1-бөлүк \ 2 модул
Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ призмасы аркылуу сабактын билим берүүчүлүк натыйжалары
Бул бѳлүмдѳ гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагындагы негизги компетенттүүлүктѳрдүн сабактын конкреттүү максат жана милдеттери менен байланышын түшүндүрѳт, ошондой эле мисалдар менен бекемделген окуп-үйрѳнүлгѳн тема боюнча ушул тармактагы билим берүүчүлүк натыйжаларынын формулировкаларынын алгоритми сунушталынат.
Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:
- негизги компетенттүүлүктѳр жана ар бир сабактын конкреттүү жетишкендиктери ортосундагы байланышты түшүндүрѳ аласыӊар;
- окуп-үйрѳнүлгѳн тема боюнча ушул тармакта билим берүү натыйжаларын аныктоочу алгоритмди пайдалана аласыӊар;
- гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун эске алуу менен сабактын билим берүүчүлүк натыйжаларын ѳз алдынча долбоорлой аласыӊар.
1-бөлүк. Мазмуну:
2-бөлүк \ 2 модул
Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербөө призмасы аркылуу окуучуларды окутуу методикасы
Демократиялык коомдун бирден бир принциптери болуп бардык тармактарда эркектердин жана аялдардын теӊ укуктарын таануу жана аларды реализациялоо үчүн шарттарды түзүү эсептелет. Бул тема тарыхый жана коом таануу билим берүүсүн жаӊылоо шарттарында абдан актуалдуу болууда.
«Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» жана «Адам жана коом» предметтери боюнча предметтик стандарттар жана окуу программалары гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолору менен сабактардын тематикалык мазмунун кеӊейтүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Аларды окуп-үйрѳнүүдѳ тиги же бул доордогу коомдо аялдын абалынын кѳйгѳйүн кароого, калктын аялуу тобуна коомдун мамилесинин ѳсүүсүнѳ байкоо жүргүзүүгѳ мүмкүнчүлүк берет.
Бул бап «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» жана «Адам жана коом» сабактарында окуучулардын инклюзия, теӊдик жана толеранттуулук баалуулуктарын калыптандырууга түрткү болгон иштѳѳнүн активдүү формаларын сунуштайт.
Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:
- окуучуларда гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги компетенттүүлүктѳрдү калыптандыруу методикасын ѳздѳштүрѳсүӊѳр;
- гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳгѳ тиешелүү суроолорду «Адам жана коом» предметинде жана «Тарых» сабактарында карайсыӊар;
- ѳзүӊѳрдүн сабактарында окуучуларда гендердик теӊдик, социалдык инклюзия жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги компетенттүүлүктѳрдү калыптандыруу үчүн шарттарды түзѳсүӊѳр.
2-бөлүк. Мазмуну:
- 2.1. «Адам жана коом» жана «Тарых» предметтерин окутууда гендердик жана басмырлоого каршы мамиле
- 2.2. «Адам жана коом» жана «Тарых» сабактарында гендердик жана басмырлоого каршы мамилени ишке ашыруу
- 2.3. «Адам жана коом» сабактарында гендердик жана басмырлоого каршы мамиленин алкагындагы кѳнүгүүлѳр жана тапшырмалар
- 2.4. «Тарых» сабактарында гендердик жана басмырлоого каршы мамиленин алкагындагы кѳнүгүүлѳр жана тапшырмалар
- 2.5. «Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербөө призмасы аркылуу окуучуларды окутуу методикасы» темасы боюнча окуу тести
3-бөлүк \ 2 модул
Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын жетишкендиктерин баалоо
Педагогикалык эмгектеги эӊ башкы демилгелѳѳ жана
эӊ күчтүү …жазалоо – бул баа берүү.
Бул пайдаланууда зор билгичтикти жана маданиятты
талап кылган абдан курч курал.
… бул тарбиялоонун бирден бир ѳтѳ акылдуу куралы.
В. А. Сухомлинский
Бул бѳлүм Сиздерди гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳнү эске алуу менен окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн сапатына баа берүүнүн жаӊы Концепциясынын жана предметтик стандарттардын негизги сунуштары менен тааныштырат; ѳзѳктүү, предметтик жана негизги компетенттүүлүктѳрдүн ѳз ара байланышын жана укук, гендердик теӊдик жана социалдык камтуу тармагында окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууга багытталган баалоонун ыкмаларын кѳрсѳтѳт.
Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:
- укук, гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында калыптандыруучу баалоо кантип окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууга түрткү болоорун тереӊ түшүнѳсүӊѳр;
- окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн баалоо процессин пландаштырууда предметтик стандарттардын сунуштарын жетекчиликке ала аласыӊар;
- укук, гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууга түрткү болгон баалоо чен-ѳлчѳмдѳрүн окуучулар менен биргелешип иштеп чыгасыӊар;
- кесиптик ишмердүүлүктѳ окуучулардын мотивациясын, алардын ѳзүн-ѳзү баалоосуна жѳндѳмдүүлүктѳрүн жогорулатуу үчүн калыптандыруучу баалоонун натыйжалуу ыкмаларын жана стратегияларын колдоно аласыӊар.
3-бөлүк. Мазмуну:
- 3.1. Гендердик укук жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын жетишкендиктерин баалоого мамилелер
- 3.2. Гендердик укук жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын жетишкендиктерин калыптандыруучу баалоо
- 3.3. Гендердик укук жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында калыптандыруучу баалоонун натыйжалуу куралдары
- 3.4. «Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын жетишкендиктерин баалоо» темасы боюнча окуу тести
4-бөлүк\ 2 модул
Методикалык кутуча
Бул бѳлүм Сиздерди гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ призмасы аркылуу окутуу методикасынын апробациясынын тажрыйбасы менен тааныштырат.
2019-2020-жылы эки ай боюу «Коомчулук туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун пилоттук муниципалиттеринин 32 мектептеринин арасынан 50 мугалим эки күндүк таанышуу тренингдеринен кийин жаңы методика боюнча сабактарды жана класстан тышкаркы иш чараларды ѳткѳрүштү. Негизги компетенттүүлүктѳрдү аныктоо алгоритмин пайдалануу менен, мугалимдер күтүлүүчү натыйжалар түрүндѳ сабактын максаттарын ѳз алдынча конкреттештиришти, методдорду жана баалоо формаларын тандашты. Окуу китептериндеги маалыматтын жетишсиздиги кошумча булактар менен толукталып жатты.
Жыйынтыгында 7-11-класстардын 2507 окуучулары, алардын арасынан 1338 кыздар жана 1169 эркек балдар социалдык тармактын предметтерин окуп-үйрѳнүүдѳ жаңы мамиленин апробациясында катыша алышты жана 34,8% гендердик теңдик, чыдамкайлуулук жана зордук-зомбулуксуз маданият суроолору боюнча билимдеринин ѳскѳнүн кѳрсѳтѳ алышты. Баа берүү тестирлѳѳ методу аркылуу ѳткѳрүлдү жана ѳзүнѳ 10 жабык суроолорду камтыды. Мына ушинтип, апробациянын аягына билимдердин жыйынтыктоочу кѳрсѳткүчү 68,65% түздү. Кыздарда бул кѳрсѳткүч 69,8%, ал эми эркек балдарда 67,3% барабар («Апробациянын жыйынтыгы» диаграммасын карагыла).
Биз БАРДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ жаңы методиканы ѳздѳштүрүүдѳ чыгармачыл мамилеси, апробациянын жүрүшүндѳ берилген сунуштары жана эскертүүлѳрү үчүн ыраазычылык билдиребиз жана кызыктуу, чыгармачыл ишти кѳрсѳткѳн чоң эмес материалдардын топтомун сунуштайбыз.
4-бөлүк. Мазмуну:
- 4.1. «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» сабагында гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун камтуунун мисалдары
- 4.2. «Адам жана коом» сабагында гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун камтуунун мисалдары
- 4.3. Класстан тышкаркы иш чараларда гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун камтуунун мисалдары
- 4.4. Камтуу методикасынын апробациясына катышкан окуучулардын жана мугалимдердин комментарийлери
- 4.5. Фотогалерея