Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

2-кѳрсѳткүч. Гендердик мүнѳздѳмѳлѳр


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • «Гендердик мүнѳздѳмѳлѳр» 2-кѳрсѳткүчүнүн кѳз карашынан окуу материалдын мазмунун жана анын визуалдык коштоосун баалайсынар;
  • окуу ишмердүүлүгүндѳ окуучуларда гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ баалуулуктарын калыптандыруу үчүн бул кѳрсѳткүчтүн бузулушуна кѳнүл бурасынар.

 Гендердик мүнѳздѳмѳлѳр - бир жыныстагы адамдарга тиешелүү мүнѳздѳмѳлѳр. Бул кѳрсѳткүч ѳзүнѳ тѳмѳнкү суроолорду жана талдоо үчүн аспектилерди камтыйт:

  • Активдүүлүк \ пассивдүүлүк
  • Мүнѳзүнүн назиктиги \ кайраттуулугу
  • Эмоционалдуулук \ сабырдуулук
  • Акылдуулук \ курч
  • Тыкан \ балит
  • Тил алчаак \ баш ийбѳѳ
  • Ыңгайлашуу \ кѳпчүлүктүн кѳз карашына ылайык келбеген ѳзүнүн кѳз карашын коргоо


Сѳздүккѳ

Конформтуулук/конформизм (лат.тилинен conformis – окшош, ылайык келген) – адамдын башкалардын ойлорунун таасири алдында ѳзүнүн алгачкы баа берүүлѳрүн ѳзгѳртүү жѳндѳмдүүлүгү. Жүрүм-турумдун эрежелерин жана нормаларын ѳздѳштүрүү дагы конформизм, бирок бир эле мезгилде социализациянын керектүү элементи болуп эсептелет.
Социалдык психологияда термин адатта адамдын топтун реалдуу же элестетилген үстѳмдүгүнѳ ийкемдүүлүгүн билдирүү үчүн пайдаланылат, ал кѳпчүлүктүн кѳз карашына ылайык ѳздүк оюн же жүрүм-турумун ѳзгѳртүүдѳ кѳрүнѳт.
Булак: Психологиялык сѳздүк. Глоссарий/ 2006-2019. [Электрондук ресурс]

Делинквенттүү жүрүм-турум – юридикалык нормаларды бузган жана укукка каршы мүнѳздѳ болгон адамдын аракеттерин жана иштерин камтыган девианттык жүрүм-турумдун бир формасы. Делинквенттүү жүрүм-турум иретинде жаш муундун кылмыштык, криминалдык жүрүм-турумун караса болот
Булак: Терминологиялык сѳздүк, ювенологиялык сѳздүк. 2005.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү