Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

«Адам жана коом» сабактарында гендердик жана басмырлоого каршы мамиленин алкагындагы кѳнүгүүлѳр жана тапшырмалар


Бул бапты окуп-үйрѳнүүнүн натыйжасында силер:

  • предметтин мазмундук тилкелерине ылайык гендердик жана басмырлоого каршы мамиленин принциптерин камтуу үчүн ѳзгѳчѳ жеткиликтүү темаларды аныктай аласыӊар;
  • гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ боюнча конкреттүү кѳнүгүүлѳрдүн жана тапшырмалардын мисалын келтиресиӊер;
  • кесиптик ишмердүүлүктѳ сунушталган кѳнүгүүлѳрдү жана тапшырмаларды пайдаланасыӊар;
  • окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандыруу үчүн окшош кѳнүгүүлѳрдү жана тапшырмаларды ѳз алдынча түзѳсүӊѳр.


«Социализация» мазмундук тилкесине ылайык кѳнүгүүлѳрдүн жана тапшырмалардын мисалдары


«Үй-бүлө»көнүгүүсү
 Көнүгүү окуучулардын жигердүү сөз коруна «социалдык адилеттүүлүк» терминин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Кийинки сабакта берилген стратегияны колдонуу менен (тапшырылган ролдордун кѳз карашынан кырдаалды талдоо), окуучулар кездешкен башка турмуштук кырдаалдар жана шарттар тууралуу талкуулоого болот.
 Көнүгүүнү уюштуруу үчүн кошумча тѳмѳнкү укуктук материалдар керек болушу мүмкүн: «Балдардын укуктары жөнүндө Конвенция», «Үй-бүлө кодекси».
 Чакыруу. Мугалим класстагы окуучуларга талкуулоо үчүн суроо берет: Силер үйдө кандай милдеттерди аткарасыңар? Милдеттенмелерди ушундайча ким бөлүштүргөн? Аларды сиз адилеттүү деп эсептейсизби? Эмне себептен? Окуучулардын пикирлери комментарий берилбестен угулат.
 Мугалим окуучу кыз өзүнүн күндөлүгүндө баяндаган кырдаал менен таанышууну жана аны социалдык адилеттүүлүктүн көз карашында кароону сунуштайт. «Социалдык адилеттүүлүк» деген эмне экендигин класста талкуулагыла (аталган колдонмодогу глоссарийди караңыз).
 «Бул менин башыман көп ирет өткөн. Менин апам балдар кечки тамактан кийин бардык идиштерди ашканага алып барып, столдун үстүн жыйнап, баарын таза иретке келтиришет деп үмүттөнөт. Адаттагыдай эле менин эки агам ашканадагы бардык ишти мага үйүп коюшат: «Сен кызсын да, ошондуктан ашкана – сенин милдетиң!» Мен бул жолу дагы талашкан жокмун, анткени пайдасыз! Бирок мага эч ким жардам бергиси келбегени абдан-абдан өкүнүчтүү. Мен атама арыздандым, бирок ал үй чарбасында иштеп көнүү пайдалуу экендигин айтты, анткени бул келечектеги мыкты үй кожойкеси болууга жакшы даярдык»
 Текстти окуп чыккандан кийин окуучулар кырдаалды талкуулоо үчүн кичи топторго биригишет. Талкуу орундуу өтүшү үчүн топтордогу окуучуларга ролдорду бѳлүштүрүү сунуш кылынат: апа, кыз, агалары, атасы. Топтогу ар бир окуучу ролуна жараша оюн айтат. КѲӉҮЛ БУРГУЛА! Окуучулар стереотиптердин артынан кетпей, кырдаалды өзгөртүүнү каалаган «идеалдуу» каармандарды ойношу керек.
  1. Бул берилген кырдаалды социалдык адилеттүүлүк көз карашынан кандай баалайсыз?
  2. Үй-бүлөдө бардыгы үчүн жакшы болуш үчүн эмне кылуу керек?
  3. Кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүгѳ жардам берген кеңештерди иштеп чыккыла: апа, кыз, бир тууган агалары, атасы үчүн. ЖЕ: теңдик жана адилеттүүлүк принцибинин негизинде, салттуу көз караштарга негизделбестен, үй-бүлөдөгү милдеттерди бөлүштүрүү боюнча эрежелерди иштеп чыккыла.
 Топтун презентациясы. Мини-дискуссия.
 Рефлексия. Мугалим суроолорго жооп берүү менен жыйынтык чыгарууну сунуштайт: Бул көнүгүүнү аткарууда мен үчүн эмне баалуу болду? Кайсы сабактарды мен өзүмө алдым? (жеке). Убакытка жараша бул кадамды оозеки (окуучулар чынжыр боюнча бир сүйлөм менен өздөрүнүн оюн айтышат) же жазуу түрүндө (кыскача эссе менен) аткарууга болот.

«Класстагы жаңы кыз» көнүгүүсү
 Көпчүлүк учурда күчтүү (сандык кѳпчүлүктѳ же ѳзүӊѳ тааныш абалда) абалда болуу менен биз азчылыктагы же бейтааныш коомчулукка түшүп калган жана биздин колдообузга муктаж адамдарга боорубуз оорубайт. Мындай кырдаалга ар бир адам эркине жана каалоосуна карабастан кабылышы мүмкүн. Эгер көпчүлүк абалды ээлеген адамдар, бийликтегилер, азчылыкка кабылган абалга сезимтал болбосо, чыр-чатак келип чыгышы мүмкүн. Ошондуктан адамдарга жана социалдык кубулуштарга ѳздүк мамилени баалай жана сынчыл көз караштан талдай билүү маанилүү.
 Чакыруу. Мугалим окуучуларга тѳмѳнкү суроолор менен кайрылат: Силер классыңарга жаңы окуучуну кантип кабыл аласыңар? Жаңы коллективге алынып кетиши үчүн силер эмне кыласыңар?
 Мугалим башка мектептен жаңы класска келген окуучу кыз менен болгон окуяны талкуулоону сунуштайт.
 «Мен жаңы класска келдим. Сабактан кийин мектеп аянтчасында мени алты бала курчап алып, (менин жаңы классташтарым) мени талкуулап башташты: менин тышкы кебетемди, чачымды, менин үй-бүлөм тууралуу суроо бере башташты, кайда жашайм. Мага бул суроолор жаккан жок жана аларга жооп бергим келген жок. Андан кийин алардын арасынан бирөөсү менин жаныма келип, менин рюкзагымды тартып алмакчы болду, мен аны сууруп алдым да, качмакчы болдум. Бирок ушул учурда…».
 Мугалим суроо берет: Андан ары эмне болушу мүмкүн? Кырдаалды кантип чечүүгө болот? Окуучулар ойлонуп, жекече таблицаны толтуруу сунушталат:
Кыз кандай сезимдерди башынан өткөрөт? Эркек балдар кандай сезимдерди башынан өткөрөт? Бул кырдаалды чечүү үчүн кандай кадамдарды жасаш керек?



 Кичи топторго биригишип, окучулар өздөрүнүн жазгандарын талкуулашат жана чыр-чатактуу кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн сунуштарды иштеп чыгышат.
 Топтордун презентациясы. Мини-дискуссия.
 Рефлексия. Мугалим төмөнкү сүйлөмдү аягына чыгарууну сунуштайт: Мен бүгүн сабактан түшүндүм… Окуучулардын каалоосу боюнча, жазгандарын окушат.

«Музыкалык дээр» көнүгүүсү
 Талант ишмердүүлүктѳ гана өнүгөт – бул сабактын жүрүшүндө өздөштүрүлө турган маанилүү корутунду. Эмгекти сүйүүгѳ, ишмердүүлүккѳ кызыгууга адамдын азыраак гана дээри болуп анын жѳндѳмдүүлүктѳрүнүн түзүлүшүн ѳзгѳртүшү мүмкүн – ѳздүк активдүүлүктүн фактору. Окуучулардын жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳнүктүрүүдѳ социалдык факторлор дагы башкы ролду ойношот деген ойго алып келүү.
 Белгилүү советтик психолог Я.Л. Коломенский балдардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү маселесин караган текстти окуп чыккыла.
 «Алыскы Тынч океандын аралдарынын биринде укмуштуудай музыкалык дээри бар бала төрөлдү. Бирок анын уруусундагы адамдар бир үн менен ырдагандан жана барабандан башка эч кандай музыкалык куралдары жок болгондон сырткары музыка эмне экендигин билишпей., Ал ким болуп чыгат? Эӊ жакшы дегенде бул бала аралдын тарыхына эң мыкты барабанчысы катары кириши мүмкүн. Башкача сөз менен айтканда, ал белгилүү бир социалдык шарттарда мүмкүн болгон өзүнүн музыкалык талантын өнүктүрүүнүн ушул деӊгээлине жетише алат. Эгер ал бийик музыкалык маданияты бар өлкөдө туулуп, мыкты педагогдон тарбия алса, анын тагдыры башкача болмок».
  1. Кластер түзгүлө «Баланын музыкалык талантын өнүктүрүүгө түрткү болгон факторлор».
  2. Эмне үчүн бийик өнүккөн өлкөдө төрөлсө, баланын тагдыры башкача болушу мүмкүн?
  3. Кайсы социалдык шарттар тууралуу сөз болуп жатат?
  4. Аталган кырдаалда кыз төрөлсө, эмне өзгөрмөк?

«Дүйнөлүк диндер»көнүгүүсү
 Бул кѳнүгүү окуучуларды дүйнѳлүк диндер менен тааныштырат, аларда жалпы моралдык баалуулуктарды кѳрүүгѳ жардам берет, башка элдердин тарыхына жана маданиятына кызыгуусу жогорулайт, ар түрдүү диний салттарга, динге ишенүү эркиндигине сый мамилени калыптандырат, коомдун маданий кѳп түрдүүлүк суроолоруна сезимталдуулукту ѳнүктүрѳт.
 Мугалим окуучуларды кичи топторго бириктирип, дүйнөлүк диндер тууралуу текст менен таанышып чыгууну сунуштайт: буддизм, христианчылык, ислам1.
 Ар бир топ тексттердин бири менен иштейт, талдоо жүргүзѳт, ылайыктуу таблицанын тилкесин толтурат. Топто иштөө үчүн 10-12 мүнөт берилет.
Диндер Буддизм Христианчылык Ислам Зороастризм
Диндин келип чыгуу мезгили жана орду
Диндин негиздөөчү
Диндин бутактары жана багыттары
Динди окутуунун негиздери
 Топтун презентациясы (5 мүнөт).
 Бүт класс менен иштөө. Тапшырма: дүйнөлүк диндердеги жалпылыктарды тапкыла.
 Буддизм Индиянын түндүгүндө биздин доорго чейин миң жылдыктын ортосунда жаралган. Буддизмдин негиздөөчүсү Сиддхартха Гаутама, б.э.ч. 560-жылы туулуп, кийинчерээк «Будда», «жаркын» деген ат менен белгилүү болгон. Анын атасы анча чоң эмес провинциянын раджасы болгон. Уламыштарга караганда Будда туулганда жер силкинип, ар кандай укмуштар болуп өткөн. Индиялык ханзаада Сиддхартха Гаутама капарсыз, бактылуу жашоо кечирген. Атасы уулун эч нерседен кем кылбай, сүйгөн кызына үйлөнтүп, жашоо кандай кыйынчылыктар бар экендигин жашырууга аракет кылган.
 Бирок жыйырма тогуз жашка чыкканда Гаутама сарайды таштап, үй-жайсыз төмөнкү суроолорго жооп издеп, тентип кеткен:
  • Эмне үчүн дүйнөдө кайгы жана азап көп?
  • Эмне үчүн адамдар карып, каза болушат?
  • Адам азап чегүүдөн кантип кутула алат?
 Ханзаада жети жыл жер кезип жүрүп, бир сапар Бодхи дарагынын астында отурса, көзү ачылгандай абалга туш болот. Ал өзүнүн суроолоруна жооп табат. Өзүнүн ачылышына таң болуп, ошол дарактын астында бир нече күн отурат, андан кийин адамдарга жаңы окуусун жайылта баштайт. Будда кастасына, катмарына карабастан адамдар туулган боюнча теӊдигине жар салат.
 Будда ачкан негизги акыйкаттар:
  • адамдын бүт өмүрү – азап чегүү;
  • азап чегүүнүн себептери – биздин каалоо;
  • азап чегүүдөн кутулуу үчүн, каалоодон кутулуу керек;
  • каалоодон кутулуу үчүн, аман калуунун сегиз жолуна түшүү керек.
 Кийинчерээк буддизмдин жактоочуларынын арасында жарака кетип, эки багыт пайда болгон: катуу консерваторлор – тхеравадиндер (Тхеравада) жана жумшагыраактары махасангхиктер (Махаяна). Буддизмдеги негизги эки бутактан башка көптөгөн майда агымдар жана секталар бар.
 Буддизм каалоого алдырбоону, ачууланбоо, башкаларга зыян келтирбөө, калп айтпоо, ушактабоо, орой сүйлөбөө, эки жүздүүлөнбөө, жандууларды өлтүрбөө, уурдабоо, жеңил ойлуу болбоо, кара ниеттикти сактабоо, муктаждарга жардамдашуу, туура жашоодо образын, туура аракеттерди жар салат, үйрөтөт.
 Христианчылык б.э.. I кылымда Палестинада пайда болгон. Христианчылыктын негиздөөчүсү Иисус Христос болгон. Анын отуз жашка чейинки жашоосу тууралуу белгисиз. Ал б.э.ч. 4 жылы Вифлеемде туулуп, жакшы билим алган. 30 жашка чыкканда Иисус Христос чокунуп, 40 күн бою шайтан менен күрөшүп, үч кумарды жеңип чыгат – ачкачылык, бийлик жана ишеним, кайтып келип өзүнүн үгүттөрүн баштаган.
 Акырындык менен христианчылыктын адамды бардык бактысыздыктардан сактап калуу, жандын түбөлүк жашоосу тууралуу идеялары көптөгөн адамдарды өзүнө тарткан. Христианчылыктын чыдоо, баш ийүү, жамандыкка каршылык көрсөтпөө идеяларын жакырлар эле эмес, орто, бай катмардагы адамдар да кабыл алышкан.
 325-жылы император Константиндин учурунда христианчылык Рим империясынын мамлекеттик дини катары таанылган.
 1054-жылы христианчылык рим-католиктик чиркөө борбору Рим жана православ чиркөөсү борбору Константинополь болуу менен жарака кетип, экиге бөлүнгөн. ХVI кылымда Реформациянын натыйжасында Европада католиктерден протестанттар бөлүнүп чыгышкан.
 Христианчылыктын негизги жоболору Библияда берилген. Ал байыркы тексттердин жыйындысынан, Эски жана Жаңы Осуяттардан турат. Библия эң көп окулган китептердин арасында биринчи орунду ээлейт.
 Христиан этикасынын негизги осуяты – Кудайга болгон сүйүү. Христианчылык жакындарын сүйүүгө, ата жана энени урматтоо, өлтүрбөө, кумарга алдырбоо, уурдабоо, алдабоого чакырат. Христианчылык эллин да, иудей да жок деп жар салат.
 Ислам – Аравияда VII кылымда пайда болгон жана үч дүйнөлүк диндин бири. Араб тилинен которгондо ислам «Өзүн Кудайга багыштоо, баш ийүү» дегенди билдирет. Диндин негиздөөчүсү Мухаммед, ал 570-жылдары Меккеде туулган. Ал курайшит уруусунан чыгып, малчы болгон, кербен соодагерчилиги менен алектенген. 610-жылдан тартып Мухаммед 40 жашында диний үгүтчү катары эл алдына чыгат. Ал өзүн Кудайдын элчиси, пайгамбар деп жар салат. Өзүнүн үгүттөрүндө Мухаммед бир Кудайга ишенүүгө чакырат, динчилдердин бир туугандыгы, адеп-ахлактын жөнөкөй ченемдерин сактоого чакырат. Адегенде анын чакырыктары Мухаммед туулган Мекке шаарында кабыл алынган эмес, ал 622-жылы тарапташтары менен Мединага качууга аргасыз болот. Сегиз жыл бою Мухаммед менен Меккенин көп кудай таануучуларынын ортосунда күрөш болгон. 630-жылы мусулмандар Меккени басып алышып, ал жер исламдын борборуна айланган.
 Мусулмандардын ыйык китеби Куран. Исламдагы суннизм жана шиизм эки негизги багытынан башка көптөгөн агымдар бар.
 Диний окууларынын негизи болуп исламдын беш принциби эсептелинет:
  1. Бир кудайга ишенүү
  2. Беш маал намаз
  3. Садага берүү – муктаждардын пайдасына берилүүчү салык
  4. Орозо
  5. Мекке жана Мединага ажыга баруу
 Исламда сүткорлук, адамдардын теңсиздиги айыпталат, адам ченемди билиш керек, жакшылык жасап, акылдуу, чыдамдуу, акыйкат, билимге умтулуу керек. Ислам араб менен арабдын, кара менен актын ортосунда айырма жок, бардык адамдардын тарактын тишиндей бирдей деп эсептейт.
 Зороастризм — б.з.ч. I—II кылымдын тегерегинде Ирандын жалпак тоолуу чыгыш аймактарында пайда болгон байыркы монотеисттик дин.
 Зороастризмдин пайда болуусу б.з.ч.II жана I миӊ жылдыкка тиешелүү, анда чыгыш-иран кѳчмѳн малчылардын арасында Заратуштра пайгамбары пайда болгон. Гректер кийинчерээк аны Зороастр, ал эми анын окуусун – зороастризм деп аташты. Бул реалдуу жашаган адам болгон.
 Заратуштранын так тѳрѳлгѳн орду жана жашаган убактысы белгисиз, анткени пайгамбардын кѳзүнүн тирүүсүндѳ анын окуусу жазылган эмес. Ыйык билимдер кудайдын кызматкерлери тарабынан дыкат кайтарылган жана эстеп калган боюнча айтылган. Заратуштра эски динге реформа ѳткѳргѳн жана жаӊы окууну үгүттѳй баштаган. Ал ата мекенинде ийгиликке ээ болгон эмес, пайгамбардын ѳзү качууга аргасыз болгон, чыгыш иран падышасы Виштаспанын эшигине калкалаган, ал жаӊы динди кабыл алган жана анын таралышына жардам берген.
 Б.з. III–V кылымдарында ирандыктар тарабынан пехлевийдик алфавиттин негизинде атайын жазуулар түзүлгѳн. Ушул кат менен зороастризмдин ыйык китеби жазылган, ал Авеста деген ат алган. Ал ѳзүнѳ 21 китепти камтыган. Ал китептердин арасынан биздин күнгѳ чейин бир гана китеп толугу менен сакталган, ал эми бардыгы болуп ошондо түзүлгѳн авестийлик канондордун тѳрттѳн бирине жакыны гана жеткен.
 Иудаизм – еврей элинин дини. Бул дин бир гана Кудайга ишенүүнү кѳздѳйт. Еврей дини б.з.ч. 2000-1600-жж. патриархтардын мезгилинде жѳнѳкѳй формада жашаган. Авраам биринчилерден болуп Кудайдын жалгыз рухий жаратылышын тааныган, ал храмдарга жана диндин кызматкерлерине муктаж эмес, ѳтѳ кудуреттүү жана баарын билет. Авраам ѳлгѳнгѳ чейин бир орундан экинчи орунга кѳчүп, жалгыз Кудайга ишенүүгѳ кабар айткан.
 Моисей учурунда иудаизм татаал жана тазаланган формага ээ болгон. Ал динге Яхвага (еврейлер кудайга ушундай ат беришти) ѳзгѳчѳ таазим этүү формасын берди. Бир Кудайга сыйынуу ритуалдык жана социалдык мыйзамдарды түзүү менен коштолгон, аны чѳл кезип жүргѳн мезгилде Израилдин балдары жетектеген. Моисей он жобо (эреже) катары формулировкаланган рухий жана моралдык мыйзамдардын сакталышына негизги басымды койгон, ал кудайды кѳрсѳткѳн жасалма кудайларга сыйынууга кескин тыюу салган.
 Кийинчерээк Израилде байыркы дүйнѳнүн тарыхында адамдардын уникалдуу тобу – пайгамбарлар пайда болушту, аларга байланыштуу еврей элинин дини ѳсүүсүндѳ туу чокуга жетти. Алар таза монотеизмди үгүттѳшкѳн.
 Ииудаизмдин ишенимдүү окуусу, этика, салттар жана социалдык аспекттери Тородо жазылган. Салттуу иудаизм кѳз карашына ылайык, Тора Кудай тарабынан Израилдин балдарына Синай тоосунда же Моисей аркылуу берилген. Еврейлер кудай Мыйзамынын чындыгын тастыктоо, үгүттѳѳ жана ѳзүнүн үлгүсү менен ушул Мыйзамды адамзатка үйрѳтүү деген ѳзүнүн миссиясына ишенишет. Дал ошондо, алардын оюу боюнча, жерде кудайдын чындыгынын үстѳмдүгү орун алат жана адамзат азыркы турган абалынан чыгат.

«Ала качуу салты: кейс менен иштөө»
 Кѳнүгүү «Ала качуу» салтын жакшыраак түшүнүүгѳ, ар бир адам кездеше турган окуу кырдаалын башынан ѳткѳрүүгѳ, адамдын укугунун бузулушу кѳйгѳйүн чечүүгѳ ѳзүнүн жолдорун сунуштоого мүмкүндүк берет. Окуучулар үй-бүлѳдѳ, туугандарда, тааныштарда болгон «Ала качуу» учурларын талкуулашса жана ѳзүлѳрүнүн баасын берсе болот. Алар теӊдиктин баалуулугун таанышат, жеке укуктарды жана ар бир адамдын эркиндиктерин сыйлашат.
 1938-жылы Фаннина Хале уурдап кетүү практикасы тууралуу «Борбордук Азиядагы кыздарды ала качып кетүү учурлары кенен таралган, зордук-зомбулуктун практикасынын «символикалык реликвиясы» болгон» - деп жазат. Башка изилдөөчүлөр Турсунов жана Абдылдаева «ала качуунун» тамыры салтка барып такала турганын, аны кыргыздардын байыркы кездердеги тарыхында байкаса болоорун, эркектер нике жашына жетип калган жаш аялдарды кошуна уруулардан каршылашын жок кылуу, өзүнүн кланын кеңейтүү максатында уурдап кетишкенин жазышат.
 Бакыт менен Айгерим бир класста окушуп, мектепти чогуу аякташкан. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келишип, Америка университетине өтүшкөн. Экинчи курста Бакыт досторуна келип, Айгеримге үйлөнө турганын айтат. Ал досторунан ала качууга жардам берүүлөрүн өтүнөт. Достору жардамдашып, колдошот. Макулдашкандай кыз көчөгө чыгат, бир аздан кийин ал Бакыттын үйүнө барат. Азыр бактылуу жаштар АКШда жашашат, эки баласы бар. Бакыт азыр аналитикалык кызматта иштеп, Айгерим Колумбия университетин аяктап, магистр даражасын алган, азыр мугалимдик ишмердүүлүк менен алектенет.
 27-майда 30 жаштагы Марс Бөдөшев 19 жаштагы Бурулай Турдалиевага үйлөнүүнү каалап, ала качып кеткен. Кыз аны сүйгөн эмес жана башка жаш адамга турмушка чыгууну пландаштырып жүргөн. Уурдаган адам жана кызды тосмоодон кармашкан жана милициянын райондук бѳлүмүнѳ алып келишкен. Эки тарап сүйлѳшүп сѳздү бүтүрүшѳт деген ой менен, Бурулайды ала качкан адам менен жарандарды кабыл алган бөлмөгө калтырып коюшкан. Бирок, тараптар сүйлѳшѳ алышкан эмес… Трагедия болуп, Марс Бурулайды ѳлтүрүп койгон. Киши өлтүрүү милициянын райондук бөлүмүндө болгон. Сурактан кийин жигит ал жакка кирип Бурулайды өлтүрүп койгон.
 Бул окуя коомчулукту кѳтѳрдү, Кыргызстандын бардык областарында аялдардын зордук-зомбулукка кабылышына каршы митингдер болуп, жеке эркиндик тууралуу чакырыктар айтылган.
Бурулайдын сүрѳтү ал окуган Бишкек медициналык колледждин (Логвиненко кѳчѳсү) жатаканасынын фасадына жайгаштырылган
Дагы
  1. Кайсы кырдаалда адам укугу бузулган? Эмне себептен сиз ушунтип ойлойсуз?
  2. Сиздин оюӊуз боюнча, «Ала качуу» салтын сактап калуу керекпи?
  3. Бул салттын оң жактары барбы?
  4. Тааныштардын турмушунан же китептерден, фильмдерден мисал келтиргиле. Аларга өзүңөрдүн бааңарды бергиле.
 Бир нече убакыт бою «ала качуу» жарыяланган адабияттарда салттуу кыргыз практикасынын бири катары каралчу. Бирок кыргыздардын арасында «ала качууга» карата «кыргыз салты» катары кабылдоо тууралуу бир дагы пикир жок. Кыргызча «ала качуу» сөзмө сөз «алып качып кетүү» дегенди туюнтат.
 1938-жылы Фаннина Хале уурдап кетүү практикасы тууралуу жазып, Борбордук Азиядагы кыздарды ала качып кетүү учурлары, кенен таралган, зордук-зомбулуктун практикасынын «символикалык реликвиясы» болгон. Башка изилдөөчүлөр Турсунов жана Абдылдаева «ала качуунун» тамыры салтка барып такала турганын, аны кыргыздардын байыркы кездердеги тарыхында байкаса болоорун жазышат, эркектер нике жашына жетип калган жаш аялдарды кошуна уруулардан каршылашын жок кылуу, өзүнүн кланын кеңейтүү максатында уурдап кетишкен. Абрамзон тарыхта келиндерди алардын макулдугусуз ала качып кетүү жалпы кабыл алынган эмес деп белгилейт.
 Үйлөнүү формасы катары кыздарды ала качып кетүү сейрек кездешкен. Эгер эркектин калың бергенге алы жетпесе, анча көп эмес сумма берип, андан кийин ала качып кетүү тууралуу аял менен макулдашкан. Андан кийин жигиттин атасы кыздын атасына барып уулунун кылганы үчүн кечирим сураган. Бул баруу салты «алдына түшүү» деп аталат. Элдешкенден кийин кыздын энеси күйөө баланын ата-энесине септери менен барган. А. Жумагуловдун айтуусу боюнча эркек аялдын туугандары абдан тасирдүү болгон учурда, аны колдой турган киши болгондо, же жигиттин тараптары жакыр болсо, же ата-энелер никеге каршы болгон учурда ала качышкан дейт. Кѳпчүлүгүндѳ, ала качуу кыздын макулдугу менен ишке ашкан.
 Каримова менен Касыбековдор XVIII-XIX кылымдарда кыздарды ала качып кетүү каржы маселелеринен улам, же ата-энелери макул болбогон учурда жаштардын үйлөнүшүнүн бир ыкмасы болгон деп жазышат. Ар кандай социалдык абал жакыр жигитке байдын кызына үйлөнүүгө мүмкүндүк берген эмес. Бул дал келбестикке бүт тууган-урук каршы болгон. Үйлөнүүнүн бир жолу, «ала качуу» болгон. Ошону менен бирге эле алар мурунку кездерде мындай иши үчүн жигитти катуу жазалашкан деп белгилешет. Кыздарды ала качкандарды таш менен уруп, мунарадан ыргытышкан, анын ичинде Бурана да бар».
 Азыркы учурда жарыяланган адабияттар, окумуштуулар менен маектешүүлѳр, изилдөөнүн жыйынтыктарынан улам 20-кылымда ала качуу өтө сейрек экендигин айтмакчыбыз (макулдугу бар, жок да), ошондуктан аны «салт» деп айтууга болбойт. Салттуу нике уюштурулуп ишке ашкан же жок дегенде уруунун ичинде да, башка уруулардын ортосунда да ата-энелер батасын беришкен2.


 «Ишмердүүлүк» жана «Жѳнгѳ салуу» мазмундук тилкесине ылайык кѳнүгүүлѳрдүн жана тапшырмалардын мисалдары


«Мугалим тууралуу иш» иштиктүү оюну
 Бул тема социалдык инклюзия суроолорун козгойт. Мугалим социалдык инклюзия түшүнүгүн ачат, негизги аныктамаларды, терминдерди берет, бул суроону жѳнгѳ салган укуктук-ченемдик актыларды пайдаланат. Бул ролдук оюн окуучуларга кырдаалды ѳзүнѳн ѳткѳрүүгѳ жардам берет, майып адамдарга эмпатиянын пайда болуусуна түрткү болот. Окуучулар, укуктук булактарга таянуу менен, негиздүү чечимдерди алып чыгышат, кандай укуктар бузулганын аныкташат, басмырлоо формасын аныкташат. Бул тапшырманы аткарууда Адамдын укуктарынын Жалпы декларациясына, эмгек жана иш менен камсыз болуу тармагында басмырлоого тиешелүү БУУнун Конвенциясына, Баланын укуктары жѳнүндѳ Конвенциясына кайрылышат.
 Окуучуларды кырдаал менен тааныштыргыла. Бардык адамдардын аттары ойлоп табылганы тууралуу алдын ала айтып койгула.

Мугалим тууралуу иш

 2016-жылы 1-сентябрда – Иванова Ирина Анатольевна Э шаарындагы №13 мектептин башталгыч класстарына мугалим болуп орношот, ал эми 16-сентябрда мектептин директору Петров Виктор Степанович тарабынан бошотулат. Иванова Ирина Анатольевна сотко иштен бошотулушун мыйзамсыз деп табуу үчүн кайрылган.
 Сотто Виктор Степанович Ирина Анатольевнанын иштен бошотулушун төмөнкүчө түшүндүрөт: «Ирина Анатольевнаны үч айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишими түзүлгөн. Ирина Анатольевна билимдүү адам, майыптыгы эле болбосо, мыкты мугалим болмок. Тилекке каршы, Ирина Анатольевнанын сол колу жок, ошондуктан балдар андан коркушат – ыйлашып, айрымдары класстан качып кетишкен. Ирина Анатольевна 1-класстын класс жетекчиси, балдар абдан кичинекей. Ирина Анатольевна менен жолуккандан кийин балдарды тынчтандырууга көп убара болдук, ал барда балдарды тынчытууга такыр мүмкүн болгон жок. Балдар психологиялык травма алышып, сабакка көңүлдөрү чаппай, окуу программасын өздөштүрө албай жатышат. Бул балдардын билим алууга болгон мыйзамдуу укугуна каршы келет. Тилекке каршы, Ирины Анатольевна 2 жума иштегенден кийин мектепте кырдаал ордуна келген жок – балдар мурункудай эле андан коркушуп, качып атышат, сабак өтүүгө болбой калды.Ирина Анатольевна оор кырдаалда балдарга жардам бере албайт, мисалы медициналык жардам, өрт болсо балдарды көчөгө алып чыга албайт. 14 ата-эне (класстагы балдардын ата-энелеринин жарымы) мага кайрылып, алардын балдарына жаңы мугалим таап берүүнү айтышты, анткени Ирина Анатольевнанын өзгөчөлүгү сабак өтүүгө мүмкүндүк бербейт. Мына ушул жагдайларды эске алып, мен Ирина Анатольевна берилген ишин аткарууга жөндөмсүз деп таап, сыноо мөөнөтүнөн өтпөй калды, иштен бошотуу тууралуу 3 күн мурун эскертип, 16-сентябрда иштен бошоттум».
 Ирина Анатольевна сотто айтты: «Балдар турумушунда өздөрүнө окшобогон ар кандай адамдар менен кездешишет – өзгөчө муктаждыгы бар, ар кандай улуттагы, расадагы адамдар ...Эгер ата-энелер балдарды ар түрдүүлүккө тарбиялашпаса, анда муну менен мектеп алектениши керек. Ал эми сабырсыз ата-энелердин жетегине кетүү көйгөйдү тереңдетет. Коом үчүн көйгөй өзгөчөлүгү бар мугалим эмес, балдарын ушундай тарбиялаган сабырдуу ата-эне болушу керек. Мектепте болушунча ар кандай мугалимдер иштеши керек – эркектер, аялдар, жаштар, карылар, ар кандай расада, улутта, майыптыгы бар, жок... мына ошондо гана балдар толеранттуу болушат. Менин квалификацияма, иштиктүү сапаттарыма мектеп администрациясынын дооматы жок, ойлонуп табылган зарыл медициналык жардам бере албашым, өрт болсо жардам бере албашыман башка күнѳм жок. Мен процессти уюштура алам – башка адамдарды бачым чакырууга жарайм (кошуна класстарда мугалимдер иштешет), мектепте дарыгер бар, экскурсияга, ар кандай жүрүштөргө бир нече мугалим, ата-энелер барышат. Менин иштен бошотулушум басмырлоо жана мыйзамсыз болуп эсептелинет».
 Ролдорду бөлүштүргүлө: сот коллегиясы (3 адам), директор, мугалим, адвокат, мамлекеттик айыптоочу, угуучулар.
 Тандалып алынган окуучулар жыйналыш өткөрүшүп, тараптардын дооматтарын угушат. Процесстин катышуучулары өздөрүнүн пикирлерин негиздеп бериши керек, кандай укуктар бузулду жана басмырлоонун кайсы формасы байкалды. Сот коллегиясы талаш тараптардын пикирлеринин жыйынтыктары боюнча чечим чыгарат.
 Рефлексия. Мугалим окуучу-угуучулар менен бирге сотттун чечиминин мыйзамдуулугу тууралуу талкуулашат. Зарылдыгына жараша мугалим тараптарды коргоо жана айыптоонун каралбай калган жактарын көрсөтүп берет.

«Социалдык инклюзия: долбоордук сунуштар»көнүгүүсү
 Бул кѳнүгүү турмушта социалдык чыгаруудан ѳтүп кетүүгѳ түрткү болот, окуучулар майып адамдар кездеше турган кѳйгѳйлѳрдү талкуулашат, майып адамдардын кандай мыйзамдык укуктары бузулганын аныкташат, алар үчүн коомдук жерлер жеткиликтүүрѳѳк болушу үчүн эмне кылуу керектигине ѳзүлѳрүнүн конкреттүү сунуштарын киргизишет. Майып балдарды окутуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ѳзүлѳрүнүн мектеби үчүн долбоор иштеп чыгышат.
 Мугалим мээге чабуул методун колдонуу менен окуучуларга күнүмдүк турмушта майып балдар/чоңдордун укуктарынын бузулушу боюнча мисалдарды келтирүүнү сунуштайт (Жардам: бейтапканада, коомдук транспорто, дүкөндө ж.б. Азырынча мектептин көйгөйүнө киришпейбиз).
 Мугалим окуучуларды кичи топторго бириктирет жана тапшырма берет, майып балдардын/чоңдордун укуктары бузулган окуяларды ойлоп табуу /эстөө жана аны чечүү жолдорун табуу сунушталат.
 Окуучулар кичи топтордо майып адамдар кезиге турган көйгөйлөр тууралуу талкуулашат, майып адамдардын кандай мыйзамдуу укуктары бузулганын аныкташат. Андан кийин майып адамдар үчүн саналган коомдук жайларды кантип жеткиликтүү кылуу керектигин сунушташат. Алардын максималдуу инклюзиясы үчүн ролдорду жана коомчулуктун жоопкерчилигин бөлүштүрүшөт.
 Топтор иштеп чыккандарын класска тааныштырышат.
 Топто иштегенден кийин мугалим окуучулар менен бирге алардын мектебинде майып адамдар/балдардын окуп, иштешине шарттар түзүлгѳнүн аныкташат. Эгер жок болсо, кырдаалды оңдоо үчүн сунуштарын иштеп чыгышат.
 Сунуштар мектептин сайтында, мектептин холлунда/рекреациянын дубалдарына жайгаштырылат, ошондой эле майып адамдар/балдарды окутуу / иштѳѳ үчүн шарттарды түзүү үчүн чечим кабыл алууга жана кароого директорго, мектеп парламентине же башка мектеп башкаруу структурасына берилет.

«Аял саясатчылар» көнүгүүсү
 Бул кѳнүгүүнү аткаруу менен, окуучулар эркектер жана аялдар ортосундагы айырмачылыктар жѳнүндѳ коомдун туруктуу ойлорун кайра карап чыгышат, жыныстар ортосундагы «табигый» айырмачылыктар биологиялык эмес, социалдык негизге ээ деген жыйынтыкка келишет.
 Мугалим коллажды карап чыгып (аталыштары айтылбайт) бул кандай принципте түзүлгөндүгү тууралуу идеяларды айтуусун сунуштайт. Башкысы – ишмердүүлүктүн тармагын аныктоо (саясат).
 Кичи топтордо иштөө.
 Тапшырма:
  1. коллажды атоо;
  2. интернеттен же таратылган материалдардан бул инсандар тууралуу маалымат табуу (смартфон колдонууга болот) жана коллажды топ маанилүү деп эсептеген маалымат менен толуктоо;
  3. коллажга биздин өлкөдөн өкүлдү кошумчалап, ал тууралуу маалымат тапкыла;
  4. жеке долбоор үчүн (каалоо боюнча):башка өлкөлөрдүн аял саясатчылары тууралуу маалымат даярдагыла.

 Элен Джонсон-Серлиф Африкадагы биринчи президент болгон аял. Ал Либерияга тынчтык орнотууга, өлкөнүн экономикалык жана социалдык тармагынын өнүгүшүнө, аялдардын коомдогу позицияларын бекемдөөгө көп салым кошкон. Аны катуу мүнөзү жана чечкиндүүлүгүнөн улам «темир леди» деп аташкан. Либериядагы аялдардын 75%ы соода тармагында иштешет. Мына ошондуктан өлкөдө 2007-жылы «Серлиф рыногунун аялдарынын фонду» негизделген. Бул уюмдун максаты рынокторду кайра калыбына келтирүү жана куруу болгон. 2011-жылы Нобель комитети Элен Джонсон-Серлифке «Аялдардын коопсуздугу, дүйнөнү курууга аялдардын толук кандуу катышуу укуктары үчүн зомбулуксуз күрөшү»3 тынчтык сыйлыгын ыйгарган.

 Катрин Якобсдоттир - Исландиянын 28-премьер-министри. Рейкьявикте туулган, исланд тили жана адабияты боюнча эксперт катары окуудан өткөн, андан кийин журналист болуп иштеп, Исландия Университетинде лекция окуган. 2003-жылы Катрин Солчул жашылдар кыймылынын төрагасынын орун басары болуп калат. Төрт жыл Исландиянын Билим берүү, илим жана маданият министри болуп иштеген.2017-жылы бир нече прогрессивдүү партиялардын коалициясын башкарган, 30-ноябрда тарыхта Исландиянын экинчи премьер-министри болуп калат.Үй-бүлөсү, үч уулу бар, Исландиянын футбол командасынын фанаты4.

 Сахле-Ворк Зевде – Эфиопиянын Президенти. Аддис-Абебада төрөлгөн. Франциядан Монпелье университетинен жогорку билим алган, табигый илимдерди үйрөнгөн. Мекенине кайтып келип 1976-жылы Билим берүү министрлигинде иштеп, кийинчерээк ушул департаментти башкарган. Андан кийин тышкы иштер Министрлигине кызматка өтөт. 1989-жылы Зевде Эфиопиянын Сенегалдагы, бир эле учурда Мали, Гамбия, Гвинея, Гвинея-Бисау жана Кабо-Вердедеги элчилигин башкарган. Ал өлкөнүн тарыхындагы элчи болуп дайындалган экинчи аял. 2009-жылы БУУнун генералдык катчысынын Борбордук-Африка Республикасындагы атайын өкүлү кызматын аркалаган (БАР). Мартта 2011-жылы Найробидеги БУУнун бөлүмүнүн генералдык директору (БУУнун генсектин орун басары), ушул кызматтагы биринчи аял болгон. 25-октябрында 2018-жылы Сахле-Ворк Зевдени өлкөнүн парламенти президент кылып шайлаган. Өлкөнүн тарыхында ушул кызматты ээлеген биринчи аял болуп калды5.

 Тереза Мэри Мэй - Улуу Британиянын экс-премьер-министри. Чыгыш Сассекс, Истборнда туулуп, Оксфорд университетин география бакалавры даражасын аяктаган. 2016-жылдын 11-июлунан тартып Консервативдик партиянын Лидери. Аялдардын жана тең укуктуулук иштери боюнча министр (2010-2012) жана ички иштер министри (2010-2016). Община Палатасынын мүчөсү (1997-азыркыга чейин). Улуу Британиянын тарыхындагы (Маргарет Тэтчерден кийин) экинчи өкмөт башчысы. 2019-жылы 24-майда 7-июндан тартып Тереза Мэй Улуу Британиянын Консервативдик партиясынын лидеринин постун таштап кетери белгилүү болду. Бирок, консерваторлордун жаңы лидерин шайлоо аяктаганга чейин министрлер кабинетинин жетекчисинин милдетин аткарып турду. 23-июль, 2019-жылы Борис Джонсон Консервативдик партиянын лидери болуп шайланды. 24-июлда 2019-жылы Тереза Мэй премьер-министрдин ордунан кетти6.

 Меркель Ангела - Германиянын федералдык канцлери. Гамбургда туулган. 1968-жылы ГДРде орус тили боюнча мектеп олимпиадасынын жеңүүчүсү болуп, СССРге саякатка барууга мүмкүнчүлүк алган. Лейпциг университетинин физика факультетин 1978-жылы аяктап, 1990-жылдарга чейин ГДР илимдер Академиясынын физикалык химия Институттунун кызматкери болуп, 1986-жылы физика илимдери боюнча доктордук диссертациясын жактаган. 1989-жылы Демократиялык ойгонуу уюмуна кирип, бир жылдан кийин анын пресс-катчысы болуп калат. 1994-жылы айлана чөйрө иштери боюнча министр болуп дайындалат. Ал эми 22-ноябрда 2005-жылы ФРГнын федералдык канцлери болуп шайланат. Ангела Меркель биринчи аял федералдык канцлер жана ошону менен эле ФРГнын тарыхындагы эң жаш канцлер (51 жашында). Мындан тышкары ал жаңы федералдык жерлердин биринчи өкүлү, биринчи табигый илимдер боюнча билими бар федералдык канцлер. 14-март, 2018-жылы Германиянын Бундестагы Ангела Меркелди ФРГнын федералдык канцлердигине төртүнчү мөөнөткө катары менен шайлады7.

 Редди Пэтси - Жаңы Зеландиянын 21-генерал-губернатору. Матаматада туулган. Веллингтондогу Виктория Университетинде окуган, 1976-жылы укук боюнча бакалавр даражасын, 1979-жылы – магистр даражасын артыкчылыгы менен аяктаган. Виктория Университетинин юридика факультетинде мугалим болуп иштеген. 1982-жылы «Watts and Patterson» веллингтон адвокаттык фирмасына ишке кирет, салык жана корпоративдик иштер, кино өндүрүшү тармагында адистешип, биринчи аял-өнөктөш болуп калат. 2016-жылы Жаңы Зеландиянын өкмөтүнө чалгындоо агенттиктери боюнча көз карандысыз доклад даярдап, анда жаңы зеландиялыктардын жеке маалыматтарын көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк коммуникациянын коопсуздук Кызматын кеңейтүү сунушталган. 2016-жылы Елизавета II Пэтси Реддини Жаңы Зеландиянын Джерри Матепараинин мөөнөтү аяктагандан кийин генерал-губернаторлугуна дайындоону жактырган 8.


Сѳздүк

Бодхи багы – буддизмдин ыйык багы, анын алдында Буддага ачык-айкындык келген.
Булак: Энциклопедиялык сѳздүк.

Сегиз жол – азап тартуунун токтошуна жана кайра тѳрѳлүүсүнѳн бошотууга алып келген Будда кѳрсѳткѳн жол.
Булак: Дүйнѳ диндеринин акылмандуулугу М.: Эксмо, 2012г.

Консенсус – талаш-тартыштын натыйжасында жетишилген талаш суроо боюнча макулдук.
Булак: Т.Ф. Ефремова Орус тилинин жаӊы сѳздүгү.

Коллаж – бул көптөгөн фотография жана картиналардан турган өзгөчө оригиналдуу сүрөт.
Булак: «Фотоколлаж» сайты

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү