Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Социалдык инклюзия


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • «билим берүүдѳгү инклюзия», «социалдык инклюзия» жана «социалдык эксклюзия» сыяктуу түшүнүктѳрүн жана и категорияларын түшүндүрѳ аласыңар;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ социалдык алып салуу кѳрүнүштѳрүн кѳбүрѳѳк сезе аласыңар;
  • жашоодо, кесиптик ишмердүүлүктѳ социалдык алып салуу же аны жоюуну алдын алууга түрткү болосуңар.

 Инклюзивдик мамиле бардыгы үчүн жагымдуу, жеткиликтүү боло турган социалдык жана физикалык чөйрөнүн трансформацияланышын билдирет1.
 Билим берүүдөгү инклюзия (кошуу) - кээ бир окуучулардын муктаждыктарына ылайыкташтыруу үчүн мектептеги маданият, саясат жана практиканы трансформациялоонун зарылчылыгын таануу, ошондой эле ушул мүмкүнчүлүктөргө жолтоо болгон тоскоолдуктарды алып салуу милдети2.
 Социалдык инклюзия (социалдык камтуу) жана социалдык эксклюзия (социалдык чыгарып таштоо) өз ара тыгыз байланыштагы камтуу, чыгарып таштоо факторлору катары бири биринен ажыратып кароого болбойт. Социалдык чыгарып таштоо структуралык жана институционалдык теңсиздиктин башкы факторлору болуп эсептелет. Ырааттуу мамиленин кѳз карашында социалдык чыгарып таштоо коомдун иштеши үчүн фундаменталдуу болуп эсептелген бир, же бир бир нече системаларынын бузулушу менен байланышта пайда болгон катары аныкталышы мүмкүн, анын ичине: социалдык мамилелер, институттар, экономика, аймактык факторлор, символикалык таануу ж.б.



Сѳздүккѳ

Ксенофобия (грек тилинен хenos – чоочун, тааныш эмес, жана phobos – коркунуч) – терс кѳрсѳтмѳ, иррационалдык коркунуч жана башкаларды жек кѳрүү. Ксенофобиянын объектери конкреттүү топ дагы - башка диндин ѳкүлдѳрү (чоочун динчилдер), расалар, жамааттар же улуттар (башка жамааттар, башка уруулар), мамлекет (чет ѳлкѳдѳгүлѳр) ж.б. же белгилүү россиялык социолог Ю.Леваданын оюу боюнча жалпы эле бардык «чоочундар» («Жалпыланган Чоочун») болушу мүмкүн. Заманбап социологияда жана социалдык психологияда бул кубулуштар тагыраак аналитикалык терминдерде баяндалат (топ ортосундагы чыр-чатак, этноборбордук, этникалык стереотиптер жана жаңылыш ойлор, социалдык кабыл албоо ж.б.), бирок алар жалпы сапаттарга ээ.
Ксенофобиянын объекттери кѳптѳгѳн мигрантттар болушту, аларды кѳпчүлүк учурда каалабаган конкуренттер жана чоочун маданияттын алып жүрүүчүлѳрү катары кабыл алышат.
…Ксенофобия ѳзгѳчѳ абалы начарлаган же туруксуз болгон социалдык катмарларга мүнѳздүү. Ал Кесиптик-техникалык училищенин окуучуларында, жумушчу жаштар жана окуучуларда, бардык социалдык чыр-чатактар абдан ачык кѳрүнгѳн кичи, кризистик шаарларда, ошондой эле мегаполистерде жашаган тургундарда күчтүү билинет.
Толугураак: И.С.Кон: Энциклопедия «Кругосвет»

Гомофобия – бул башка сексуалдык багыттагы же гендердик тиешелүүгүндѳгү адамдарга карата бардык терс ой, кѳз караш же аракет.
Булак: Сайт ЮНЭЙДС

Гомофобия – ксенофобиянын бѳлүгү, коркунучту же жек кѳрүүнү, ксенофоб болгон адамдан кандайдыр бир белгилер боюнча айырмаланган адамдарга ишенбѳѳсүздүктү башынан ѳткѳрүү. Мындай башынан ѳткѳрүүлѳр инсанды кысууга, жекеликти сыйлоо жоктугуна, «нормалдуулук» жѳнүндѳ кескин түшүнүгү бар болгон, бир тараптуулукту колдогон жана кулактандырылган нормалардан алыстаганы үчүн жазалаганга негизделген жабык коомдун мүчѳлѳрү үчүн мүнѳздүү.
Гомофобия – иррационалдык коркуу, ал жек кѳрүүнү жана агрессияны пайда кылат. Кѳпчүлүгүндѳ гомофобдор ѳзүнүн коркунучунун жаратылышын түшүндүрѳ алышпайт, бирок бул кубулуш бардык коомго зыян алып келет.
Булак: психолог Владлена Дмитриева менен маек.

ЮНЭЙДС (UNAIDS) – ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен программасы. ЮНЭЙДС БУУнун 11 уюмунун аракетин бириктирет: УВКБ, ЮНИСЕФ, ВПП, ПРООН, ЮНФПА, УНП, «БУУ-Аялдар», Эмгектин эл аралык уюму, ЮНЕСКО, Саламаттыкты сактоонун дүйнѳлүк уюму жана Дүйнѳлүк банк.
Булак: Сайт ЮНЭЙДС

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү