Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Азчылык


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • «азчылык», «маргиналдуу инсан» сыяктуу түшүнүктѳрдү түшүндүрѳ аласыңар;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ азчылыкка карата басмырлоо кѳрүнүштѳрүн кѳбүрѳѳк сезе аласыңар;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ азчылыкка карата басмырлоо кѳрүнүштѳрүн жана аларды жоюуну алдын алууга түрткү боло аласыңар.



 «Дүйнѳнүн бардык аймактарында азчылык олуттуу коркутуулар, басмырлоолор жана расизм менен кездешүүсү уланууда жана алар жашаган коомдордо жана ѳлкѳлѳрдѳ кѳпчүлүккѳ жеткиликтүү экономикалык, саясий жана маданий жашоого толук кандуу катышуудан кѳпчүлүк учурда алыс болушат.

 Наванетхем Пиллэй, адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссары (Адамдык укуктары Күнүнѳ байланыштуу кайрылуу, 10-декабрь 2009-ж.)




Сѳздүккѳ

Маргина́л - 1) Эки чѳйрѳнүн чек арасында болгон; 2) белгилүү социалдык катмар, топтон сырткары ѳзүнүн абалы боюнча кабылган адам (маргиналдуу инсан, маргинал). Кѳпчүлүгүндѳ чыккан адамга карата терс баа берүү менен колдонулат, ошондой эле позитивдүү мааниде - ишмердүүлүктүн калыптанган принциптерин, стереотиптерин чыгармачыл жойгон адамдарга карата айтылат.
Булак: Валерий Цечоев, Алла Швандерова. Обществознание. – М,: Прометей, 2017г.

Пандемикалык (грек тилинен pan - бардыгы, demos - эл) бардык элге тиешелүү.
Булак: Орус тилинин курамын кирген чет тилдиги сѳздѳрдүн сѳздүгү Чудинов А.Н., 1910-ж.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү