Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

3-кѳрсѳткүч. Үй-бүлѳлүк ролдорду жана милдеттерди бѳлүштүрүү


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • «Үй-бүлѳлүк ролдорду жана милдеттерди бѳлүштүрүү» 3-кѳрсѳткүчтүн кѳз карашында окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштооосун баалай аласыңар;
  • «Үй-бүлѳлүк ролдорду жана милдеттерди бѳлүштүрүү» 3-кѳрсѳткүчтү эске алуу менен окуу материалды жана анын визуалдык коштооосун тандай аласыңар;
  • үй-бүлѳдѳгү басмырлоого жол бербѳѳ жана гендердик теңдик баалуулуктарын кармануусун окуучуларда калыптандыруу үчүн окуу жана башка маалыматтарда бул кѳрсѳткүчтүн бузулушуна кѳнүл бурасыӊар.

 Бул кѳрсѳткүч тексттерде жана иллюстрациялык материалдарда тѳмѳнкү үй-бүлѳлүк ролдорду жана милдеттерди бѳлүштүрүүсүн чагылдыруунун талдоосу үчүн пайдаланылат:

  • Табышкер \ кѳз каранды
  • Апасы \ атасы
  • Балдардын тарбиясы
  • Балдарды кароо
  • Үй-бүлѳнүн башка мүчѳлѳрүн кароо
  • Үй эмгегин аткаруу (тамак жасоо, жыйноо, кир жуу, үтүктѳѳ, оңдоо, жаныбарларды кароо, отунду даярдоо, тамак-ашты, сууну алып келүү ж.б., огороддо иштѳѳ, тиричилик техникаларын пайдалануу жана оңдоо)
  • Үй-бүлѳдѳгү макам (үй-бүлѳ башчысы, чечимдерди кабыл алууга катышуу, авторитет, тейлѳѳ ролдору ж.б.)



Сѳздүккѳ

Коннотация (лат. тилинен connotatio – кошумча маани) – түшүнүктүн, ой толгоонун негизги маанисине түрткү берген кошумча ѳзгѳчѳлүктѳрү.
Булак: Логика боюнча сѳздүк. — М.:Туманит, изд. центр ВЛАДОС. А.А.Ивин, А.Л.Никифоров, 1997г.

Эмансипация,(китеп.). кѳз карандылыктан, басмырлоодон, теңсиздиктен бошотуу. Аялдардын э. | сын атооч. эмансипациялык.
Булак: Ожегов жана Шведованын сѳздүгү

Китепканага

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү