Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Кѳп түрдүүлүк


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • «кѳп түрдүүлүк» түшүнүгүнүн маанисин түшүндүрѳ аласыңар;
  • кѳп түрдүүлүк белгилерин эске алуу менен кесиптик тармакта жана жашоодо тигил же бул кырдаалды талдайсыңар;
  • жашоодо кѳп түрдүүлүктүн ролунун маанилүүлүгүн түшүнүүнүн негизинде кесиптик ишмердүүлүктү ишке ашырасыӊар.

Люди. https://pixabay.com
Адамдар. https://pixabay.com

 Көп түрдүүлүк – гендердик, этномаданий, курак, социалдык-экономикалык, диний жана башка параметрлери менен айырмаланган коомдогу ар түрдүү топтордун болушу.


  1. Кѳп түрдүүлүк-бизди окшош жана ар түрдүү кылган бардык касиеттер (окшоштуктар дагы, айырмачылыктар дагы биздин иденттүүлүгүбүздүн бѳлүгү).
  2. Адам катары бири-бирибизден айырмаланганга караганда кѳбүрѳѳк окшошпуз (ар түрдүү адамдар ортосунда кѳпчүлүгүндѳ окшоштук бар жана окшош адамдардын ортосунда айырмачылыктар бар).
  3. Бирок айырмачылыктар мааниге ээ!


Сѳздүккѳ

Параметр (грек тилинен parametron - чара) -1) каралып жаткан маселенин чегинде туруктуу болуп турган маани, нарк, кѳрсѳткүч; 2) кандайдыр бир кубулуштун, процесстин, түзүлүштүн касиетин мүнѳздѳгѳн кѳрсѳткүч, нарк.
Булак: Кураков Л. П., Кураков В. Л., Кураков А. Л. Экономика и право: словарь-справочник. — М., 2004.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү