Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Тарых жана “Адам жана коом” сабактарында гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербөө тармагындагы мектеп окуучуларынын негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу

Билим берүү кызматкерлеринин чеберчилигин жогорулатуучу дистанттык курсу


Тааныштыруу
  «Адам жана коом» жана «Тарых» сабактарында гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандыруу» 2-окуу модулу «Мектептик билим берүүдѳгү гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ» квалификацияны жогорулатуунун дистанттык курсунун экинчи бѳлүгү болуп эсептелет жана түзмѳ-түз предметтердин социалдык тармагынын адистерине арналат:студенттерге, окутуучуларга, мугалимдерге, методисттерге жана ушул багыт менен кандайдыр бир байланыштуу башка адистерге (класстан тышкаркы уюштуруучуларга, окуучулук ѳзүн ѳзү башкаруунун кураторлоруна, окуу китептеринин авторлоруна, журналистерге, дизайнерлерге ж.б.) арналат.
  Мектептик билим берүү системасында окуучулардын абдан маанилүү компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууда ѳзѳктүү ролду социалдык билим берүү тармагы ойнойт: «Социалдык» билим берүү тармагы инсандык, жарандык, социалдык компетенттүүлүктѳрдү калыптандырууга жана ѳнүктүрүүгѳ багытталат жана окуучулар коомдо социалдык ролду аткаруу үчүн жеткиликтүү социализация тажрыйбасына ээ боло турган адекваттуу окутуу чѳйрѳсүн түзүүнү камсыз кылат».1
  Мына ошентип, «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых», «Адам жана коом» сабактарынын мугалимдери алдында окутууда жаӊы компетенттүүлүк мамилени талап кылган социалдык инклюзия жана адилеттүүлүк, демократиялык коомдун баалуулуктарын үйрѳткѳн окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү жана аргументтештирүү жѳндѳмдүүлүктѳрүн, жарандык компетенттүүлүктѳрүн ѳнүктүрүү милдеттери коюлган.
  Бул окуу модулу кантип гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳнүн призмасы аркылуу компетенттүүлүк мамилени «Адам жана коом» жана «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» сабактарынын билим берүү процессине интеграциялоо керектигин түшүндүрѳт.
2-модулдун максаты: гендердик теӊдик, басмырлоого жол бербѳѳ жана социалдык инклюзия жаатында аларды Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнѳ камтуу үчүн предметтердин социалдык тармагынын адистеринин үзгүлтүксүз кесиптик ѳнүгүүсүн камсыздоо.
2-модулдун милдеттери:
  • билим берүүнүн мазмунун пландаштыруунун деӊгээлинде гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун камтуу;
  • гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ принциптерине негизделген социалдык тармактын предметтерин окутууда жаӊы мамилени ишке ашыруу;
  • окуучуларда гендердик тармак жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандыруунун методикасын ѳздѳштүрүү;
  • теӊдик, басмырлоого жол бербѳѳ жана социалдык инклюзия принциптеринен улам окуу процессин ѳркүндѳтүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу.

Модуль 4 бѳлүмдү камтыйт:
  1. Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ призмасы аркылуу сабактын билим берүүчү натыйжалары.
  2. Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ призмасы аркылуу окуучуларды окутуунун методикасы.
  3. Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын жетишкендиктерин баалоо.
  4. Методикалык кутуча

  2-модулду окуп-үйрѳнгѳнүү аяктагандан кийин окугандар жыйынтыктоочу тестирлѳѳдѳн ѳтүүгѳ жана квалификацияны жогорулатуу курсун ѳткѳндүгүн тастыктаган сертификат алууга мүмкүнчүлүк алышат.
  Бѳлүмдѳрдүн түзүлүшү
  Квалификацияны жогорулатуу дистанттык курсунун бардык бѳлүмдѳрү бирдей түзүлүшкѳ ээ. Ар бир бѳлүм ар түрдүү мыйзамдык, коомдук, педагогикалык тараптан теӊдик жана социалдык камтуу суроолорун караган темалардын белгилүү санынан (электрондук беттер) турат. Ар бир тема окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын, ѳзѳктүү маалыматты, тематикалык сѳздүктү, ушул курс боюнча кошумча материалдарга шилтемени («Китепкана») жана ушул теманы бекемдѳѳгѳ тесттик тапшырманы («Ѳзүӊдү текшер») камтыйт.
  Платформа БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду тарабынан каржылаган «Коомчулук туруктуу дүйнө үчүн» долбоорунун алкагында Билим берүү демилгелерин колдоо Фондусу менен ѳнѳктѳштѳ «БУУ-аялдар» Структурасы тарабынан иштелип чыккан.

Контакттар

Фонд поддержки образовательных инициатив
Адрес: 720005, Бишкек, ул Суванбердиева 11
тел: +996 312 51 16 66
email: office@edufeis.org

UN Women Kyrgyzstan Country Office
Bishkek, Kyrgyzstan
Office: +996 312 98 80 16
Email: Kyrgyzstan.staff@unwomen.org