Окуу материалдары жана гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ принциптери
Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:
- гендердик теңдик жана инклюзия тармагында окуу материалдардан жалпы талаптар жѳнүндѳ маалымат аласыңар;
- окуу материалдарына жалпы талаптар менен гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында билим берүү стандарттарын түзүүдѳгү мамилелер кантип байланышканын билесиңер;
- кесиптик ишмердүүлүктѳ гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуу материалдарга жалпы талаптарды жетекчиликке аласыңар.
Билим берүү тармагындагы адистер жана мугалимдер сабакка окуу материалдарын түзүүдѳ жана даярдоодо белгилүү талаптарды жана чен-ѳлчѳмдѳрдү жетекчиликке алышы керек. Эң алгач, окуучуларга сунушталган маалымат жана сабактарда анын талкуулоосу илимий мүнѳзгѳ ээ болуп жана социомаданий айырмачылыктар жѳнүндѳ заманбап билимдерди эске алышы керектигин эстен чыгарбоо зарыл.
Жалпысынан окуучуларга сунушталган маалыматта чагылдырылышы керек болгон 4 жалпы принципти бѳлүп кѳрсѳтүү керек:
Билим берүү стандарттарын тѳмѳнкү чен-ѳлчѳмдѳрдүн кѳз карашында талдоо керек:
- Билим берүүчү максаттар жана натыйжалар коомду сегменттерге бѳлүштүрүүгѳ эмес, коомдогу окуучулардын интеграциясына багытталышы керек;
- Стандарттар алып салуучу мүнѳзгѳ эмес, инклюзивдик мүнѳзгѳ ээ болушу керек;
- Билим берүүчү натыйжалар коомдук ѳз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктѳрүн чектебей, аларды кеңейтиши керек;
- Натыйжалар «туура» же «туура эмес» ойлордун бир маанисин жана катаал кѳз карашын карманбастан, жүрүм-турумдун ийкемдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүнү демилгелѳѳ мүмкүн болгондой формулировкаланышы керек.
Сѳздүккѳ
Интеграция (лат. integratio — кайра калыбына келтирүү, толтуруу, integer — толук),
бир бүтүнгѳ ар кандай бѳлүктѳрдү жана элементтерди бириктирүү менен байланышкан ѳнүгүү процессинин
тарабы.
Булак: Философиялык академиялык сѳздүк, - М., 1983-ж.