Гендердик теңдик жана социалдык камтылууну алдыга жылдыруу үчүн негизги компетенттүүлүктѳр
Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:
- гендердик теңдик жана социалдык камтылуу тармагында негизги компетенттүүлүктѳр жѳнүндѳ ѳзүңѳрдүн билимиңерди жана түшүнүгүңѳрдү системага келтиресиңер;
- негизги компетенттүүлүктѳр кайсы билигчтик жана кѳндүмдѳрдүн тобуна кире тургандыгын түшүндүрѳ аласыңар;
- негизги компетенттүүлүктѳрдү окуу ишмердүүлүгү менен дал келтиресиңер;
- гендердик теңдик жана социалдык камтылуу тармагында негизги компетенттүүлүктѳрдү жашоодо жетекчиликке аласыңар.
Белгилей кете турган нерсе, мурдагы жылдары салттуу педагогикада кабыл алынган сабактын максаты: билим берүүчү, тарбия берүүчү жана өнүктүрүүчү милдеттер коюлуп келген. Мындан тышкары, мектептерде класстан тышкаркы иш-чаралардын алкагында активдүү тарбиялоо иштери жүргүзүлчү. Азыркы учурда ушул сыяктуу ишмердүүлүктѳр көп мектептерде олуттуу түрдө кыскарды, көптөгөн мугалимдер тарбия берүү, окутуу милдеттеринин үстүнѳн ѳзүнүн ишин жакшыртууга жардам берген так баалуулук багыттарынын жоктугун белгилешет.
Мына ушинтип, заманбап билим берүүчүлүк стандарттар, окуу китептери жана окуу материалдары ушул боштукту адам укуктары, гендердик теңдик, басмырлоого жол бербөө жана социалдык камтылуу баалуулуктарын активдүү алдыга жылдыруу аркылуу толтурушу керек. Ал үчүн гендердик теңдик жана социалдык камтылууну алдыга жылдыруу үчүн маанилүү негизги компетенттүүлүктѳр иштелип чыккан.
Гендердик теңдик жана социалдык камтылууну алдыга жылдыруу үчүн базалык негизги компетенттүүлүктөр
1.2. Этномаданий көп түрдүүлүктөгү социалдык факторлордун башкы жана негизги ролун түшүнүү жана түшүндүрүү;
1.3. Гендердик роль эмне экендигин билүү жана гендердик ролдордун калыптанышындагы социалдык жана экономикалык факторлордун маанисин бѳлүп кѳрсѳтүү;
1.4. Майыптуулуктун медициналык жана социалдык моделин айырмалоо, жеке жана коомдук өнүгүү үчүн чөйрөнүн маанисин түшүнүү жана түшүндүрүү;
2.2. Азыркы мамлекеттердин, улуттардын жана этномаданий топтордун тарыхый мүнөзүн түшүнүү жана түшүндүрүү;
2.3. Этникалык жана улуттук азчылык түшүнүгү жөнүндө түшүнүккө ээ болуу;
3.2. Глобалдык, аймактык жана локалдык деңгээлде түзүлүштүк теңсиздиктин калыптанышындагы тарыхый шарттын ролун талдай билүү;
3.3. Айрым топтордун стигматизациясын камтуу менен, аялуу топтордун калыптанышындагы социалдык факторлордун табиятын түшүнүү;
3.4. Басмырлоо үчүн аялуу социалдык топторду бөлүп көрсөтүү, талдай билүү;
3.5. Майып адамдар үчүн бакубаттуулукка теңсиз жетишүүдөгү теңсиз социалдык чөйрөнү бөлүп көрсөтүү жана талдай билүү;
4.2. Сексисттик маанайда сүйлөө жана жүрүм-турум формаларын бөлүп көрсөтүү жана талдай билүү;
4.3. Этникалык, расалык, диний жана гендердик стереотиптер деген эмне экендигин билүү жана түшүнүү;
4.4. Ар кандай этномаданий, социалдык, диний жана башка топтордун өкүлдөрүнүн дарегине айтылган стереотиптүү сөздөрдү бөлүп көрсөтүү жана талдай билүү;
4.5. Адамдын жеке/ѳздүк мүнөздөмөсүнүн топторго салыштырмалуу артыкчылыгын таануу, адамдарга жана социалдык кубулуштарга өзүнүн жеке мамилесин сынчыл талдай алуу жана баалай билүү;
5.2. Сүйлөп жаткан учурда (күнүмдүк турмушта жана ММКлардагы кастык тилин камтуу менен бирге), ошондой эле жүрүм-турум жана мамилелер формасында басмырлоону бөлүп көрсөтө билүү;
5.3. Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербөө баалуулуктарын таануу;
5.4. Турмуштун бардык тармактарында адам укуктары, көп түрдүүлүк, социалдык инклюзия, гендердик теңдик, диний толеранттуулук жана басмырлоого жол бербөө ченемдерин жана баалуулуктарын сүрөөнгө алуучу жүрүм-турумду иш жүзүндө көрсөтүү.
Сунушталган бардык компетенттүүлүктөр тепчип өтүүчү мүнөзгө ээ жана бардык мектеп предметтерин үйрөнүүдө, ошондой эле класстан тышкаркы жана окуудан тышкаркы ишмердүүлүктѳ тиги же бул абалда калыптанышы керек.
Бул негизги компетенттүүлүктѳрдү бир сабактын же класстан тышкаркы иш чаранын деңгээлинде, билимдердин, кѳндүмдѳрдүн же алар калыптандырууга багыт алган баалуулуктардын ѳзгѳчѳлүктѳрүн кѳрсѳтүү менен конкреттештирүү зарыл.
Сѳздүккѳ
Тепчип ѳтүү - бардык предметтерге, бардык ишмердүүлүккѳ таралган.
Булак: Д.И. Ушаковдун орус
тил сѳздүгү