«Адам жана коом» жана «Тарых» сабактарында гендердик жана басмырлоого каршы мамилени ишке ашыруу
Бул бапты окуп-үйрѳнүүнүн натыйжасында силер:
- гендердик жана басмырлоого каршы мамиленин алкагында сабактар жана класстан тышкаркы иш чаралар үчүн мазмунду жана методдорду тандай аласыӊар;
- бардык окуучулар ѳзүн уникалдуу катары кабыл алуусу үчүн алар менен окутуунун принциптерин макулдашасыӊар;
- гендердик теӊдик, социалдык инклюзия жана басмырлоого жол бербѳѳнү эске алуу менен кабарлашып окутуу үчүн кичи топторду түзѳсүӊѳр;
- гендердик жана басмырлоого каршы мамилеге ылайык ѳзүӊѳрдүн практикаӊарды баалай аласыӊар.
Мугалимдер сабак жана класстан тышкаркы иш чаралар учурунда бардык балдар ѳзүн бийик уюшулган жана ар кандай сапаттарга ээ уникалдуу инсан катары сезиши үчүн шарттарды түзүүлѳрү зарыл. Ушул учурда гендердик стереотиптер инсандын өнүгүшүнө, кыздардын эле эмес, эркек балдардын толук дараметин ишке ашырууга тоскоолдуктарды түзүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбаш керек.
Гендердик мамиленин алкагында тарых сабагында тиги же бул тарыхый окуяларды жана кубулуштарды талдоодо, ошондой эле «Адам жана коом» предмети боюнча сабак учурунда өздөрүнүн жүрүм-турумдарынын мисалында окуучулар кыздар/аялдар дагы, эркек балдар/эркектер дагы бир эле эмоцияларды башынан өткөрө турганын, бирдей эле социалдык ролдорду аткара турганын түшүнүшөт.
Гендердик жана басмырлоого каршы мамилени ишке ашыруунун ыкмалары
- ар бир адам сезүүгө жана ойлонууга жөндөмдүү;
- ар бир адам пикир алышууга, башкалар аны угуусуна укугу бар;
- бардык адамдар бири-бирине муктаж;
- бардык адамдар курдаштарынын колдоосуна жана достугуна муктаж;
- прогресске жетүү алар жасай ала турганы менен байланыштуу;
- ар тараптуулук адам турмушунун бардык тараптарын күчтөндүрөт.

Сабактарда жана класстан тышкаркы иш чараларда топторду түзүү
Топторду түзүүдө мугалим окуучуларга алардын жеке типологиялык өзгөчөлүктөрүн жана сабактын же класстан тышкаркы иш чаралардын алдына коюлган максаттарды эске алуу менен дифференцияланган мамилени ишке ашырышы керек. Методисттер топторду түзүүнүн бир нече ыкмаларын бөлүп көрсөтүшөт, алардын айрымдарына токтойлу.

Бул метод мугалим окуучуларды кызматташууга үйрөтүү милдетин аткарган учурда пайдалуу. Методду окуучулардын арасында жалпысынан жагымдуу мамилелер орун алган класстарда дагы пайдаланса болот.
Бул бөлүүнү ыкмасы башында эле кичи топтордун мүчөлөрүн жакындаштырган кандайдыр бир жалпы белги берилгени менен кызыктуу, ат, б.а. аларды бириктирген жана бири-биринен айырмалаган бир нерсе боюнча. Бул топтогу бири-бирин эмоционалдык кабыл алуу үчүн негизди түзѳт.
Сѳздүк
Кейс - технология (англ.тилинен «case» — учур)— кейс түрүндѳ берилген кесиптик
ишмердүүлүктүн контексттинде моделдештирилген же реалдуу кѳйгѳйлүү кырдаалды талдоо жана чечүүнүн
негизинде окуучулардын билимдеринин, билгичтиктеринин, инсандык сапаттарынын калыптануусуна
багытталган окутуунун интерактивдүү технологиясы.
Булак: ИТМО университети:
Кейс-технологияларды баяндоо.
Фант (немец тилинен Pfand – кепилдик) – чучугулак үчүн кепилдикке оюндун
катышуучусу берген нерсе. «Бул нерсе эмне кылышы керек? Кимдин нерсеси алынып чыкса, кандайдыр
бир ырды заматта ойлоп чыгарышы керек».
Булак: Д.М. Ушаковдун
түшүндүрүү сѳздүгү
Китепкана
- Памятка для учителя по организации групповой работы.
- Педагогика и психология инклюзивного образования: учебное пособие / Д.З. Ахметова, З.Г. Нигматов и др. – Казань, 2013.
- Методическое пособие для тренеров по применению руководства по продвижению гендерного равенства в Кыргызстане.
- Бирге жашаганга үйрөнөбүз: Мектеп окуучуларынын гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербөө тармагындагы негизги кемпетентүүлүктөрүн калыптандыруу боюнча методикалык колдонмо
- Бирга яшашни ўрганамиз: Гендер тенглик ва камситмаслик соҳасида ўқувчиларнинг асосий компетентлигини шакллантириш бўйича услубий қўлланма