Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

«Адам жана коом» жана «Тарых» предметтерин окутууда гендердик жана басмырлоого каршы мамиле


Бул бапты окуп-үйрѳнүүнүн натыйжасында силер:

  • «Адам жана коом» жана «Тарых» предметтерин окутууда гендердик жана басмырлоого каршы мамиле деген эмне экендигин түшүндүрѳ аласыӊар;
  • кепте гендердик тармактагы «тарыхый дүйнѳ», «эркектик дүйнѳ», «патриархалдык жана матриархалдык коом» сыяктуу негизги түшүнүктѳрдү сабаттуу пайдаланасыӊар;
  • аялдардын тарыхынын жаралышы жѳнүндѳ тереӊирээк билимге ээ болосуӊар;
  • гендердик мамилени эске алуу менен тарыхый материалды сын кѳз карашта аӊдап-түшүнѳсүӊѳр.

 Мектепте «Адам жана коом» жана «Тарых» предметтерин окутууда гендердик жана басмырлоого каршы мамиле маданиятты жана коомду кабыл алуунун жаӊы моделин тастыктоону билдирет, ишенимден жана ойдон фактыларды бѳлүүнү болжолдойт. Ал ѳзүнѳ жарандык коомдун мүчѳлѳрүнүн маанилүү инсандык мүнѳздѳмѳлѳрүн – гендердик сезимталдуулукту, инсанды сыйлоону жана саясий сылыктыкты камтыйт. Билим берүү гендердик жана социалдык стереотиптерди азайтуу менен окуучуларга чыныгы жарандык теӊдикке жетишүүгѳ жардам берет, анда ар түрдүү социалдык топтордогу эркектер жана аялдар кызматташтык жана сыйлоо рухунда бирге жашай алышат.

 Гендердик жана басмырлоого каршы мамиленин базиси болуп жыныстар жана расалык/этникалык топтордун ортосундагы салттуу «табигый» деп эсептелген бардык айырмачылыктар биологиялык эмес, социалдык негизге ээ жѳнүндѳгү түшүнүктѳр эсептелет.


Гендердик тармактагы негизги түшүнүктѳр

 Гендер (англ. «gender») бул дүйнөдөгү жашоонун чагылышы, анда биз бардыгыбыз аялбыз жана эркекбиз, анда белгилүү жыныстык ролдордун стереотиптери калыптанган . Жыныс категория катары эки элементтен турат: биологиялык жыныс (sex) жана социалдык жыныс (gender). Гендер жыныс боюнча коомдун мүнөздөмөсүнүн негизин билдирет.
 Гендер – бул биологиялык жыныс эмес, социалдык мамиле, ар бир адамды социалдык мамилелердин терминдеринде кѳрсѳтүлүшү. Окумуштуулар гендердик мамилелерди б.а. эркектер менен аялдардын ортосундагы мамилени социалдык уюштуруунун бир бөлүгү катары карашат.
 «Тарыхый дүйнө» кылымдардан бери саясий окуялардын үстөмдүгү менен «эркектер дүйнөсү» катары калыптанып келген, анда аял эркек катары коомдун маданий жана социалдык ченемдерине ылайык белгилүү жүрүм-турум моделин карманат2.
 «Эркектердин дүйнөсү» - бул коомду куруунун иерархиялык ыкмасы. Гендердик иерархия – бардык иерархиялык системалардын ичинен абдан бекеми жана узакка жашаганы. Ал жүз жылдардан бери гендердик моделди сунуштаган жана гендердик иденттүүлүктү калыптандырган. Жыныстардын басмырлоосу адамдын ой жүгүртүүсүнѳ күчтүү так калтырган. Эркектердин маданияты, анын баалуулуктары абсолюттук болуп саналат; эркектер күчүн үрөгөн тармактар – коомдук ишмердик, илим, искусство. Аял болсо дайыма эле эркекке баш ийип, үй-бүлөнүн бакубатчылыгы жѳнүндѳ кам көрүүгө тийиш болгон, анын милдети – үй жумушу.
 Патриархалдык жана матриархалдык коом. Гендердик теорияда патриархалдык жана матриархалдык деген терминдер колдонулат, алар жыныстардын теңсиздигин болжолдогон жыныстык ролдору так бөлүштүрүлгөн мамилелери менен коомдун архаикалык уюштурулушунун белгилүү принциптерине басым жасашат. Эркек – таап келгич, аял – очоктун сактоочу. Андроборбордук (грек тилинен - эркек) мамиле антика мезгилинен тартып тарыхта орун алган, мында аял жарандык укуктун субъектиси болгон эмес3.


Джоан Смит боюнча тарыхый материалды талдоо

  1. Маданий символдорду талдоо, б.а. коомдо аялдардын образы тууралуу жана эркектердин образы тууралуу түшүнүк кантип түзүлгѳн.
  2. Ченемдик-укуктук мейкиндикте (диний, укуктук, саясий доктриналарда) образдардын бекемделишин талдоо.
  3. Социалдык-институционалдык тарыхты талдоо (коомдун бардык тармактарында бийлик кантип бөлүштүрүлѳт жана кайра бөлүштүрүлүшү ишке кантип ашырылат: үй бүлө, социалдык страта, мамлекет)4.
  4. Жыныстык ролдорду жекече-психологиялык кабыл алууну талдоо (идеалдуу аял-эркектин образдарынын маданий жактан белгилениши менен гендердик иденттүүлүк дал келеби).
Сѳздүк

Эммелин Панкхёрст (1858-1928) – англиялык коомдук жана саясий ишмер, аялдардын укугуна күрѳшкѳн аял, англиялык суфражист аялдардын кыймылынын лидери аялдардын шайлоо укугуна күрѳшүүдѳ маанилүү ролду ойногон..
Источник: Д.Приходько. Суфражистки.История в лицах.

Джоан Смит (Joanne Ninive Smith) 12-май, 1934-жылы тѳрѳлгѳн. Америкалык коомдук жана саясий ишмер, 1986-жылдан баштап 1997-жылга чейин 13-шайлоо округунан Нью-Джерси штатынан Генералдык Ассамблеяда кызмат ѳтѳгѳн. Азыркы учурда Бруклинде жашайт. «Кыздар гендердик теӊдик үчүн (Girls for Gender Equity)» коммерциялык эмес уюмдун негиздѳѳчүсү жана аткаруучу директору болуп эсептелет.
Толугураак: Уюмдун ишмердүүлүгү жѳнүндѳ твиттердеги барак «Кыздар гендердик теӊдик үчүн /Girls for Gender Equity (GGE)».

Маданияттын символу – белгилүү коомдун же конкреттүү социалдык топтун мүчѳлѳрү үчүн шарттуу нерселик белгиси.
Булак: Академиктеги сѳздүктѳр жана энциклопедиялар.

Гендердик иденттүүлүк (тиешелүүлүк) - социалдык тишелүүлүктүн негизги структурасы, ал адамды (индивидди) эркектердин же аялдардын тобуна тиешелүүлүк кѳз карашында мүнѳздѳйт, ушул жерде адамдын ѳзү ѳзүн кантип категориялаганы абдан маанилүү.
Булак: Гендердик терминдердин сѳздүгү. А.А. Денисованын редакциясы алдында - М., 2002

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү