Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Гендер


Бул теманы үйрөнүүнүн жыйынтыгында силер:

  • адамдын биологиялык мүнѳздѳмѳсүн социалдыктан айырмалай билесиңер;
  • кепте «гендер», «гендердик мүнѳздѳмѳ», «жыныс», «гендердик стереотиптер» түшүнүгүн туура пайдаланасыңар;
  • берилген маалыматта, адамдардын жүрүм-турумунда гендердик стереотиптерди тааный аласыңар;
  • аялдар жана эркектер ортосундагы айырмачылыктар жѳнүндѳ коомдун туруктуу кѳз караштарына ѳзүңѳрдүн мамилеңерди кайра карап чыгасыңар.


 Адам укуктары тармагындагы эл аралык укук гендердик стереотиптер жана алардын калыптанышына бөгөт коёт, анткени бул адам укуктарын, негизги эркиндиктерди пайдалануу укугун бузат. Мамлекеттер аялдарга жана эркектерге турмуштун бардык тармактарындагы басмырлоону жоюуга милдеттүү. Аталган милдеттенме мамлекеттен коомдук жана жеке турмуштагы гендердик стереотиптер менен күрөшүү, стереотиптердин калыптанышына бөгөт коюу чараларын кабыл алууну талап кылат.
 Гендердик стереотиптердин калыптанышы аялдарга жана эркектерге алардын социалдык топко таандык экендигине негизделип мүнөздү, сапатты, же ролду байланыштырууну билдирет. Адам укуктарын жана негизги эркиндиктердин бузулушуна жеткирген учурда гендердик стереотиптердин калыптанышы адилетсиз3.
 Гендердик стереотиптерге мисалдар: аялдар машина айдаганга ылайыксыз, аял тамакты жакшы даярдай билиши керек, ажырашкан жалгыз эне дайыма бактысыз, себеби эч кимге кереги жок; аялдын башкы милдети – өзүнүн балдарын тарбиялоо; эркек үй-бүлөнү камсыздаш керек; эркек алсыздыгын көрсөтүүгө укугу жок; эркек күчтүү болуш керек; эркек күчтүү, аял сулуу болуш керек.

Сѳздүккѳ

Кайсы бир адамдын, объекттин мүнѳздѳмѳсү – бул адамын/объекттин мүнѳздѳмѳсүнүн ѳзгѳчѳлѳнгѳн сапатынын, анын сапаттуу маалыматынын баалоосу жана баяндалышы.

Жаңылыш кѳз караш – бул кимдир бирѳѳгѳ бир жактуу терс мамиле, ой. Кимдир бирѳѳгѳ жаңылыш ой менен мамиле кылуу. Кимдир бирѳѳгѳ каршы жаңылыш ой.
Булак: С.И.Ожеговдун сѳздүгү С.И.Ожегов, Н.Ю. Шведова. – М.,1992-ж.

Өзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү