Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

6-кѳрсѳткүч. Этникалык топтордун репрезентациясы


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • «Этникалык топтордун репрезентациясы» 6-кѳрсѳткүчтүн кѳз карашында окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштоосун баалай аласыңар;
  • «Этникалык топтордун репрезентациясы» 6-кѳрсѳткүчтү эске алуу менен окуу материалын жана анын визуалдык коштоосун тандай аласыңар;
  • Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ баалуулуктарын карманууну окуучуларда калыптандыруу үчүн окуу жана башка маалыматта бул кѳрсѳткүчтѳрдүн бузулушуна кѳңүл бурасыңар.

 Бул кѳрсѳткүчтү талдоо тѳмѳнкү суроолорду жана аспектилерди камтыйт:

  • Бир этникалык топтун баяндалышы же үстѳмдүктүү эскертүү/ кѳп түрдүүлүк картинасы сунушталган
  • Каармандардын (реалдуу жана ойлоп тапкан), ал боюнча этникалык кѳпчүлүк/азчылыкка тиешелүүлүгүн аныктаса болот
  • Белгилүү топтун үстѳмдүгүнүн нормализациясы/теңдик сүрѳтүн кѳрсѳтүү
  • Маданий ѳзгѳчѳлүктѳрдү романтизациялоо жана экзотизациялоо


Сѳздүккѳ

Этникалык топ – этникалык коомчулуктун (эл, этнос) илимде эң кѳп таралган аталышы, ал башка коомчулук менен фундаменталдуу байланышта жайгашкан жана маданияттын элементтерин жана жалпы аталышын бѳлүшкѳн, этникалык жалпы ѳзүн түшүнүүгѳ ээ адамдардын тобу деп түшүндүрүлѳт
Булак: Этнологиялык терминдердин сѳздүгү. – М., 2012-ж.

Үстѳмдүк кылуу - синоним: үстѳмдүк, бийлик кылуу, башында туруу (кит.)
Антоним : баш ийүү
Булак: Орус тилинин синонимдери. – М., 2012-ж.

Экзотизация — бул ачык эмес, татаал жана ѳзгѳчѳлѳнгѳн бир нерсени түшүнүктүү, тааныш жана алдын ала билүүгѳ которуу ыкмасы.
Булак: Сосновская О., Борисенок А. «Мурунку Батыш жана Жаңы Чыгыш» / Кѳркѳм журнал.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү