Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Гендердик теңдикке жана социалдык айырмачылыктарга мамиле


Бул теманы окуп-үйрѳнүнүн жыйынтыгында силер:

  • гендердик жана социалдык теңдик суроолорунун ѳнүгүү тарыхын аңдап-түшүнѳсүңѳр;
  • биринчи феминист аялдар жана суфржист аялдар эмне үчүн күрѳшкѳнүн түшүндүрѳ аласыңар;
  • юридикалык жана фактылык теңдикти айырмалай аласыңар;
  • фактылык теңдикке жетишүү жолунда тоскоолдуктарды жана барьерлерди атай аласыңар;
  • заманбап коомдо аялдардын социалдык ролуна карата ѳзгѳрүүлѳрдү баалай аласыңар;
  • гендердик ролдорду чыгаруунун себептерин жана анын коомдогу аялдардын фактылык абалына таасирин тереңирээк түшүнүүгѳ жетишесиңер.


 Эл аралык деңгээлде адегенде кулчулук тууралуу Конвенция (мамлекеттер кул сатуунун алдын алуу, жок кылуу боюнча макулдашышкан) 1926-жылы кабыл алынган, ага ылайык мамлекеттер кул сатууну алдын алууга жана басууга келишим түзүшкѳн. Ал эми аялдардын саясий укуктары тууралуу Конвенция араң 1954-жылы кабыл алынганы кызыктуу.

Аялдардын укугун камсыз кылган Конвенциялар

  • Никедеги аялдын жарандыгы4 жөнүндө Конвенция
  • Никеге турууга макулдук, нике курагы, никени каттоо жөнүндө Конвенция5
  • Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенция6
  • Энеликти коргоо Конвенциясы (2000-жылы кайра каралган)7

 БУУнун Генералдык катчысы Антониу Гутерриштин сөзүнө караганда, бир катар өлкөлөрдө күчтөнүп бараткан улуттук жана популисттик кыймылдар гендердик теӊдик байланыштуу кырдаалды тереңдетип жиберишүүдө. Оксфамдын (Oxfam) акыркы изилдөөлөрүнө ылайык дүйнөдөн гендердик теңсиздикти жок кылууга 170 жыл кетет8 - деп ал кошумчалады.

ЗАМАНБАП АЯЛДАРДЫН САЯСАТТА ЖАНА БИЗНЕСТЕГИ РОЛУ


 Гендердик теңдикти аныктоо үчүн орчундуу ролду юридикалык жана факты жүзүндөгү теңдикдин, старттык мүмкүнчүлүктөрдүн/социалдык-экономикалык позициянын теңдиги жана натыйжалардын теңдиги түшүнүктөрүнүн айкалышы ойнойт.

 Юридикалык теңдик мыйзам алдында субъектилердин теңдигин болжолдойт, алардын субъективдүү укуктарынын ишке ашуусунун теңдик юридикалык каражатын, коргоодогу жана юридикалык жоопкерчиликтеги теңдигин бекемдейт. Бул формалдуу мүнөздө болот, анткени жөндөмдүүлүктөрү, физикалык, социалдык мүмкүнчүлүктөрү, үй-бүлөлүк абалы боюнча субьектилер ортосундагы факты жүзүндөгү теңдикти камсыз кылбайт.
 Теңдик аялдар менен эркектер өздөрүнүн ниеттерине, каалоолоруна карап социалдык ролдорду жана натыйжаларды тандоо эркиндигин болжолдойт. Гендердик теңдик айырмачылыкка болгон теңдикти камтыйт.
 Социо-маданий ченемдер, салттар, паттерндер, стереотиптер факты жүзүндөгү теңдикке жетүү жолундагы олуттуу тоскоолдуктар жана бөгөттөр болуп калат. Коом тарабынан жазылган жүрүм-турумдун модели жеке каалоо, керектөөлөр, кызыгуулар эмес, көрсөтүлгөн ченемдерди жетекчиликке алууну талап кылат.
 Кыздар үчүн кесип жана алектенүү тармагын тандоо аялдардын милдети жѳнүндѳ салттуу түшүнүгү менен шартталган, анда аялдын милдети «кам кѳрүү экономикасында» сервистик функцияны аткаруу, ушуга ылайык кызмат кѳрсѳтүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын тандоо.
 Ал эми АКШда табигый илимдер, технология, техникалык чыгармачылык жана математика тармагында экономикалык жигердүү калктын 24%ын аялдар түзөт(9, 'SIAR компаниясынын изилдѳѳсүнѳн', 'http://siar-consult.com/news/bolee-poloviny-naseleniya-schitayut-chto-v-kyrgyzskoj-respublike-net-uslovij-dlya-razvitiya-zhenskogo-predprinimatelstva/').
 Кыргызстанда кесиптик, илимий, техникалык ишмердүүлүктѳ болгону 0,3%ы жалданып иштебейт.

 Төмөндө (2-сүрөттө) биз ыйгарылган гендердик ролдор коомдогу аялдардын реалдуу абалына кандай таасирин тийгизе тургандыгын көрөбүз.

2-сүрөт. Гендердик ролдордун жаралышындагы айлампа
Сөздүккө

Анто́ниу Мануэ́л де Оливе́йра Гуте́рриш, же Гуте́рреш — португалиялык мамлекеттик ишмер, 2017-жылдын 1-январынан баштап БУУнун Генералдык секретары. Португалиянын Социалисттик партиясынын Генералдык секретары, Португалиянын премьер-министри, Социалисттик интернационалдын тѳрагасы, качкындардын иштери боюнча БУУнун жогорку комиссары
Булак: 24.kg

О́ксфам, ачка болгондорго жардам берүү Оксфо́рд комите́ти. Оксфорд [Oxford I] шаарындагы борбору менен кайрымдуулук уюму; ар түрдүү ѳлкѳлѳрдѳ табигый кырсыктардан жапаа тарткандарга жана ачка болгондорго жардам кѳрсѳтүү менен алектенет. (Oxford Famine Relief).

Паттерн – модель, үлгү (мисалы, далил менен жүрүм-турум үлгүсү, ал кѳчүрѳлѳт же моделдештирилет, башкача айтканда ал ѳзү кайсы бир башка жүрүм-турумду тууроонун жыйынтыгы болуп эсептелет).

Популистик (популизм сѳзүнѳн). Кѳптѳгѳн адамдарга кайрылган жана аларга курч социалдык кѳйгѳйлѳрдү жеңил жана тез чечүүгѳ убада берген саясат.
Булак: Ожеговдун сѳздүгү. С.И. Ожегов, Н.Ю. Шведова. 1949,1992жж.

Суфражизм (англ. тилинен suffrage — добуш, шайлануу укугу) — 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында Англияда пайда болгон шайлоо укугун аялдарга берүүгѳ аялдардын кыймылы.Англиялык феминист аялдардан улам бул термин феминизмдин саясий багытынын аныктамасы катары тарыхка кирген.
Булак: Шевченко, З. В. (Уклад.). (2016). Словник ґендерних термінів/Словарь гендерных терминов. Черкаси: видавець Чабаненко Ю.

Феминизм — бул кубулушту жок дегенде эки тараптан караса болот. Биринчиден, бул аялдардын теңдик үчүн күрѳшүүсү менен байланышкан саясий кыймыл. Экинчиден, феминизм – бул интеллектуалдык кыймыл, маңызы боюнча философиялык багыт, ал классикалык саясий феминизмге караганда ѳзүнүн мазмуну жана далили (аргументациясы) боюнча кѳбүрѳѳк кѳп түрдүү.
Булак: Что такое феминизм? К Мартынов: сайт «ПостНаука»

Кам кѳрүү экономикасы – бул экономикалык система, анда адамдар жѳнүндѳ кам кѳрүү бийик баалуулук болуп эсептелет.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү