Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Билим берүүнүн жаңы парадигмасына ЮНЕСКОнун мамилеси


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • жаңы муундун жашоосу үчүн чечкиндүү мааниге ээ тенденцияларды жана көйгөйлөрдү атай аласынар;
  • билим берүү саясатын калыптандыруу үчүн ЮНЕСКОнун билим берүү боюнча Комиссиянын жетекчиси Жак Делор жасаган «Билим берүү: зарыл утопия» аттуу атактуу докладынын маанисин түшүндүрө аласыңар;
  • билим берүүнүн реформаларына багыт алуу жана аларды «таанып-билүүгѳ үйрөнүү», «жасаганга үйрөнүү», «болууга үйрѳнүү», «бирге жашаганга үйрөнүү» төрт өзөктүү принциптерге ылайык баалай аласыңар.


Миң жылдыктын кесилишиндеги негизги чакырыктар

 Экономикалык өсүү адамдардын бакубаттуулугун жогорулатат. Бирок ал өнүгүүдөгү теңсиздик көйгөйлөрүн чече албайт, материалдык байлык менен теңдиктин, адам укуктарын урматтоо жана ысырапкорчулук менен ченемсиз пайдаланып жаткан жаратылыш ресурстарын үнөмдөө тактикасынын келишүүсү оор.
 Аягында, кансыз согуштун аякташы, Берлин дубалынын кыйрашы көптөгөн өлкөлөр, адамдардын бири-бирине болгон ишенимдерин калыбына келтирди. Бирок, бул жалпы боордоштукка жана гармонияга эле алып келбестен, жаңы чыр-чатактарды жана көңүл калууларды жаратты. Чыңалуу эч жакка кеткен жок. Ал этникалык топтордун дагы жана социалдык топтордун дагы ортосунда, бай батыш өлкөлөрүнүн жана андан жакырыраак өлкөлөрдүн ортосунда дагы бар.
 Тоталитаризм жана өздүк бийлик үстөмдүк кылган көп территорияларды басып алуу менен демократия орчундуу алдыга чыккандыгына карабастан, алар он жылдап расмий бар болгон жерлерде дегредациянын тенденциясы орун алат. Ар дайым жаңы нерсени ойлоп табуу, жаңылануу, кайрадан баштоо керек.
 Бул көйгөйлөрдү чакыруу катары кабыл алуу – бүткүл дүйнөнүн интеллектуалдарынын парзы. Албетте, билим берүүдөгү саясат мына ушул сыяктуу фундаменталдуу суроолордон четте калбайт. Ал төгөрөгү төп келишкен дүйнөнү курууга, адам өнүгүүсүнүн туруктуулугуна, элдердин өз ара түшүнүүсүнө, демократиянын күнүмдүк турмуштун жаңылануусуна кызмат кылууга арналган.


Билим берүүнүн ѳзѳктүү төрт принциби

 Ѳмүр боюга созулган билим берүү ѳзѳктүү төрт принципке негизделет:

 Дисциплиналардын чектелген санында тереңдетип иштөө мүмкүнчүлүгү менен жеткиликтүү жалпы маданиятты айкалыштырып таанып-билүүгѳ үйрөнүү. Бул үзгүлтүксүз билим берүү сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн үйрөнө билүүнү билдирет.

 Кесиптик квалификация алуу үчүн эле эмес, компетентүүлүктүн дагы кенен маанисинде, ар түрдүү, көптөгөн кырдаалдардан жол таба билүү, топто иштей билүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуш үчүн жасаганды үйрөнүү. Ошондой эле кыздар жана уландар туш болгон жергиликтүү, же улуттук контекстте капысынан же билим берүүнүн алмашкан баскычтарынын ѳнүгүүсүнѳ жараша формалдуу ар кандай социалдык жана өндүрүштүк шарттардын чегинде иштегенге үйрөнүү зарыл.
 Плюрализм, өз ара түшүнүшүү, тынчтык баалуулуктарын урматтоо шартында чыр-чатактарды жөнгө салууга даяр болуу жана жалпы долбоорлорду ишке ашыруу менен, башканы түшүнүү жана өз ара кѳз карандылыкты сезүүнү тарбиялоо менен бирге жашаганга үйрѳнүү.
 Жеке инсандыгынын өсүшүнѳ колдоо көрсөтүү, ой-пикирдеги көз карандысыздыкты, өз алдынчалуулукту, жеке жоопкерчиликти көрсөтүү менен аракеттенүү абалда болуу үчүн жашаганга үйрөнүү. Бул үчүн билим берүү тармагында ар бир индивидуумдун дараметтик мүмкүнчүлүктөрүн четке какпоо зарыл: эс тутум, ойлонууга жөндөмдүүлүк, эстетикалык сезимдер, физикалык мүмкүнчүлүктөр, коммуникацияга жөндөмдүү болуу.

 Ошол эле учурда билим берүүнүн формалдуу системалары окутуунун башка формаларына тоскоолдук кылуу менен билимге жеткиликтүүлүккѳ негизги көңүл бурууга умтулушат, билим берүүнү бүтүндүк катары кароо зарыл. Билим берүүгө карата ушундай көз караштар, ал окуу программаларын иштеп чыгууда, же педагогика тармагында жаңы саясатты иштеп чыгууда болбосун келечекте ушул тармакта реформаларга багыт, дем бериши керек.

1 схема. Билим берүүнүн ѳзѳктүү төрт принциби
Сөздүккө

ЮНЕСКО ЮНЕСКО (United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) – Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият суроолору боюнча мекемеси, ал аталган тармактарда эл аралык кызматташуунун жардамы менен тынчтыкты орнотууга умтулат. ЮНЕСКОнун программалары 2015-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган 2030-жылга чейинки мезгилдик аралыкта туруктуу ѳнүгүү тармагынын Күн тартибинде аныкталган туруктуу ѳнүгүүнүн Максаттарына жетишүүгѳ түрткү болот.
Толугураак: ЮНЕСКОнун сайты

Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО
1994-жылы Алматыда ЮНЕСКОнун Бюросу ачылган, ал тѳрт ѳлкѳдѳ иштейт: Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Ѳзбекстан. Ар бир ѳлкѳдѳгү ишмердүүлүк ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиялар жана ѳзүнүн компетенттүүлүгү тармагындагы ѳнѳктѳштѳрдүн торчосу аркылуу ишке ашырылат.
Толугураак: «Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы» сайты

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү