Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

4-кѳрсѳткүч. Социалдык ролдорду бѳлүштүрүү


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • «Социалдык ролдорду бѳлүштүрүү» 4-кѳрсѳткүчтүн кѳз карашында окуу материалдын мазмунуна жана анын визуалдык коштоосуна баа бересиңер;
  • «Социалдык ролдорду бѳлүштүрүү» 4-кѳрсѳткүчтү эске алуу менен окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштоосун тандайсыңар;
  • гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ баалуулуктарын карманууну окуучуларда калыптандыруу үчүн окуу жана башка маалыматта бул кѳрсѳткүчтѳрдүн бузулушуна кѳңүл бурасыңар.

 Бул кѳрсѳткүч тексттерде жана иллюстрациялык материалда тѳмѳнкү социалдык ролдордун бѳлүштүрүү чагылдырылышын талдоо үчүн пайдаланылат:

  • Лидер \ башканын командасы менен жүргѳн
  • Башчы \ баш ийүүчү
  • Кылмышкер \ жабырлануучу
  • Тартипсиз \ «түптүз жүргѳн»




Сѳздүккѳ

Жайыттык (пастораль деген сѳздѳн пасторалдуу). 14-18-кылымдагы европалык искусстводо: жаратылыштын четиндеги койчулардын бактылуу, тынч жашоосун кѳрсѳткѳн адабий же музыкалык чыгарма.
Булак: С.И. Ожегов, Н.Ю. Шведованын сѳздүгү, 1992-ж.

Социалдык роль - ушул социалдык позицияны ээлеген ар бир адамдан күтүлүүчү, коом тарабынан жактырылган жүрүм-турум образынын ченеми. Социалдык ролдор ушул коом үчүн типтүү, адам тарабынан анын социализация процессинде ѳздѳштүрүлѳт.
Булак: Социалдык-лингвистикалык терминдер сѳздүгү. М.:Россиялык илимдер академиясы. Тил таануу институту. Россиялык лингвистика илиминин академиясы. Жооптуу редактор: филология илимдеринин доктору В.Ю. Михальченко. 2006-ж.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү