Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Майыптуулук


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • майыптуулуктун медициналык жана социалдык моделдеринин маңызы кандай экендигин түшүндүрѳ аласыңар;
  • майыптуулуктун социалдык моделинин артыкчылыктарын белгилейсиңер;
  • майып адамдар кандай кѳйгѳйлѳр менен кездешкенин жакшы элестете аласыңар;
  • жашоодо жана кесиптик ишмердүүлүктѳ майып адамдарга карата басмырлоонун кѳрүнүштѳрүн жакшыраак сезе баштайсыңар.


 Майыптуулук – адамдын туруктуу физикалык, психикалык, же акылынан бузулуусу бар экендигин божомолдогон мыйзамдуу түрдѳ мамлекеттик орган тарабынан берилген социалдык-юридикалык макам1.


 Вин Ярд чоң эмес жергиликтүү коомчулуктун реалдуу тарыхы

 Вин Ярд чоң эмес жергиликтүү коомчулуктун реалдуу тарыхы боло алат. Коомчулук бир нече жүз жылдар боюу жеткиликтүү алыс аралда жашагандыктан, калктын арасында бийик пайызда кулагы укпаган адамдар орун алган. Бул ѳзгѳчѳлүк тукум куучулук мүнѳзгѳ ээ болгон, ал эми үй-бүлѳлүк мамилелешүү планында элдердин популяциясы обочолонгон.

 Мына ошентип, ар бир үй-бүлѳдѳ тигил же бул туугандардын кулактары уккан эмес. Жыйынтыгында, аралдын калкынын баары адаттагыдай тил менен бирге жаңсоо тилин дагы билишчү, адаттагы шарттарда майыптар катары карала турган мындай жашоочулар бул аралда жергиликтүү коомчулуктун кадимки мүчѳлѳрү болушкан. Алар эл топтолгон жерлерде дагы, дүкѳндѳрдѳ дагы, мектептерде дагы эч кандай кѳйгѳйлѳргѳ кездешишкен эмес. Алар коомдук турмушта эркин катышышкан, ар түрдүү шайлоо органдарына киришкен, билим алышкан жана керек болсо педагог дагы болуп иштешкен.

 Обочолонтуу суроосу жана социалдык турмушка тѳмѳнкү жеткиликтүүлүк кээ бир адамдардын кебинен жана угуу ѳзгѳчѳлүгүнѳ караганда айланадагы жашоонун шарттарынан жана тең укуктуу чѳйрѳдѳн кѳбүрѳѳк кѳз каранды болгону такталган.



Сѳздүккѳ

Па́ндус [франц. тилинен pente douce - жумшак бурч, эңкейиш] Архит. Тепкичтин ордуна колдонулган имараттын кире беришиндеги жалпак эңкейиш, автоунаалардын, экипаждардын кириши үчүн кызмат кылат ж.б. кире бериштеги имараттын үстүндѳгү капкакта жайгашкан. Капталдагы пандустар.
Булак: Большой толковый словарь русского языка. - 1-е изд-е: СПб.: Норинт С. А. Кузнецов. 1998

Патология — (мед.) организмдеги нормадан четке кетүү, ооруткан процесстер. Тамырлардын патологиясы.
Булак: Фундаменталдык электрондук китепкана

Социа́лдык констру́кт/социа́лдык конце́пт — бул чын эле бар болгондой адамдар аракеттенүүгѳ макул болгондорунан бар болгон конкреттүү маданият же коомдун жаралышы, же белгилүү шарттуу эрежелерге баш ийүүгѳ макул. Белгилүү социалдык конструкттарга оюн, дин, тил, наамдар, билим берүү, ѳкмѳт, корпарациялар жана башка институттар кирет.
Булак: А.Бубнов. 200 хайповых слов., – Litres, 22 нояб. 2019 г.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү