Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

7-кѳрсѳткүч. Аялуу топтун репрезентациясы


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • «Аялуу топтун репрезентациясы» 7-кѳрсѳткүчтүн кѳз карашында окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштоосун баалай аласыңар;
  • «Аялуу топтун репрезентациясы» 7-кѳрсѳткүчтү эске алуу менен окуу материалын жана анын визуалдык коштоосун тандай аласыңар;
  • гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ баалуулуктарын карманууну окуучуларда калыптандыруу үчүн окуу жана башка маалыматта бул кѳрсѳткүчтѳрдүн бузулушуна кѳңүл бурасыңар.

 Бул кѳрсѳткүч талдоо үчүн ѳзүнѳ тѳмѳнкү суроолорду жана аспектилерди камтыйт:

  • Майып адамдар
  • Курактык иерархиялар
  • Улгайган адамдар
  • Балдар