Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Билим берүүнүн мазмуну жана билим берүүчү натыйжалар


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • билим берүүчүлүк натыйжалар кантип билим берүүнүн мазмуну менен байланышта экендигин түшүнѳсүңѳр;
  • үч таанып-билүү, баалуулук-эмоционалдуу жана практикалык деңгээлде билим берүүчү натыйжаларды аныктай аласыңар;
  • пландаштырылган билим берүү натыйжаларына ылайык окутуунун методдорун тандоону ишке ашырасыңар.

  Башка компетенттүүлүктөр сыяктуу гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагындагы негизги компетенттүүлүктѳр үч деңгээлде каралат: таанып-билүү, баалуулук-эмоционалдык жана практикалык. Бирок бул компетенттүүлүктөр башка билгичтиктер жана көндүмдөргө караганда индивиддин коомдогу келечектеги жүрүм-туруму менен тыгыз байланышкан. Так мына ушул компетенттүүлүктөргө адеп-ахлактык ынанымдар, толеранттуулуктун деңгээли чыр-чатактуу кырдаалга ылайыктуу стратегияны тандап ала билүү байланыштуу. Мына ушул кѳз караштардан төмөндө ар бир деңгээл каралат.

 Таанып-билүү деңгээли:

 Бул деңгээлде дүйнөнүн картинасын аныктоочу жана ар тараптуу кабыл алууну, ийкемдүү, сынчыл ой жүгүртүүнү камсыздоочу категориялардын жыйындысы ѳзѳктүү ролду ойнойт. Кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу талдоосуз жарандык жигердүүлүктү, маданият аралык коммуникацияны, же чыр-чатак учурундагы зарыл жүрүм-турум стратегиясын тандоодо кандайдыр бир коммуникативдик жана башка практикалык көндүмдөрдү колдонуу мүмкүн эмес.

 Билим берүүнүн мазмуну жана билим берүүчү натыйжалар дүйнѳ үчүн билим берүү тармагында кѳптѳгѳн компетенттүүлүктѳрдѳн турган таанып билүүчүлүк менен байланышта. Ушуга байланыштуу бул деңгээлдин эки аспектисин бѳлүп кѳрсѳтсѳ болот: түшүнүктүк-концептуалдуу (окуу процессинде пайдаланылган терминдер, түшүнүктѳр, талдоонун категориялары) жана процессуалдуу (логикалык операциялар, талдоо ыкмалары, сынчыл кѳндүмдѳр).


 Окуу материалдарын түшүндүрүүдѳ пайдаланылган түшүнүктѳр жана терминдер бир эле убакта эки абдан маанилүү функцияларды аткарышат..
 Биринчи функция белгилүү коомдук феномендерди (алардын кабыл алуусун кадимкидей жана «нормалдуу» кылышат) мыйзамдаштырат жана «нормалдаштырат».
 Экинчи функция тѳмѳнкүдѳн турат, кандайдыр бир процесстерди баяндалган негизги категориялардан түшүндүрүү ыкмалары жана ар түрдүү кубулуштардын талдоосу келип чыгат.
 Мына ушинтип, талдоонун кѳнүмүш категорияларынын топтому түзүлѳт, алар окуучулардын окуяларга же кубулуштарга ар түрдүү кѳз караштарды сунуштоого жана кандайдыр бир фактыларды сын кѳз караш менен кароого мүмкүнчүлүктѳрүн чектейт. Кээ бир категорияларды дайыма пайдалануу аркылуу окуучулардын дүйнѳсүнүн аныкталган сүрѳтү нормалдаштырылат. Согуш жана чыр-чатак сыяктуу категориялар аркылуу мисалы, зордук-зомбулук нормалдаштырылат, ал эми ѳз ара аракеттенүү аркылуу - кызматташтык жана кѳмѳктѳшүү нормалдаштырылат.
 Материалды сунуштоонун логикасы дагы окуучулардын сынчыл талдоосунун мүмкүнчүлүктѳрүн кыскарышына таасир этет. Мисалы, эгер белгилүү кубулуштар тарыхый контексттен сырткары дайыма эле ушундай болгондой берилсе, бул курчаган реалдуулуктун негизги касиети катары ѳнүгүү жана ѳзгѳргүчтүктүн кабыл алуусун татаалдантат.

 Ѳзгѳчѳ маанилүү ролду бул аспект гендердик ролдорду кѳрсѳтүүдѳ ойнойт, алар убакыттын ѳтүшү менен, тарыхый мезгилге, саясий, экономикалык жана саясий кырдаалга жараша олутуу ѳзгѳрүлгѳн.

 Ошол эле учурда кѳпчүлүк процесстерде ар түрдүү коомду, маданиятты жана тарыхый перспективаны жакындаштырган универсалдуу учурларды белгилѳѳ зарыл. Мына ошондуктан материалдарды баяндоо үчүн кѳпчүлүк түшүнүктѳрдүн кѳп ченемдүүлүгү, тарыхыйлуулугу жана так эместиги гана маанилүү болбостон алардын жалпылыгы жана кайталануучулугу маанилүү.

 Окуу материалдардын белгилүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн бѳлүп кѳрсѳтсѳ болот, алар сынчыл кѳндүмдѳрдүн жана дүйнѳнүн ийкемдүү сүрѳтүнүн ѳнүгүүсүн чектѳѳдѳ роль ойношу мүмкүн, ал ѳзгѳрүп турган кырдаалга ылайык кайра баа берүүгѳ жана кайрадан карап чыгууга алып келиши керек.

 Мындай ѳзгѳчѳлүктѳргѳ тѳмѳнкүлѳрдү киргизсе болот:

 Айырмачылык, карама-каршылык же чыр-чатак кѳбүнчѳ негативдүү жана деструктивдүү катары каралат. Ошол эле учурда карама-каршылыктуу кубулуштар же кездешүүлѳр жашоонун бир бѳлүгү ѳзгѳрүүнүн булагы катары кѳрсѳтүлѳт, ал кунт коюу мамилесин жана ишти талап кылат. Ошондой эле айырмачылык-бул жѳн гана бѳлүштүрүүнүн себеби эмес, ал биригүү, кооперация мүмкүнчүлүгү, кѳп түрдүүлүк-бул ресурс экендигин кѳрсѳтүү маанилүү.
 Карама-каршылык же кагылышуу бинардык логиканын алкагында гана сунушталган, эки биримдиктүү тараптары менен чыр-чатак биполярдуу (эки тараптуу) болуп кѳрүнѳт.
 Адатта, кандайдыр бир чыр-чатакты кѳп катмардуу: этника аралык, класстык, социалдык ж.б. ошондой эле кызыкчылыктардын тобу жана кѳп тараптарды кѳрсѳтүү менен ар түрдүү карама-каршылыктардан турган катары элестетсе болот. Бул учурда чыр-чатак кѳп поляруу жана кѳп субъектүү катары каралат..
 Тигил же бул түшүнүк же кубулуш тарыхтан тышкары, түбѳлүктүү жана ѳзгѳрүлбѳгѳн, универсалдуу катары кѳрсѳтүлѳт. Дайыма ушуга байланыштуу кээ бир коомдук жана маданий феномендер «жаратылыштык», табигый, биологиялык шартталган (мисалы, улут, этнос, гендердик ролдор ж.б.) катары түшүндүрүлѳт. Сынчыл ой жүгүртүүнүн ѳнүгүүсү үчүн окуялар жана кубулуштар тарыхый жана маданий контексттен кѳз каранды, дайыма ѳзгѳрүүчү жана жаңы социалдык-экономикалык шарттарга ылайыкташылган катары каралганы маанилүү.
 Айырмачылыктар иерархия системасында:: кандайдыр бир нерсе прогрессивдүү катары, ал эми кандайдыр бир нерсе артта калгандай, бир нерсе моралдуу, ал эми бир нерсе кабыл алынбаган, бир нерсе нормативдүү, ал эми башка нерсе «нормалдуу эмес» катары каралат.

 Баалуулук-эмоционалдык деңгээл:

 Бул деңгээлде:

  • кѳп түрдүүлүктүн жана теңдиктин баалуулугу;
  • башка Адамды кабыл алуу;
  • ѳзүнүн эмоцияларын башкаруу жана таануу кѳндүмдѳрү;
  • жаңыга жана тааныш эместикке ачык мамиле калыптанат.

 Ушул компетенциялардын өнүгүүсү үчүнчү – бар болуу билгичтиги жана төртүнчү – бирге жашай билүү билгичтиги менен тыгыз байланышта. Башка адам кемсинтилип, кордолуп, адилетсиздикке туш болуп жаткан кырдаалга сезимтал болуу. Ушул өңдүү кырдаалдар ар бир адамга тиешелүү болушу мүмкүн, ушундай татаалдыктарды эркек балдар жана кыздар, улгайган адамдар, майып адамдар, этникалык азчылыктын өкүлдөрү, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар башынан ѳткѳрүшү мүмкүн.

 Ушул компетенциялардын ѳнүгүүсү:

  • окуу процессинде интерактивдүү методдорду пайдаланууну,
  • активдүү класстан тышкаркы ишти
  • мектеп турмушун жана чөйрөсүнүн ылайыктуу уюштурулушун талап кылат.

 Окуу материалдарда маалыматты сунуштоо жана жазуу дагы дүйнѳ үчүн билим берүү тармагында компетенттүүлүктѳрдү ѳнүктүрүүнүн баалуулук-эмоционалдык деңгээли менен тыгыз байланышта. Бул деңгээл кѳп даражада субъективдүү тажрыйбанын эсебинен, окуучулардын сезиминен калыптанат жана ошондуктан түз зордук-зомбулуктан жана анын репрезентациясынан орчундуу кѳз каранды.

 Кѳптѳгѳн окуу материалдарында түз зордук-зомбулук баяндоо жана иллюстрациялоо формасында кездешет. Ушул эмоционалдык маанилүү тексттик же визуалдык материалдар менен кездешип, окуучулар зордук-зомбулук фактыларына белгилүү мамилени калыптандырышат. Бир жагынан, бул мамиле негативдүү болушу мүмкүн, бирок башка тарабынан-эгер мындай баяндоолор абдан кѳп болсо, алардын кѳпчүлүгүндѳ зордук-зомбулукта альтернатива жок жана ал карама-каршылыктарды чечүүнүн дайыма колдонулуучу же ылайыктуу ыкмасы деген ой түзүлүшү мүмкүн.


 Ушуга байланыштуу кѳңүлдү окуу материалдарында түз зордук-зомбулук кантип кѳрсѳтүлгѳн тѳмѳнкү аспекттерге буруу керек:

 Эмоционалдуу негативдүү тажрыйба жана анын артынан келген мүмкүн болгон пикирлер (кээде туура эмес) ортосундагы белгилүү аралыкты түзүү үчүн эмоционалдуу маанилүү материалдарды аналитикалык комментарийлер менен коштоо керек;
 Баяндоо же иллюстрацияларды, кѳйгѳйлѳрдү же чыр-чатактарды зордук-зомбулук менен чечүүгѳ болбостугун жана жоготуу мүнѳзүндѳгү кѳз караштарды окуучулар менен талкуулоо керек. Зордук-зомбулуктун натыйжасы жалпы адамзаттык баалуулуктар кѳз карашында каралышы керек. Окуялардын катышуучулары кагылышуунун «бирдиктүү» жана «бѳлүнбѳгѳн» тараптары катары кѳрбѳшү керек-бардык топтун ичинде тигил же бул топтун (этникалык, улуттук же социалдык) зордук-зомбулукка камтылышы тоталдуу болуп кѳрүнбѳшү үчүн ар түрдүү идеология, умтулуу жана активдүүлүгү менен күчтѳрдү бѳлүп кѳрсѳтүү керек.
 Чыр-чатактарды, согуштарды жана кагылышууларды баяндоо сунушталып жаткан маалыматтын жалпы санында үстѳмдүк кылбашы керек, анткени зордук-зомбулук жѳнүндѳ (негативдүү маалымат дагы) дайыма эскертүү зордук-зомбулукту кѳйгѳйлѳрдү чечүүнүн дайыма кездешүүчү жана ылайыктуу ыкмасы катар «нормалдаштырат»

 Практикалык деңгээл:

 Бул деңгээл бардыгынан мурда ар кандай чөйрөдө натыйжалуу социалдык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана өзүн алып жүрүү билгичтиги менен байланышкан.

 Практикалык деңгээлде:

  • толеранттуу мамиле, жүрүм-турум;
  • маданият аралык коммуникация;
  • сүйлөшүүнү жүргүзө билүү жана чыр-чатактарды чече билүү көндүмдөрү калыптанат.

 Мына ушунтип, бир адамдын башка адамга карата адилетсиз мамилесин байкоо менен эле чектелбестен (кыз же майып адам), чыр-чатактын андан ары күчөп кетүүсүнө жол бербей, башканы кемсинтпей, ыза болгон адамды коргой билүү зарыл.


Сѳздүккѳ

Биполярный сын атооч. Эки уюлга ээ (адатта тынчтык иреттүүлүгүнүн түзүлүшү, дүйнѳлүк система жѳнүндѳ).
Булак: Ефремованын сѳздүгү. Т. Ф. Ефремова. 2000г.

Тоталдык (китеп.) Жалпы, бардыгын камтыган. Тоталдык согуш (каршылашты жана ѳлкѳнүн тынчтык калкын жана каршылашты массалык жок кылуу үчүн бардык каражаттарын пайдаланган согуш).
Булак: С.И. Ожеговдун орус тил сѳздүгү, - М, 1984-ж.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү