Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

КРнын адам укуктары жана гендердик теңдик боюнча эл аралык жана улуттук милдеттенмелери


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • гендердик теңдик тармагында эл аралык ченемдерди жана принциптерди улуттук мыйзамдарда имплементациялоо боюнча багыт ала аласыңар;
  • эмне үчүн Кыргыз Республикасы гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармактарында эл аралык конвенцияларды карманат деген суроого жооп бере аласыңар;
  • ѳздүк кесиптик ишмердүүлүктү ишке ашырууда жана жашоодо гендердик теңдик тармагында улуттук мыйзамдарды жетекчиликке алууну үйрѳнѳсүңѳр.

 Кыргыз Республикасы 1991-жылы көз карандысыздыкка жана суверенитетке ээ болгондон кийин дүйнө коомчулугунун бөлүгү катары адам укуктары боюнча эл аралык 30 дай Келишимдерди жана Конвенцияларды ратификациялады, анын ичинде «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакт»1, «Маданий жана социалдык-экономикалык укуктар жөнүндө Эл аралык пакт»2 орун алган.

 Гендердик теңдик тармагында Кыргыз Республикасы 1996-жылы эл аралык ченемдерди жана принциптерди улуттук мыйзамдарда имплементациялоо боюнча юридикалык милдеттенме алган эл аралык Конвенцияны ратификациялаган.

 Гендердик теңдик тармагында эл аралык ченемдерди имплементациялоо боюнча ѳлкѳнүн юридикалык милдеттенме алган эл аралык Конвенциялары

  • «Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө»3,
  • «Аялдардын саясий укуктары жөнүндө»4,
  • «Никедеги аялдын жарандыгы жөнүндө»5,
  • «Никеге макулдук, нике курагы жана никени каттоо жөнүндө»6.

 Гендердик теңдикке жетишүү тармагында эл аралык келишимдин негизгиси болуу менен, «Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө» Конвенция (АКБЖК) катышуучу мамлекеттерге демократия процессин, адам укуктары жана гендердик теңдикти ишке ашыруудагы маңыздуу роль ойногон институционалдык, процессуалдык, маданий ченемдерди, структураларды түзүү боюнча юридикалык милдеттенмелерди алуусун көздөйт.

 Бул Конвенция (2-берене) катышуучу мамлекеттерди төмөнкүлөргө багыттайт:

  • улуттук конституцияга же башка ылайыктуу мыйзамдарга эркектер менен аялдардын тең укуктуулук принциптерин киргизүү жана бул принциптерди мыйзамдын жардамы менен иш жүзүнө ашуусун камсыздоо;
  • аялдарга карата басмырлоого тыюу салган санкцияларды камтуу менен мыйзамдуу жана башка чараларды кабыл алуу;
  • аялдарга карата басмырлоону кѳрсѳткѳн мыйзамдарды, үрп-адаттарды жана практиканы алып салуу же өзгөртүү үчүн мыйзамдуу чараларды кабыл алуу.


Сѳздүк

КОНВЕ́НЦИЯ, Кандайдыр бир атайын суроо боюнча мамлекеттер ортосунда келишим, макулдашуу. Темир жол конвенциясы. Конвенцияны түзүү. [Лат. тилинен conventio — келишим, макулдашуу]
Орус тил сѳздүгү.

РАТИФИКА́ЦИЯ, Ѳлкѳнүн жогорку мамлекеттик бийлик органы тарабынан, расмий ѳкүлү кол койгон эл аралык келишимди бекитүү.
[Франц. тилинен ratification лат. тилинен ratus — мыйзамдуу күчкѳ ээ жана facere — жасоо]
Орус тил сѳздүгү.

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү