Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Тарых жана адам жана коом сабактарында билим берүүчү натыйжаларын аныктоонун мисалдары жана алгоритми


Бул бѳлүмдү окуп-үйрѳнүүдѳ силер:

  • гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги компетенттүүлүктѳр менен сабактын темасын салыштыра аласыӊар;
  • негизги компетенттүүлүктѳрдү ѳнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктѳр менен сабакта окуп-үйрѳнүү керек болгон материалга ылайыкташтыра аласыӊар;
  • тигил же бул негизги компетенттүүлүктѳр менен байланышкан керектүү тема боюнча конкреттүү билим берүүчү натыйжаларды жаза аласыӊар.

 Сабактарды пландаштыруу үчүн негизги компетенттүүлүктѳрдүн билим берүүчү натыйжаларын аныктоонун универсалдуу алгоритми барбы? Бул суроо Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо институтунун адистери менен талкууланды. Ар түрдүү варианттар сунушталды, бирок алардын бардыгы бир нече милдеттүү кадамдарды камтыды:

  • сабакта карала турган аспектини тактоо үчүн бардык учурда негизги компетенттүүлүктѳрдүн тизмесин карап туруш керек;
  • гендер, социалдык инклюзия, басмырлоого жол бербѳѳ кѳз карашында теманын мазмунунун мүмкүнчүлүктѳрүн аныктоо;
  • күтүлүүчү натыйжаларга киргизиш керек болгон негизги компетенттүүлүктѳрдүн аспектилерин/аспектисин бѳлүп кароо;
  • ѳздѳштүрүү деӊгээлдери боюнча окутуунун натыйжаларын (таанып-билүүчүлүк, баалуулук-эмоционалдык, практикалык) формулировкалоо;
  • окуучулар менен окутуунун натыйжаларын макулдашуу жана керектүү түзѳтүүлѳрдү киргизүү.


«Адам жана коом» предмети боюнча сабактарда күтүлүүчү натыйжаларды аныктоонун мисалдары

 «Адам жана коом» боюнча программа менен иштѳѳ тарых боюнча программа менен иштѳѳгѳ караганда салыштырмалуу абдан ыӊгайлуу, анткени мугалимде социалдык инклюзия жана гендердик теӊдик боюнча материалдардын кайсы бир темаларын кошумчаласа жана ѳз алдынча пландаштырса боло тургандай резервдик сааттары бар. Кененирээк карайлы.

 «Адам жана коом» окуу программасы, 7-класс

 I. АДАМ

 1-тема. Адамдын мүмкүнчүлүктөрү (1с)

 Таланттын пайда болушу жана анын келечекке тийгизген таасири. Тарбиялоо жана адамдын өзүн өзү тарбиялоосу. Адамдын керектөөлөрү жана кызыкчылыктары. Адамдын материалдык жана рухий кызыкчылыктары. Мүнөздүн калыптанышы. Адамдын турмуштук кѳз карашы.

 1-кадам: Негизги компетенттүүлүктөрдүн жыйындысы менен темаларды салыштыруу

  1.1.Негизги компетенттүүлүктөрдү бѳлүп кѳрсѳтүү

  Бир караганда берилген тема гендер жана теңдик маселелери менен түздөн-түз байланыштуу эмес, бирок негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин карасак, анда биринчи тематикалык блок баалуулуктарга жана жүрүм-турумга багытталган башка бир катар компетенттүүлүктөр жана биринчи тематикалык блок менен ушул ѳз ара байланышты байкаса болот.

 Негизги компетенттүүлүктөрдүн тематикалык блоктору

 I. Көп түрдүүлүктү калыптандыруудагы социалдык факторлордун биринчи даражадагы ролу:
  1.1. Жыныстык айырмачылыктагы биологиялык жана социалдык факторлордун ортосундагы айырманы түшүнүү жана түшүндүрүү;
  1.2. Этномаданий көп түрдүүлүктүн социалдык факторлордун башкы жана негизги ролун түшүнүү жана түшүндүрүү;
  1.3. Гендердик роль деген эмне экендигин билүү жана гендердик ролдордун калыптанышындагы социалдык жана экономикалык факторлордун маанисин бөлүп көрсөтүү;
  1.4. Майыптуулуктун медициналык жана социалдык моделин айырмалоо, жеке жана коомдук өнүгүү үчүн чөйрөнүн маанисин түшүнүү жана түшүндүрүү;

 IV. Теңсиздик жана басмырлоонун келип чыгышындагы стереотиптердин жана жаңылыш көз караштардын ролу:
 4.5. Топтун алдындагы адамдын индивидуалдуу/жеке мүнөздөмөсүнүн артыкчылыгын таануу, адамдарга жана социалдык кубулуштарга карата өзүнүн жеке мамилесин баалай билүү жана сынчыл талдай билүү;

 V. Теңдик жана басмырлоого жол бербөө баалуулуктары:
 5.3. Теңдик жана басмырлоого жол бербөө баалуулуктарын таануу;
 5.4. Адам укуктарынын ченемдерин жана баалуулуктарын, көп түрдүүлүктү, социалдык инклюзия, гендердик теңдик, диний толеранттуулук жана турмуштун бардык тармагында басмырлоого жол бербөөнү алдыга жылдырган жүрүм-турумду практика жүзүндө көрсөтүү.

  1.2. Аталган тема жана негизги компетенттүүлүктөр менен кантип байланыша турганын түшүндүрүү:

  Талант ишмердүүлүктѳ гана өнүгөт – бул сабактын жүрүшүндө өздөштүрүлө турган маанилүү корутунду. Окуучуларга эң бир таланттуу дасыккан пианист өмүрүндө бир да жолу пианино ойноп көрбөсө, же музыканы окубаса, эч качан өзүнүн таланты тууралуу билбей калышы мүмкүн жөнүндө ойлонуусун сунуштагыла. Балдар менен талкуулай турган башка суроо компьютерди ойлоп чыгышканга чейин таланттуу программисттер эмне менен алек болушкан? Мына ушул кыскача талкуунун жыйынтыгы ар кандай жөндөмдүүлүктѳрдү (бул искусство, илим, өнөр же кесиптик ишмердүүлүк болобу маанилүү эмес) өнүктүрүүдө башкы ролду социалдык факторлор ойной тургандыгын окуучулар тарабынан түшүнүүсүнѳ алып келет:

  1. чөйрө (кызыккан ата-энелер, педагогдор, достор жана курчаган башка чөйрө);
  2. мүмкүнчүлүктөр (шарттардын, инструменттин, музыкалык мектептин, спорт секцияларынын ж.б. болушу);
  3. адам өзү киргизген эмгек жана аракетчилдик.

  Табигый дээр айрым бир көндүмдөрдү бирөө тезирээк, башкалар жайыраак өздөштүрө турганын, башкасынан чымырканган аракетти, дагы башкадан азыраак чымырканууну талап кыла турганынан көрүнөт, бирок жыйынтыгында чеберчиликтин белгилүү бир деңгээлинде табигый дээрдин даражасы бардык тармакта түшүмдүү ишмердүүлүк үчүн олуттуу мааниге ээ болуусун токтотот – кызыгуу жана салынган эмгек гана мааниге ээ болуп калат.

  Бул факторлорду талкуулоо менен, майып балдардын көйгөйүн, алардын жашоодогу ийгилиги ден-соолугуна байланыштуу көйгөйгө эмес, чөйрөгө канчалык байланыштуу экендигин талкууга камтууга болот.

  Жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү программада көрсөтүлгөн керектөөлөр темасы менен тыгыз байланышкан: чөйрө жана индивиддин табияттык дээри эле эмес, анын керектөөсү жана кызыкчылыктары өзүн өзү өнүктүрүү үчүн олуттуу мааниге ээ.

  Инсандын өнүгүүсү өспүрүмдүн жынысы менен кантип байланыша турганын талкуулоо дагы маанилүү – эркек балдар менен кыздар бир эле секцияга же ийримге барышабы же ар башкага барышабы? Бул алардын тандоосу менен кантип байланышта? Бул адилеттүүбү?

  Мүнөздүн калыптанышы жыныска байланыштуу болобу? Адамдын чынчылдыгы, кайраттуулугу, жардамга даяр болуусу адамдын жынысынан кѳз карандыбы? Жыныстан дагы эмне конкреттүү кѳз каранды? Мына ушул сыяктууларды этномаданий өзгөчөлүктөргө байланыштуу да талкуулоого болот. Мүнөздүн калыптанышы адамдын этникалык белгисинен кѳз карандыбы?

 Сабактын жыйынтыгында окуучулар ушул суроолорго жооп алышы керек: адамдын инсандык сапаттары жынысынан жана этникасынан эмес, өзүнөн кѳз каранды. Мына ушунтип, сабактын билим берүүчү натыйжалары биринчи тематикалык блоктун негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга, ошондой эле теңдик жана басмырлоого жол бербөө баалуулуктарына таасирин тийгизет.

 2-кадам: Таанып билүү деңгээлинде билим берүүчүлүк натыйжаларын аныктоонун үстүндө иштөө.

  Таанып билүү деңгээлинде сабактын максатын аныктоо өзүнө белгилүү бир түшүнүктөрдү өздөштүрүүнү же принциптерди, мыйзамченемдүүлүктөрдү түшүнүүнү камтыйт. Бул учурда иш төмөнкү түшүнүктөр менен жүргүзүлөт: табигый дээр, жөндөмдүүлүктѳр, чөйрө, мүмкүнчүлүктөр, өзүн өзү тарбиялоо жана өнүгүү. Керектөөлѳр жана кызыгуулар сыяктуу түшүнүктөр да кайсы бир деңгээлде каралат. Окуучулар түшүнө турган негизги мыйзамченемдүүлүк – бул өспүрүмдүн өнүгүү жана өзүн ѳзү өнүктүрүүсүндөгү социалдык факторлордун башкы ролу.

  Ошондо таанып билүү натыйжаларын тѳмѳнкүдѳй формулировкаласа болот:

  1. табигый дээр, жөндөмдүүлүк, чөйрө, мүмкүнчүлүк, өзүн өзү тарбиялоо жана өнүгүү – түшүнүктөрү жөнүндө маалыматы бар;
  2. белгилүү бир социалдык шартта табигый дээрди жөндөмдүүлүктүн ѳнүгүүсүнѳн айырмалай алат;
  3. жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүдөгү индивиддин керектөөлѳрүнүн жана кызыгууларынын ролун түшүнөт;
  4. гендердик роль жана этномаданий чөйрөнү камтуу менен табигый дээрге карата жөндөмдүүлүктѳрдү өнүктүрүүдө социалдык факторлордун башкы ролун түшүндүрө алат.

 Окуучулар түшүнө турган негизги мыйзамченемдүүлүк – бул өспүрүмдүн өнүгүү жана өзүн ѳзү өнүктүрүүсүндөгү социалдык факторлордун башкы ролу.

 3-кадам: Баалуулуктар деңгээлинде сабактын натыйжаларын аныктоонун үстүндө иштөө.

  Бул деңгээлде натыйжаларды аныктоо үчүн сабакта өздөштүрүлө турган башкы баалуулуктарды жана мамилелерди бөлүп алуу зарыл. Алардын бардыгы саналып өтүлгөн компетентүүлүктөрдө берилген, бирок бийик даражада 20-компетенттүүлүктө көбүрөөк көрсөтүлгөн: теңдик жана басмырлоого жол бербөө баалуулуктарын таануу. Баалуулуктар деңгээлинде натыйжаларды аныктоо таануу, бөлүү, сезүү ж.б. сыяктуу этиштерди колдонуу менен байланышкан. Сунушталган темаларды талдоодо окуучуларда аялдар менен эркектердин кызыкчылыктары бирдей боло турганын, ал коомдун күтүүлөрү менен дайыма эле дал келе бербей турганы жөнүндө позитивдүү жана эмоционалдуу мамилелери калыптанышы керек. Мисалы, аял илимге кызыгышы мүмкүн, ал эми эркек көп убактысын үй-бүлө, балдарды тарбиялоо менен өткөрөт.

  17-компетенттүүлүккө көңүл буруу маанилүү: Топтун алдындагы адамдын индивидуалдуу/жеке мүнөздөмөлѳрүнүн артыкчылыгын таануу, адамдарга жана социалдык кубулуштарга карата өзүнүн жеке мамилесин баалай алуу жана сынчыл талдай билүү. Ошого жараша, адамдын турмуштук кѳз карашы – бул анын жеке тандоосу, ал жыныстык, этникалык тиешелүүлүгүнѳн, майыптуулугунун бар болушунан ж.б. көз каранды эмес деген класстын түшүнүгү калыптанат.

  Сабактын эмоционалдык маанилүү натыйжаларына адатта, атайын уюштурулган көнүгүү, ролдук оюндар, талаш-тартыштар аркылуу жетүүгө болот, анда балдар жана өспүрүмдөр өзүн башка адамдын ордуна коюшуп, алардын тажрыйбасын жарым-жартылай башынан ѳткѳрүшүп, окшош сезимдерин туя билишет. Бул сынчыл ой жүгүртүүдѳ чоӊ роль ойногон эмпатия жана рефлексияны өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү, ал баалуулуктар жана интеллект бири-биринен көз карандысыз өз алдынча калыптанбайт, тескерисинче бири-бири менен тыгыз байланыштуу дегенди билдирет. Кошо кайгырууга үйрѳнбѳгѳн адамдар кырдаалды ылайыктуу талдай алышпайт, башка адамдардын жүрүм-турумдарын болжолдой алышпайт, ал ѳз учурунда түшүнбөстүккө, чыр-чатакка алып келет.4-кадам

 Күтүлүүчү натыйжалардын төмөнкүдөй туюнтулушун сунуштаса болот:

  1. эркек жана аялдар, ар кайсы топтордун ѳкүлдѳрү үчүн теӊ жѳндѳмдүүлүгүн тааныйт;
  2. өздөштүрүлгөн теманын алкагында ар кайсы адамдарга карата теӊ мамилени туура көрөт;
  3. өзүнүн жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга аёо сезимин башынан ѳткѳрѳт.

 Сабактын эмоционалдык маанилүү натыйжаларына адатта, атайын уюштурулган көнүгүү, ролдук оюндар, талаш-тартыштар аркылуу жетүүгө болот, анда балдар жана өспүрүмдөр өзүн башка адамдын ордуна коюшуп, алардын тажрыйбасын жарым-жартылай башынан ѳткѳрүшүп, окшош сезимдерин туя билишет. Бул сынчыл ой жүгүртүүдѳ чоӊ роль ойногон эмпатия жана рефлексияны өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү, ал баалуулуктар жана интеллект бири-биринен көз карандысыз өз алдынча калыптанбайт, тескерисинче бири-бири менен тыгыз байланыштуу дегенди билдирет. Кошо кайгырууга үйрѳнбѳгѳн адамдар кырдаалды ылайыктуу талдай алышпайт, башка адамдардын жүрүм-турумдарын болжолдой алышпайт, ал ѳз учурунда түшүнбөстүккө, чыр-чатакка алып келет.

 4-кадам: Сабактын белгилүү бир натыйжаларын практика жүзүндө аныктоонун үстүндө иштөө.

  Берилген натыйжалар материалды өздөштүрүүнү тастыктаган жана 21-компетенттүүлүктө чагылдырылган практикалык көндүмдөрдү камтыйт. Адам укуктарынын ченемдерин жана баалуулуктарын, көп түрдүүлүктү, социалдык инклюзия, гендердик теңдик, диний толеранттуулук жана турмуштун бардык тармагында басмырлоого жол бербөөгө өбөлгө болуучу жүрүм-турумду практика жүзүндө көрсөтүү. Практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгѳ биринчи кезекте окутуунун методдору жана ыкмалары, сабакта чөйрөнү уюштуруу камтылышы керек.

  Практикалык деңгээлде натыйжаларды төмөнкүдөй туюнтууга болот:

  1. адамды кемсинтүүчү сөздөргө көңүл бурат жана туура баасын бере алат;
  2. биргелешип иштөөдө башка окуучуларды урматтоону иш жүзүндө көрсөтөт;
  3. кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгон жолдошторуна эмпатиясын билдирет.

 Практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгѳ биринчи кезекте окутуунун методдору жана ыкмалары, сабакта чөйрөнү уюштуруу камтылышы керек. Бул тема боюнча иштѳѳ менен, окуучуларда ѳз ара сыйлоону, уга алууну, ѳзүнүн оюн башкалардыкынан бийик койбоо керектигин практикалоо мүмкүнчүлүгү пайда болгон методикаларды ойлоп табуу керек, ал ѳз учурунда таанып-билүүчүлүк жана баалуулук деӊгээлдерде натыйжалардын ѳнүгүүсүнѳ жардам берет.

 «Кыргызстандын тарыхы» окуу программасы, 8-класс (жумасына 2 саат, жылына 36 саат)

 I. АДАМ

 1. Кыргызстан XIX кылымдын биринчи жарымында. 2 саат

 Аймагы жана калкы. Кыргыз уруулары жана алардын жайгашуусу. Чарбачылык, социалдык түзүлүш, административдик-саясий түзүлүш. Түштүк Кыргызстандын Кокон хандыгы тарабынан басып алынышынын аякталышы. Өлкөнүн түндүгүндө Кокон хандыгынын бийлигинин орношу. Кыргыз-орус элчилик мамилелери.

  8-класста бериле турган өзгөчө олуттуу маселелердин бири (жана башка темалар) – бул Мамлекеттик программа жана окуу китептеринин толугу менен дал келбеши. Мындай учурларда мугалим үчүн башкы документ болуп окуу китеби эмес, программа эсептелет, демек теманы өздөштүрүү үчүн окуу китебин зарылдыгына жараша көлөмдө пайдалануу сунушталат. Бул учурда окуу китебинин 3-параграфы программада 2 саат бөлүнгөн темага арналган.

 1-кадам: Базалык компетенттүүлүктөрдүн жыйындысы менен темаларды салыштыруу

  1.1. Негизги компетенттүүлүктѳрдү бѳлүп кѳрсѳтүү

  Өздөштүрүлө турган тема үчүн маанилүү төмөнкү негизги компетенттүүлүктөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот (дагы башкалар сыяктуу «Тарых» сабагында):

 Негизги компетенттүүлүктөрдүн тематикалык блоктору

 II. Көп түрдүүлүктүн калыптанышындагы тарыхтын ролу
  2.1. Тарыхый мүнөздү жана гендердик ролдордун өзгөрүлмөлүүлүгүн түшүнүү жана түшүндүрүү;
  2.2. Азыркы мамлекеттердин, улуттардын жана этномаданий топтордун тарыхый мүнөзүн түшүнүү жана түшүндүрүү;

 III. Теңсиздиктин орун алышынын тарыхый жана социалдык мүнөзү
 3.1. Экономикалык, саясий жана социалдык тармактардагы аялдар жана эркектердин ортосундагы структуралык теңсиздиктин калыптанышындагы гендердик ролдун катышын талдай билүү;
 3.2. Ааламдык, аймактык жана локалдык деңгээлде структуралык теңсиздиктин калыптанышындагы тарыхый шарттардын ролун талдай билүү;
 3.3. Айрым топтордун стигматизациясын камтуу менен аялуу топтордун калыптанышындагы социалдык факторлордун табиятын түшүнүү;
 3.4. Басмырлоого жакын социалдык топторду бөлүп көрсөтүү жана талдай билүү.

 IV. Теңсиздик жана басмырлоонун келип чыгышындагы стереотиптердин жана жаңылыш көз караштардын ролу
 4.2. Ар кандай этномаданий, социалдык, диний топтордун өкүлдөрүнүн дарегине айтылган стереотиптүү сөздөрдү бөлүп көрсөтүү жана талдай билүү.

  1.2. Бул тема жана негизги компетенттүүлүктѳр кантип байланышта экендигин түшүндүрүү:

  Берилген тема Борбордук Азиядагы ири мамлекеттердин келип чыгышы жана ушул мамлекеттер менен чоң империялардын ортосундагы атаандаштыктын өнүгүшү менен тыгыз байланыштуу. Ушул сыяктуу мамлекеттердин бири Кокон хандыгы. Алар территориялар, каржы, материалдык байлык сыяктуу олуттуу ресурстарга гана эмес, билимдүү бюрократия, аскер жетекчилери, окушкан куруучулар сыяктуу адамдык дараметке дагы ээ болушкан. Мындай мамлекеттер жаңы жерлерге чеп салышып, аларды аскер гарнизондору аркылуу көзөмөлдөп турууга аракет жасашкан. Мына ошентип, Бишкек жана Кыргызстандын жана жалпы аймактын азыркы шаарлары пайда болгон. Шаарларда жана чептерде билим берүү, кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн. Ал жерлерде адамдар кѳбүрѳѳк ыңгайлуу жана камдуу жашашкан. Андыктан, теңсиздиктин чек арасы мамлекеттик борборлорго жакын шаарлардын тургундары жана бийлик, административдик жана аскер ресурстарын бөлүштүрүүдөн алыс жайгашкан көчмөндөрдү камтуу менен айыл тургундары ортосунда ѳткѳн. Ошондой эле теңсиздиктин өнүгүшүнө отурукташкан жана көчмөн жашоо образы таасирин тийгизген. Малы аз көчмөндөр шаар жана чептерге жакын отурукташып, ири жер ээлөөчүлөрдүн көз карандылыгында болуу менен жерди ижарага алууга жана дыйканчылык менен алектенүүгѳ мажбур болушкан.

  Мындан тышкары, Кокон хандыгы ири этномаданий көп түрдүүлүгү менен айырмаланган. Ошентсе да урууларга бытыранды болуусу аларга башкалардын көзөмөлүнө туруштук берүүсүнө жолтоо болгон. Мына ушундай шарттарда көптөгөн элдер ири мамлекеттерден – Падышалык Россия же Цинь-манчжур империясынан коргоо издешкен. Мамлекеттер аралык байланыштарды түзүүдѳ жаӊы рынокторду ээлөөгѳ жана жүктѳрдүн коопсуз кыймылына кызыкдар болгон соодагерлер маанилүү роль ойношкон. Буга мисал болуп кыргыз урууларынын Россия империясы менен элчилик байланыштарын түзүүсү эсептелинет.

  Ошондой эле уруулардын ѳзүлѳрүнүн ичинде жеткиликтүү жеке менчигине ээ, бай жана манаптардан кѳз каранды болгон адамдар ортосунда теӊсиздик бар болгон. Аялдар да көп учурда товар же алмаштыруу предметинин ролунда болушкан. Нике куруу калың алууга, таасирдүү үй-бүлөлөр менен туугандык байланышта болууга ж.б. мүмкүндүк берген.

 Мына ушунтип, бул татаал тарыхый мезгилдин мисалында окуучулардын негизги компетенттүүлүктөрүн ѳнүктүрсѳ болот. Мисалы, ошол учурда аймактарда жайгашкан этникалык топтор аталышы бирдей болгону менен бүгүнкү жашоочулардан айырмаланышат. Мурунку мезгил менен салыштырмалуу үй-бүлөдө жана чарба турмушунда аялдардын ролу өзгөрдү. Жерге ээлик кылуу тармагындагы мамилелердин өнүгүшүнѳн улам теңсиздик келип чыккан, ал дагы тарыхый мүнөзгө ээ.

 2-кадам: Таанып билүү деңгээлинде билим берүүчү натыйжаларды аныктоонун үстүндө иштөө.

  Теманы окуп-үйрѳнүүгѳ бөлүнгөн 2 сааттын ичинде түшүнүктөр, окуялар жана алардын ортосундагы байланыштарды аныктоого туура келет. Аларга төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: аскер гарнизону бар чеп, ыдыраган кыргыз урууларынын ичиндеги теңсиздик жана иерархия, аялдардын үй-бүлөдөгү, чарбадагы жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшүндөгү ролу. Жашоонун көчмөн образы жана үй-бүлөлүк-уруулук мамиле менен өсүп бараткан жеке менчик жана теңсиздик жашырылганы менен кантип байланышкандыгын түшүнүү маанилүү (мисалы, бай тууганына жалданып иштөөнү «ашар» катары кабылданышы мүмкүн эле, бирок, кѳпчүлүгүндѳ бул тилектештикти билдирбестен, эксплуатация катары болгон). Чарбада жана үй-бүлөдө аялдар кандай роль ойношкон, эркектер кандай? Экономика жана эл аралык байланыштардын өнүгүшүндө соодагерлер жана соода кандай роль ойногон?

  Бүгүн биз ошол эле этнонимдер (кыргыздар, өзбектер, тажиктер) менен атай алган көптөгөн этникалык топтор өзгөргөн курамы жана жашоо образы боюнча таптакыр башка болгон жана изилдеген мезгилде ылдам ѳзгѳрүшкѳн. Башка топтор, мисалы, кыпчактар азыркы учурда ѳзүнчѳ аталыш жана уруу жана урукту уюштуруунун жолу катары дээрлик жок болуп кетти. 19 кылымдын башында жашаган көпчүлүк адамдар бүгүнкү күндө Чүй, Фергана өрөөнүн, Ысык-Көл, Нарын, Талас ж.б. камтуу менен Борбордук Азия аймагында жашаган этникалык топтордун ата-бабасы болуп эсептелиши мүмкүн.

  Ошондой эле аймакта кантип мамлекеттүүлүк өнүккѳнүн жана кантип ири империялар ѳзүлѳрүнүн кошуналарынан кѳз каранды болгон адамдардын келечегин аныктоо менен майда мамлекеттер ортосундагы карама-каршылыкты жеӊишкендигин, белгилеп кетүү маанилүү.

  Бул тема үчүн төмөнкү билим берүүчү натыйжаларды пландаштырууга болот:

  1. кыргыз урууларынын кошуна мамлекеттерден жана чоң империялардан көз карандылыгын түшүнөт;
  2. ар түрдүү территориялардын теӊсиз ѳнүгүүсү үчүн шаар жана чептердин бар болушун жана ролун талдай алат;
  3. теңсиздиктин кулач жайышы, жерге жеке менчиктин бекемделишинин ортосундагы байланышты түшүндүрө алат, кыргыз урууларынын арасындагы көз карандылык иерархиясы тууралуу билет;
  4. отурукташкан жана көчмөн калктын артыкчылыгын жана көйгөйүн, алардын ортосундагы кызматташуу жана атаандаштыктын мүнөзүн түшүнөт;
  5. уруулук тилектештиктин салттуу типтерин бай туугандары тарабынан кедейлерди эксплуатациялоодон айырмалай алат;
  6. аймактын экономикалык эле эмес, саясий өнүгүшүндөгү сооданын ролун түшүнөт;
  7. экономикалык жана саясий алмашуунун өзгөрүлмөлүү шартында аялдар менен эркектердин ролдорунун өзгөрүшүн иликтей алат.

 Отурукташкан жана көчмөн жашоо образынын калыптанышы шаарга, билим берүүгѳ, аскер жана диний карьерага жеткиликтүүлүк коомдун катмарлануусуна ѳтѳ чоӊ таасирин тийгизген. Мындан башка маанилүү фактор болуп айрым үй-бүлөлѳргө жерге жеке менчиктин бекитилип берилиши, чек аралардын пайда болушу, алардын алкагында киреше жана салыктын көзөмөлгө алынышы эсептелет.

 3-кадам: Баалуулук деңгээлде билим берүүчү натыйжаларды аныктоонун үстүндө иштөө.

  Аталган теманы өздөштүрүүдөгү маанилүү корутундулардын бири болуп тышкы күчтөрдүн таасиринин астында жана көз карандылыкта Борбордук Азиянын бардык элдери башынан кечирген оор кырдаалды түшүнүшү эсептелинет.

  Натыйжалар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

  1. ар кандай аймак жана жерлердин тургундарына тең мамиле жасайт, анткени алардын жашоо шарттары ортосундагы айырмачылык тарыхый калыптанганын түшүнѳт
  2. аялдардын көз каранды абалына жана калктын башка кысымга алынган топторуна карата эмпатиясын билдирет.

 Азыркы мамлекеттер кездешкен кырдаал тарыхый жактан калыптанган. Ар кандай факторлордун таасири астында жана 19 кылымдын башындагы шарттарда бир дагы эл артыкчылыкка ээ болгон эмес жана башкалардын эзүүчү боло алган эмес. Теңсиздик таптык мүнөзгө ээ болгон, отурукташкан элдерде ачык көрүнгѳн мүнѳзгѳ ээ болгон, ал эми көчмөндөрдѳ ѳсүп жаткан теӊсиздикти жашырыш үчүн туугандык жана уруулук тилектештиктин кѳптѳгѳн ыкмалары пайдаланган. Борбордук Азиянын бардык элдерине толеранттуу жана тең мамиле баалуулук деңгээлдеги сабактын натыйжаларынын бири болуп саналат.

 4-кадам: Практикалык деңгээлде билим берүүчү натыйжаларды аныктоонун үстүндө иштөө

  Практикалык деңгээлде маанилүү натыйжалар болуп, алар калыптанган тарыхый шарттарды эске албоо менен, стереотиптүү мүнөздөлгѳн ар түрдүү топтор жѳнүндѳ айтылган сөздөргө сезимталдык менен мамиле кылуу эсептелинет. Мисалы, шаар тургундары айыл аймагында жашагандарга кемсинтип сүйлөшү мүмкүн же азыркы Кыргызстандын территориясында тѳрѳлгѳн айрым кыргыз этникасындагы адамдар азыркы Тажикистандан чыккандарды «чыныгы эмес кыргыздар» катары эсептеши мүмкүн. Ушул сыяктуу сөздөр туура эмес катары каралып, окуучулар тарабынан сын айтылышы керек.

  Практикалык натыйжалар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

  1. Борбордук Азияда жашаган социалдык жана этникалык топтордун, ошондой эле улуттардын дарегине айтышкан туура эмес сөздөргө сезимталдуулугун билдирет;
  2. ар кандай этномаданий, социалдык, диний жана башка топторго кызыгуусун кѳрсѳтѳт жана урматтоосун билдире алат.

  Үч деңгээлде сабактын натыйжасын аныктоо эӊ алгач, материалды берүү үчүн ѳтѳ натыйжалуу метод, ыкмаларды тандоо үчүн зарыл. Материалдын өзү ар кандай булактардан алынышы мүмкүн. Көп учурда жѳн гана окуу китеби жетиштүү болот. Максатка таянуу менен окуучуларга маалыматты бере турган форманы ойлоп табуу маанилүү: талаш-тартыш, топтук иш, оюндар, долбоордук ишмердүүлүк же башка интерактивдүү ѳз ара аракеттенүү жолдору.

  Адам укуктарынын ченемдерин жана баалуулуктарын, көп түрдүүлүктү, социалдык инклюзия, гендердик теңдик, диний толеранттуулук жана турмуштун бардык тармагында басмырлоого жол бербөөгө өбөлгө болуучу жүрүм-турумду практика жүзүндө көрсөтүү.


Сѳздүккѳ

Эмпатия (греч. empatheia — сезимтал, жан тартуу) – башка адамдын эмоционалдык абалын жана ички дүйнѳсүн аӊдап-түшүнүү. Ушуга ылайык, жанында отурган адамдын маанайын аныктоо жѳндѳмдүүлүгүнѳ ээ адамды эмпат деп аташат.
Булак: Психологиялык сѳздүк. [Электрондук ресурс]

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү