Гендердик укук жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын жетишкендиктерин баалоого мамилелер
Бул бапты окуп-үйрѳнүүнүн натыйжасында силер:
- предметтик стандарттардагы маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүнүн сапатына баа берүүнүн жаӊы Концепциясынын сунуштары менен дал келтире аласыӊар;
- гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында ѳзѳктүү, предметтик жана негизги компетенттүүлүктѳрдүн ѳз ара байланышын түшүндүрѳ аласыӊар;
- предметтик стандарттын сунуштарын окуучулардын негизги комптенттүүлүктѳрүн баалоо процессин пландаштырууда жетекчиликке ала аласыӊар.
Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигининин негизин алардын окуучулардын ѳсүүсүн так баалоо жѳндѳмдүүлүгү түзѳт.
Майкл Барбер,
Бостон университетинин профессору
«Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых»1 жана «Адам жана коом»2 предметтик стандарттарында баалоо кѳйгѳйүн чечүү боюнча концепциянын сунуштары конкреттештирилген. Ушул сабактарда баалоо процессин пландаштыруу жана ишке ашырууда мугалим жетекчиликке алышы керек болгон стратегиялар жана принциптер аталган.
Гендердик теӊдик жана социалдык камтууну алдыга жылдыруу үчүн негизги компетенттүүлүктѳр тепчип ѳтүү мүнѳзгѳ ээ болгондугуна жана ѳзѳктүү, предметтик компетенттүүлүктѳрүнүн курамдык бѳлүгү болуп эсептелгендигине байланыштуу окуучулар тарабынан ѳздѳштүргѳндүгүн баалоо ошол эле принциптерге жана стратегияларга негизделиши керек.
Сѳздүк
Чен-ѳлчѳмдүк баалоо – бул ѳзѳктүү жана предметтик компетенттүүлүктѳрдүн
калыптануусуна түрткү болгон, билим берүүнүн максат жана мазмунуна ылайык келген, билим берүү
процессинин бардык катышуучуларына алдын ала белгилүү болгон жана коллективдүү иштеп чыккан,
ачык-айкын чен-ѳлчѳмдѳрү менен окуучулардын билим берүүчүлүк жетишкендиктерин салыштырууга
негизделген процесс.
Булак: 5-9 класстар үчүн «Адам жана коом» предметтик стандарты, 2018-ж.
Калыптандыруучу баалоо материалды (ишти аткаруунун темпи, теманы ѳздѳштүрүү
ыкмалары ж.б.) ѳздѳштүрүүнүн жеке ѳзгѳчѳлүктѳрүн эске алуу менен окуучулардын ѳсүүсүн (прогрессин)
аныктоо үчүн, ошондой эле ийгиликке жетишүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында колдонулат.
Окуучунун ѳсүүсү (прогресс) алар тарабынан аткарган конкреттүү иштин негизинде билим берүүчүлүк
тармактардын алкагында окутуунун максаттарында камтылган аныкталган натыйжаларга жетишүү катары
аныкталат. Мугалим окуучунун жекече ѳсүүсүнѳ (прогресс) байкоо жүргүзүүлѳрүн журналга баа түрүндѳ
белгилейт.
Булак: Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү
стандарты, 2014-ж.
Китепкана
- «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» 5-9 класстар үчүн предметтик стандарт. – Бишкек, 2018-ж.
- «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» 10-11 класстар үчүн предметтик стандарт. – Бишкек, 2019-ж.
- «Адам жана коом» » 5-9 класстар үчүн предметтик стандарт. – Бишкек, 2018-ж.
- «Адам жана коом» 10-11 класстар үчүн предметтик стандарт. – Бишкек, 2019-ж.
- Бирге жашаганга үйрөнөбүз: Мектеп окуучуларынын гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербөө тармагындагы негизги кемпетентүүлүктөрүн калыптандыруу боюнча методикалык колдонмо
- Бирга яшашни ўрганамиз: Гендер тенглик ва камситмаслик соҳасида ўқувчиларнинг асосий компетентлигини шакллантириш бўйича услубий қўлланма