарына, анын ичинде майыптар, жергиликтүү элдин өкүлдөрү, аялуу абалда болгон балдар үчүн билим алууга, бардык деңгээлдеги кесиптик-техникалык даярдыкка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
  • 2030-жылга бардык жаш адамдар жана чоң адамдардын орчундуу бөлүгү, аялдар да, эркектер да окуганды жазганды, эсептегенди билүүсүн камсыздоо.
  • 2030-жылга бардык окуучулар туруктуу өнүгүүгө колдоо көрсөтүү үчүн, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана туруктуу жашоо образы, адам укуктары, Гендердик теӊдик, дүйнөнүн маданиятын жана зомбулуксуздукту үгүттөө, дүйнөнүн жарандыгы жана маданий ар түрдүүлүк баалуулуктарын жана маданияттын туруктуу өнүгүүгѳ салымын аңдап-түшүнүү суроолору боюнча окутуу аркылуу керектүү билим жана кѳндүмдѳргѳ ээ болуусун камсыздоо.
  • 2030-жылга балдардын кызыкчылыктарын, майыптардын өзгөчө керектөөлөрүн жана гендердик аспектилерди эске алуу менен окуу имараттарын куруу жана жакшыртуу, бардыгы үчүн окутуунун коопсуз, зомбулуктан, социалдык тоскоолдуктардан эркин, натыйжалуу чөйрөсүн түзүүнү камсыздоо.
  • 2020-жылга өнүккөн өлкөлөрдө жана башка ѳнүгүп келе жаткан ѳлкѳлѳрдѳ жогорку билим алуу үчүн, анын ичинде кесиптик-техникалык, маалымат-коммуникациялык технологиялар, техникалык, инженердик жана илимий программалар боюнча дүйнө жүзүндө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өзгөчө аз өнүккөн өлкөлөргө, кичинекей арал мамлекеттерге, африка өлкөлөрүнө берилүүчү стипендиялардын санын көбөйтүү.
  • 2030-жылга ѳнүгүп келе жаткан ѳлкѳлѳрдѳ, ѳзгѳчѳ азыраак ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ жана кичи аралдардагы ѳнүккѳн мамлекеттерде мугалимдерди даярдоодо эл аралык кызматташуу аркылуу квалификациялуу мугалимдердин санын кѳбѳйтүү.
2-сүрѳт. Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Ѳнүгүүнүн максаттарынын гендердик милдеттери
  • Бардык кыздар жана аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын бардык жерлерде жоюу.
  • Адамдарды сатуу, эксплуатациянын сексуалдык жана башка түрлөрүн камтуу менен жеке жана коомдук тармакта бардык кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык формаларын жоюу.
  • Балалык, эрте жана зордоп нике куруу, аялдардын жыныс органдарына майыптыкка алып келүүчү операциялар сыяктуу практиканын бардык зыяндуу түрүн жок кылуу.
  • Карап-багуу, үй тиричилигин жүргүзүү сыяктуу акы төлөнбөгөн эмгекти баалоо жана таануу, коммуналдык кызмат көрсөтүү, инфраструктура жана социалдык камсыздандыруу системасын сунуштоо аркылуу улуттук шартты эске алуу менен үй чарбачылыгын жүргүзүүдөгү жалпы жоопкерчиликтин принциптерин колдоо.
  • Саясий, экономикалык жана коомдук турмушта бардык деңгээлде чечимдерди кабыл алууда лидерлик кылууга аялдардын ар тараптуу жана реалдуу катышуусун камсыздоо.
  • Калктын саны жана өнүгүүсү боюнча Эл аралык конференциянын иш-аракет Программасына ылайык, аракеттердин Пекин платформасы, аларды аткаруунун жүрүшүн кароо боюнча конференциялардын жыйынтыктоочу документтерине ылайык сексуалдык жана репродуктивдүү ден-соолукту сактоо тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
  • Аялдарга экономикалык ресурстарга, жер жана менчиктин башка түрлөрүнө ээ болууга, каржылык кызмат көрсөтүүлөргө, улуттук мыйзамдарга ылайык жаратылыш ресурстарына жана мурастык мүлктөргө ээ болууга бирдей укук берүү үчүн реформаларды жүргүзүү.
  • Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү үчүн жогорку натыйжалуу технологияларды, маалымат-коммуникациялык технологияларды жигердүү пайдалануу.
  • Бардык деңгээлдерде бардык аялдар жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү жана Гендердик теӊдик колдоо максатында сѳзсүз аткаруу үчүн мыйзамдарды жана акыл-эстүү стратегияларды кабыл алуу жана ѳркүндѳтүү.
Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынан

 Кыргыз Республикасындагы 2012-2020-жылга карата Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясы (андан ары ББӨС – 2020) өлкөнү өнүктүрүү максаттарына жана мүдѳѳгѳ негизделет, мындан тышкары «Миң жылдыктын өнүгүүсү» жана «Бардыгы үчүн билим берүү» глобалдык программалардын максаттарына жетүүгө багытталган.

 ББӨС 2020 Кыргызстандагы билим берүү секторуна тышкы каржылык жардамды эске алуу менен иштелип чыккан, Париж декларациясын2 жана Аккр аракеттеринин3 күн тартибиндеги принциптерди сактоого негизделет, аларга ылайык донордук колдоолордун бардык түрлѳрү адам укуктарын сактоого кѳмѳктѳшүүнү, аял-эркектердин бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоону эске алуу менен берилет.

 2020-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн азыркы деңгээлине ылайык билим берүү сапатынын орчундуу жогорулашы, окутуунун жеткиликтүүлүгү, сапаттуу билим берүүгѳ тең жеткиликтүүлүк камсыздалат.

 ББӨС 2020 ишке ашыруусу төмөнкүдөй жарандарды даярдай турган билим берүү системасын камсыз кылат:

  1. кѳрүнгѳн коммуникативдик көндүмдөргө ээ болгон;
  2. көз карандысыз аракеттенүүгѳ, өзүнүн пикирин ачык айтууга, чыгармачылык жана инновациялык мамилелерди колдонууга жѳндѳмдүү;
  3. адам укуктары жана эркиндиги, гендердик теңдик баалуулуктарын бөлүшө алган, маданий, этникалык жана саясий ар түрдүүлүктү урматтаган;
  4. турмушта жана эмгек рыногунда ийгиликтүү болууга мүмкүндүк берген жалпы жана атайын билим, көндүмдөргө ээ болгон.

 2020-жылдагы билим берүү системасы Кыргызстандын социалдык жана саясий өнүгүүсүн алдыга жылдыруучу башкы курал болуп калат жана аймактык, эл аралык процесстерде атаандаштыкка жөндөмдүү болушун камсыздайт.

  1. Мектепке чейинки курактагы кѳпчүлүк балдарды өнүгүү жана окутуу программаларына камтуу.
  2. Курагы, жынысына, этникалык, диний ынанымы, жашаган жери, акыл жана физикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык макамы ж.б. карабастан ар биринин сапаттуу негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга жеткиликтүүлүк.
  3. Орто мектептердин профилдик жогорку тепкичине өтүү (10 жана 11-класстар) жана негизги жалпы билим алып жаткан ар бир окуучу үчүн адистешүү тармагындагы тандоо мүмкүнчүлүгү.
  4. Заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык, калктын ѳзүнүн керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын канааттандырууда суроо-талаптарына ылайык эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүү.
  5. Өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу үчүн шарттарды түзүү.
  6. Билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү процессине жигердүү катышуусу.
  7. Окуй билүүгө үйрөнүү; белгисиз кырдаалда багыт ала билүү, маалыматты талдоонун негизинде чечим кабыл алуу; коммуникативдик жөндөмдөр; аналитикалык көндүмдөр жана сынчыл ойломду калыптандырууга багытталган окутууда компетенттүүлүк мамилени киргизүү.
  8. Жогорку окуу жайында билим алуу менен жумушту айкалыштырууга мүмкүндүк берүүчү студенттердин ийкемдүүлүгүн жана мобилдүүлүгүн камсыз кылуучу окутуунун кредиттик системасына өтүү.
  9. Көп тилдүү билим берүү чөйрөсүнө маданий жана тил көп түрдүүлүгүн, толеранттуулукту сактоо.
  10. Билим берүү секторун көп каналдуу каржылоону, каржы ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн колдоо.
  11. Жыйноо жана талдоо технологияларына негизделген билим берүү секторун башкаруу жана стратегиялык пландаштыруу системасын түзүү.
  1. (…) Билим берүү системасынын натыйжалуулугунун башкы чен-өлчөмү болуп, алдында турган чакырыктарга ылайыктуу жооп берүүгѳ жѳндѳмдүү, өлкөнүн экономикалык, социомаданий жана саясий керектөөсүнө ылайык компетентүүлүктөргө ээ болгон бүтүрүүчү эсептелет.
  2. (…) Билим берүү системасы ар бир окуучуга, студентке негизги, атайын компетентүүлүктөрдү сунуштайт, алар өзүнүн өнүгүүсүнүн белгилүү этабында ийгиликтүү коммуникативдик, кесиптик жана башка аракеттерди ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
  3. (…) Жалпы билим берүүчү мектептин бүтүрүүчүлѳрү негизги (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик жана көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүктѳрү), ошондой эле билим алууну улантуу, эмгек рыногуна чыгууга жетиштүү предметтик компетенттүүлүктөрүнө ээ болууга милдеттүү.
  4. (…) Билим берүү адамды аныксыздыктын бийик даражасы абалындагы жашоого даярдоого тийиш. Бул жобо үзгүлтүксүз билим берүү жана билим ала турган коомчулуктун методологиялык негизги концепциясы болуп саналат, ал адамдын формалдуу жана бейформал деңгээлде билим берүү системасына кѳп жолу кайрылып келишине, жаңы көйгөйлөргө, чакырыктарга кездешкен учурлардан улам шарттарды камсыздоого багытталган.

 (…) Артыкчылыктарга басым жасоо: ББӨС 2020 билим берүү секторундагы реформалардын алкагында бардык демилгелерди камтууга аракеттенбейт, ал билим берүү системасынын бардык деңгээлдериндеги үч тепчип өтүүчү артыкчылыкты көтөрүп чыгат:

  • билим берүүнү башкаруу;
  • билим берүүнү каржылоо;
  • билим берүү системасын баалоо жана мониторинг.

 Заманбап билим берүү системасын максималдуу жөнгө салган жана алсыз отчеттуулук болгон система катары баяндаса болот. ББӨС 2020 башка мамилени киргизет – катаал мониторинг жана натыйжага баа берүүдѳ процессти минималдуу жөнгө салуу.

 Социалдык адилеттик: ББӨС 2020 мамлекеттик каржылоонун чектелген шарттарында билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги жарандардын аялуу топторун социалдык колдоо системасын өзгөртүүнү көздөйт, ал жалпы эмес, даректүү мүнөздө болушу керек.

 2020-жылы билим берүү системасында тѳмѳнкүдѳй жаңылыктар пайда болот:

  1. мектепке чейинки уюмдарга барбаган балдар үчүн мектеп алдындагы даярдыкты киргизүү;
  2. ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектептерди сактоо менен билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде инклюзивдүү билим берүүнү интеграциялоо;
  3. 10-11-класстарда профилдик окутуу;
  4. кесиптик билим берүүнүн көп деңгээлдүү даярдоо программаларын киргизүү.

 Мектеп билим берүүсүнүн актуалдуу көйгөйлөрүнүн арасынан төмөнкүлѳрдү бөлүп көрсөтүү зарыл:

  1. Статистикага ылайык, Кыргызстандагы билим берүүдѳгү чыгымдардын абдан көбөйүшү, мурдагыдай эле, билим берүү уюмдарынын мектеп китепканаларын, окуу, компьютердик жабдууларын, билим берүү технологияларын, инфраструктураларын жаңыртуу үчүн чыгымдар кѳбѳйгѳн жок.
  2. Билим берүүнүн мамлекеттик каржылоосунун жалпы ѳсүүсүнѳ карабастан, бир окуучуга кеткен чыгымдар заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн жетишсиз бойдон калууда.
  3. Окуу программаларынын жүктѳмдүүлүгүнѳн улам зарыл окуу компетенттүүлүктөрдүн жетишсиздиги менен байланыштуу окуучулардын жетишүүсү төмөн.
  4. Географиялык жайгашуусуна, окутуу тилине жараша билим берүүнүн натыйжаларындагы ачык теңсиздик, бул окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин натыйжаларына таасирин тийгизүүдө.
  5. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасынын начардыгы.
  6. Кадрлардын жетишсиздиги, орто мектептин мугалимдеринин квалификация жана айлык акыларынын төмөндүгү.
  7. Мектепке барбаган балдарды билим алууга тартуу кѳйгѳйү, ааламдашуунун талаптарына ылайык - окуу китептери, жабдуу, Интернет ж.б. билим берүү чөйрөсүн түзүү көйгөйү да орун алган.
  1. Стандарттарга ылайык жалпы билим берүүчү уюмдар тармагынын иштөөсүн колдоо.
  2. Компетенттүү мамилени эске алуу менен билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо.
  3. Окутууда жекече мамилени алдыга жылдыруу.
  4. Инклюзивдик билим берүүнү сунуштоо.
  5. Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо.
  6. Билим берүү процессинин натыйжаларына диагностика жана көзөмөл.
  7. Көп маданияттуу, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү камсыздоо.
  8. Мектептерде маалымат-коммуникациялык технологиялар (МКТ) инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү (жабдуу, кызмат кѳрсѳтүүдѳн тартып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга чейин). «100 инновациялык Интерактивдүү мектеп – жыл сайын» инфраструктуралык долбоору.
  9. Окуучулардын жетишкендиктеринин деңгээлин ырааттуу түрдө жакшыртып жаткан мугалимдерди жана мектептерди шыктандыруу жана колдоо көрсөтүү.
  10. Жалпы билим берүүчү уюмдардын ишин ѳркүндѳтүүгѳ кызыктар ар кандай коомдук топтордун катышуусун киргизүү жана өнүктүрүү механизмдери.
  11. Жалпы билим берүүчү уюмдардын тармагын оптимизациялоо, имараттарды инвентаризациялоо, имараттарды жана жайларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү.
  12. Мектептердин каржылоо системасын реформалоо.
  13. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо.
  14. Ар бир педагогдун ишине баа берүү системасын киргизүү.
  15. Мугалимдин айлык акысынын структурасын реформалоо.
Сѳздүк

Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы – бул билим берүү секторунун ѳнүгүүсүнүн максат, милдеттерин жана багыттарын аныктаган бирдиктүү консолидацияланган документ. Стратегия орто жана узак мѳѳнѳттүү перспективага тармактын ѳнүгүүсүнүн узгүлтүксүздүгүн жана туруктуулугун камсыз кылат. Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы билим берүү системасынын ѳнүгүүсүн жана иштешин камсыз кылган билим берүү саясатынын уюштуруучулук негизи катары түзүлгѳн. Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын негизги максаты болуп сунушталган билим берүү кызматтарынын сапаттарын жогорулатуу үчүн ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жолдорун билим берүү системасын туруктуу ѳнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү эсептелинет.
Толугураак: Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы

Туруктуу ѳнүгүү учурдагы муундун керектѳѳлѳрүнѳ келечектектеги муундун ѳздүк керектѳѳлѳрүн канааттандыруу мүмкүнчүлүктѳрү үчүн тоскоол болбоого жооп бербеген ѳнүгүү катары аныкталат. Туруктуу ѳнүгүү адамдар жана планета үчүн жашоого жѳндѳмдүү, туруктуу, инклюзивдүү келечекти түзүү боюнча макулдашылган аракеттерди алдын алат.
Толугураак: Туруктуу ѳнүгүү тармагы үчүн күн тартиби.

Туруктуу ѳнүгүү тармагындагы максаттар жана алар менен байланышкан милдеттер мүнѳзү боюнча глобалдуу жана колдонууда универсалдуу болуп эсептелет жана ошол эле учурда ѳнүгүү деңгээлдериндеги дараметтин ар түрдүү улуттук шарттарын жана улуттук стратегияларды жана артыкчылыктарды эске алат. Алар ѳз ара байланышта болгондуктан, аларга жетишүү аракеттери комплексттүү мүнѳздѳ болушу зарыл.

Туруктуу ѳнүгүү максаттары бардык кызыктар тараптардын жана адамдардын ойлорун эске алган процесстин катышуусуна негизделген үч жылдык транспаренттүү (ачык) процесстин натыйжасы. Алар туруктуу ѳнүгүүнүн артыкчылыктарына карата 193 мамлекет-мүчѳлѳрү ортосунда болуп кѳрбѳгѳндѳй макулдашуу жана дүйнѳ жүзүндѳгү жарандык коомдун, ишкер чѳйрѳнүн ѳкүлдѳрүнүн, парламентарийлер жана башка субъекттердин колдоосун алуусу жѳнүндѳ күбѳлѳндүрѳт.
Толугураак: Туруктуу ѳнүгүү тармагы үчүн күн тартиби.

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү