Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында билим берүүчү натыйжаларды аныктоо


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагындагы негизги компетенттүүлүктѳр менен конкреттүү сабактын темасы ортосунда байланышты түзѳ аласыӊар;
  • сабакта негизги компетенттүүлүктѳрдү калыптандырган методдор жана ыкмаларды тандай аласыӊар;
  • Б.Блумдун деӊгээлдерине (таксономиясы) ылайык сабактын күтүлүүчү натыйжаларын/максатын жаза аласыӊар.

 Негизги компетенттүүлүктөр инсандын деңгээлинде баалуулуктар жана жүрүм-турумду аныктай турган интегралдык билим берүү натыйжалары болуп эсептелет. Абдан конкреттүү билим берүү натыйжаларын камтуу аркылуу ар бир сабактын планын иштеп чыгуу менен ушул сыяктуу жалпы жоболорду жетекчиликке алуу оор экендиги шексиз. Андай болсо, сабакты пландаштыруунун алкагында негизги компетентүүлүктөрдүн билим берүүчү натыйжаларын аныктоо боюнча ѳзүӊдѳ педагогикалык билгичтикти кантип өнүктүрүүгө болот?

 Бул үчүн ар түрдүү технологиялар бар жана ар бир мугалим жыйынтыгында өзүнүн жеке стратегиясын иштеп чыгат. Ошол эле учурда ар бир мугалимге ыңгайлуу форматта аталган көндүмдү өнүктүрүүгө жардам бере турган зарыл кадамдарды белгилөөгө болот.


 Албетте, сунушталган негизги компетенттүүлүктөргө багыт алуу менен кээ бир темаларды жѳн гана окуп-үйрѳнүү керек. Мисалы, «Адам жана коом» предмети боюнча «Адилеттүү коом» (5-класс), «Адамдын биосоциалдык табияты» (6-класс), «Чыр-чатактар, акыл-эстүү компромисс, башкаларды түшүнө билүү» (7-класс), «Адам укуктарынын жалпы декларациясы» (8-класс), «Эркек жана аял коомдо жана үй-бүлөдө» (9-класс) ж.б. сыяктуу темалар.  Башка темалар бир караганда аталган компетенттүүлүктөр менен азыраак даражада байланышы бар болушу мүмкүн. Бирок, адатта көп түрдүүлүк, теңдик, гендердик ролдорду бөлүштүрүү маселелеринин тиги же бул аспектилери социалдык тармактагы предметтердин бардык темасында орун алган.
 Сабактын натыйжаларын таанып-билүүчүлүк, баалуулук-эмоционалдык жана практикалык деӊгээлдерде аныктоо, эӊ алгач, материалды берүү үчүн ѳтѳ натыйжалуу методдорду жана ыкмаларды тандоо үчүн керек. Материалдын ѳзү ар түрдүү булактардан алынса болот. Кѳпчүлүгүндѳ жѳн гана окуу китеби гана жеткиликтүү болот.  Максатка таянуу менен окуучуларга сунушталган маалыматтын формасын тандоо маанилүү. Эӊ алгач, бул активдүү окутуунун ыкмалары: мээ чабуул, проблемалуу суроону коюу жана талкуулоо (дискуссия/дебаттар), изилдѳѳчүлүк жана долбоордук ишмердүүлүк, топтук жана жеке иш, ар түрдүү оюндар (сюжеттик, сюжеттик-ролдук, эркин, дидактикалык ж.б.), инсценировкалар, кырдаалдык кѳнүгүүлѳр, ѳздүк продуктарды (эссе, видео, презентациялар ж.б.) жаратуунун ѳзгѳчѳ техникаларын пайдалануу менен маалыматты окуп-үйрѳнүү. Башкысы – сабактын аягында эмнени «кѳрүү» пландаштырылып жатканын жана каалаган натыйжага кантип, кандай жолдор менен келүүгѳ болоорун аныктоо.
 Сабакты пландаштырууда, ошондой эле гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында суроолорду жана тапшырмаларды формулировкалоого деӊгээлдердин этиштери жардам берет. Ольга Евстифееванын «Торчолорду жана асмандарды ѳздѳштүрѳбүз» блогунда орус тилине которулган этиштердин тизмеси жарыяланган. Ал эми Блумдун деӊгээлдерине жаӊыртылган инфографиканы «Global Digital Citizen Foundation» сайтынан окуса болот «Global Digital Citizen Foundation» (англис тилинде).


Сѳздүк

Тег (ал тэг англ. тилинен tag) – кенен мааниде «белги» же «кѳрсѳткүч, баа белгилери», бирок орус тилинде эки нерсеге карата пайдаланат.
1) Макаланын белгиси, блогдогу жазуулар же башка элементтери, ал бир эле тег менен белгиленген элементтерди топтоштуруу үчүн кызмат кылат. Твиттерде, Фейсбукта бул максат үчүн символ менен # (тилке) хэштег пайдаланат.
2) HTML-теги. Бул веб-сайттардын мазмунун сүрѳттѳлүшүн камтууга мүмкүнчүлүк берген HTML белгилѳѳ тилинин атайын символдору. Мисалы, ага камтылган текстти ѳзгѳчѳ тамгалар менен белгиленип кѳрсѳткѳн тег, ал эми тег тексттен чакыруучу шилтемелерди жасайт.
Булак: «Бул эмне?» сайты

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү