Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Теңдик, адилеттүүлүк, теңсиздик


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • «теңдикке укук», «бирдей кайрылуу», «социалдык адилеттүүлүк» түшүнүктѳрүнүн маанисин жакшы түшүнѳсүңѳр;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ структуралык теңсиздиктин, теңдикке укуктун бузулушун тааный аласыңар;
  • билим берүү аркылуу окуучулардын мүмкүнчүлүктѳрүн теңдѳѳгѳ, ошону менен социалдык чыңалууну азайтууга түрткү бересиңер.

 Теӊдикке укук – бул бардык адамдардын наркынын тең укуктуулугу, сый-урмат жана кылдат мамилеге укугу, башкалар менен тең катар жарандык ишмердүүлүккѳ же экономикалык, социалдык, саясий же маданий турмушка катышуу укугу. Мыйзам алдында бардык адамдар тең, бардыгы мыйзам тарабынан корголууга, жардам алууга тең укуктуу.
 Бирдей мамиле теңдиктин аспекти катары иденттүү кайрылууга эквивалент боло албайт. Адамдар менен толук жана натыйжалуу теңчиликке жетүү үчүн алардын ар кандай шарттарына жараша ар кандай мамиле жасоо, алардын бирдей баалуулулугун ырастоо, коомдун турмушуна катышуусундагы теңдигин бекемдөө.
 Теңдикке укук натыйжалуу болуш үчүн позитивдүү аракеттерди талап кылат. Позитивдүү аракет – мурда калыптанып калган жагымсыз абалды жок кылуу жана теӊдикке карай айрым топтордун алдыга жылуусу үчүн бир катар мыйзамдык, административдик жана практикалык чаралар, теӊдикке болгон укуктун курамдык бөлүгү.
 Социалдык адилеттик, теңдик түшүнүгү адамдын өзүнө көз карандысыз туулган жери, жынысы, расасы, эникалык, диний жана башка факторлоруна байланыштуу турмуштук кырдаалдардын жана шарттардын көп түрдүүлүгүн камтыйт, мамлекетттин жана социалдык институттардын жардамы менен коомдук ресурстарды кайрадан бөлүштүрүүнү талап кыла алат.
 Структуралык теңсиздик – обьективдүү мүнөздөгү (тарыхый калыптанып калган шарттар, салттуу турмуш образы, географиялык обочолонуу ж.б.) себептер менен шартталган социалдык топтордун ортосундагы теңсиздик. Мисалы, билим берүү, саламаттыгын сактоо жана бийлик тармактарында аз кирешеси бар адамдар азыраак мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ. Структуралык теңсиздик социалдык чыңалууну кѳбѳйтѳт.
 Билим берүүнүн маанилүү милдеттери - кээ бир институттар жана структуралар белгилеген чек аралардан ѳтүү үчүн шарттарды түзүү. Билим берүү аркылуу окуучулардын мүмкүнчүлүктѳрүн теңдѳѳ структуралык теңсиздикти азайтуунун эң башкы дарамети жана ушул кѳз караштан тарбиялоонун жана индивиддин ѳнүгүүсүнүн маанилүү компоненти болуп эсептелет.