Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

«Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» сабактарында гендердик жана басмырлоого каршы мамиленин алкагындагы кѳнүгүүлѳр жана тапшырмалар


Бул бапты окуп-үйрѳнүүнүн натыйжасында силер:

  • гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳнү эске алуу менен тарых боюнча окуу материалдарын түзѳ аласыӊар жана тандай аласыӊар;
  • гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ боюнча конкреттүү кѳнүгүүлѳрдүн жана тапшырмалардын мисалдарын келтире аласыӊар;
  • сабактарда гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ принциптерин камтуунун сунушталган методдорун жана ыкмаларын пайдаланасыӊар;
  • окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандыруу үчүн окшош кѳнүгүүлѳрдү жана тапшырмаларды ѳз алдынча түзѳ аласыӊар.


«Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» сабагында гендердик теңдик, социалдык инклюзия жана басмырлоого жол бербөө принциптерин камтууга мисалдар


1-мисал. Сабактын темасы: «Манас» эпосундагы аялдардын образдары
 Окуучуларга аялдар тууралуу сюжети менен «Манас» эпосунун текстинен үзүндүлөрү менен таанышып чыгуу жана ХVI-ХIХ кылымдагы кыргыз коомундагы аялдардын ролун талкуулоо сунушталат.
 Мына ушинтип, башка кѳптѳгѳн баатырдык эпосторго салыштырмалуу «Манаста» аялдардын образдары кенен берилген, бул кыргыз коомундагы аялдардын орчундуу ролу жѳнүндѳ күбѳлѳндүрѳт.
 Ошентсе да тарыхый окуялардагы башкы роль баары бир эркек-баатырларга берилет, ал эми аял – бул үйдүн кутун сактоочусу.
 Окуучулар топтордо тексттин үзүндүсү менен иштешет жана андан соӊ аны талкуулашат.
  • Чыйырды жана Жакып (алар бири-бирине кандай мамиле жасашат)
  • Манастын Каныкейге күйөө түшүп барышы
  • Манастын жортуулга даярдануусу
  • Каныкейдин башкаруусу
  • Манасты акыркы сапарга узатуу
  1. Кыргыз коомундагы аялдардын идеалы кандай болгон?
  2. Кыргыз коомунда аялдар орчундуу роль ойногондугун кандай фактылар күбѳлѳндүрѳт?
  3. Кайсы эпизоддор коомдун өнүгүшүндө жана калыптанышында аялга караганда эркекке маанилүү роль таандык экендигин тастыктайт? Бул эмне менен байланышкан?
  4. Биздин көп улуттуу мамлекетибизде заманбап аялдын идеалын оозеки түзгүлө.
 «Эпос, бул элдин оозеки жазылган тарыхы, анда тарыхый фактылардын берилиши жагынан да, элдин даанышмандыгын чагылдырышы жагынан да абдан бай».

А.Н. Бернштам. Кыргыз «Манас» эпосунун келип чыгуу доору//«Манас» - героический эпос киргизского народа. – Ф., 1968. С. 177.


 «Манас» - бул кыргыз элинин өткөн мезгили тууралуу зор дүйнө, бул анын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы, ажайып көркөм сүрөтү».

Ч. Т. Айтматов. Ал «Манастын» миллион сабын жат билген // Айтматов Ч. Статьи. Выступления. Диалоги, Интервью. – М., 1988. С. 21-22

 Жанры боюнча «Манас» эпосу баатырдык эпоско кирет, анда кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн күрөшү, каардуу душмандар менен күрөштөгү баатырлардын эрдиги баяндалып, кыргыз элинин биримдиги үчүн жан аябаган улуу баатырлар даңкталат. Так мына ушул идеялар эпосту дүйнөлүк эң мыкты адабияттын катарына киргизди. Эпостун бардык изилдөөчүлөрү аны көптөгөн сюжеттик тилкелер аркылуу кѳрсѳтүү менен чыгарманын сюжети абдан кенен тарыхый окуяларды камтый турганын белгилешет. Эпостун ЮНЕСКО белгилеген монументалдуулугу жана масштабдуулугу ушунда.
 «Манас» эпосунун феномени кыргыз элинин материалдык жана рухий дүйнөсү боюнча абдан кенен маалыматка ээ болгондугунда. Эпостун алгачкы изилдөөчүлөрүнүн бири Ч. Валиханов эпосту «кыргыз элинин энциклопедиясы» деп атаган. В.В Радлов эпос жөнүндө «элдин бүткүл жашоосун жана умтулууларын баяндаган поэтикалык дүйнө» деп баалаган. Эпосту этнограф С.М. Абрамзон жана белгилүү жазуучу Ч.Т. Айтматов элдин турмушу тууралуу ѳтѳ баалуу маалыматтардын булагы деп айтышкан.
 Кыргыздардын күнүмдүк турмушун чагылдыруу контекстинде аялдардын образынын берилиши абдан баалуусу, алар кыргыздардын ХVI-ХIХ кылымдардагы «аялдардын тарыхын» кайра курууга мүмкүндүк берет.
 Эпосто Чыйырды, Сайкал, Арууке, Айчүрөк ж.б. аялдардын эстен кеткис жаркын образдары берилген. Албетте, эпостогу эң ачык, айжаркын аял образы чагырманын башкы каарманынын аялы – Каныкей. Каныкей деген ысымдын өзү терең символикалуу, турмушка чыккандан кийин Санирабийганы жаңы ысым-символ менен аташкан – «Каныкей» ал «Кандын никесиндеги аял» деген сѳздѳн келген жана «хандын аялы», «хандын жубайы» дегенди билдирет.
   Эркек болбой кыз болгон,
   Элден ашык уз болгон.
   Катындан артык кайраттуу,
   Кыйладан ашык билимдүү,
   Кылымдан ашык илимдүү.
   Санаганы сарамжал,
   Иштегени баары амал
 Каныкей – Манастын өмүрлүк жары гана эмес, ал эӊ алгач Манастын башкы кеңешчиси, анын уулунун энеси, качкында жүрүп, уулун өз Мекенине болгон сүйүү жана патриотизм сезимин тарбиялаган. Анын образы аялдардын коомдогу ѳзгѳчѳ абалын чагылдырат, аял ишенимдүү жубай жана камкор эне эле эмес, чечим кабыл ала алган жана ал үчүн өзүнө жоопкерчилик ала билген адам.Каныкей гана Манасты Бухара элин жазалоону чечкен кезде токтотуп калат. Каныкей гана Манасты кайда көмүү керектигин чечет, Каныкей гана жана дос кыздары Манастын жортуулуна даярдык көрүшөт. Каныкей гана Манас жокто элди башкарат. Анын кеңештерин Манас жана Бакай да угушат. Манастын кырк чоросу жортуулда анын камкордугун ыраазычылык менен дайыма эстешет. Анын акылы жѳнүндѳ душмандар дагы айтышат. Бул пландан алганда Манастын энеси жана карындашынын (Чыйырды мене Карлыгач), Семетейдин аялы Айчүрөктүн образы да орчундуу. Эпосто Каныкейдин жан дүйнөсүнүн сапаттарына көп көңүл бурулат: анын адамгерчилигине, адилеттигине, сылыктыгына, меймандостугуна, айкөлдүгүнѳ, камкордугуна, жоомарттыгына. Каныкей – баатырдын аялынын, баатырдын энесинин идеалдуу образы. Бул «эркектин тарыхынын» ичиндеги «аял тарыхы».

2-мисал. Тема «ХIХ кылымдын биринчи жарымындагы кыргыздардын күнүмдүк турмуш тиричилиги»
 Аталган теманы карап чыгууда көчмөндүктүн түрлөрү, малдын курамы, көчмөн жана отурукташкан ишмердүүлүктүн айкалышы сыяктуу маселелерге эле көңүл буруу сунушталынат, бирок көчмөндөрдүн күнүмдүк турмуш-тиричилигин баяндоо дагы албетте маанилүү. Так мына ушул аспект кыргыз коомундагы аялдардын социалдык макамы жана ролу тууралуу билүүгө мүмкүндүк берет.
Ишмердүүлүктүн түрлөрү Эркектер Аялдар Балдар
Мал багуудагы ишмердүүлүктүн түрлөрү
Үй чарбачылыгындагы ишмердүүлүктүн түрлөрү
Үйдөгү өндүрүштүк ишмердүүлүктүн түрлөрү
  1. Силер кандай деп ойлойсуңар, эмне үчүн кыргыз коомунда чарбачылыкта эркектерге караганда аялдардын милдети көбүрөөк болгон?
  2. Коомдогу аялдарга урматтоо мамиле эмне менен шартталган?
  3. Кайсы салттар, силердин кѳз карашыӊарда сакталышы керек, кайсылары стереотиптер катары каралып өзгөртүү зарыл деп ойлойсуңар? Өзүңөрдүн көз карашыңарды негиздегиле.
 Көчмөндөрдүн чарбачылыгынын өзгөчөлүгү жана түрлөрү көчмөн чарбанын ѳзгѳчѳлүгү менен аныкталган: эркек мал караса, аял үйдөгү жумуштарды жасаган, балдар чоңойгонуна жараша чарба жумуштарынын процессине аралашышкан. Балдарды тарбиялоо дагы аялдын милдетине кирген, албетте эркек баланы эркектин жумуштарына үйрөтүү үчүн аны аял өзү жасаганды билүүгө тийиш болчу. Чындыгында аялдар мал бакканды билишкен, атта жакшы жүрүшкөн. Мына ушинтип, аял үйдүн (боз үйдүн) кожойкеси катары да, үйдү башкаруучу, бала төрөө, балдардын тарбиячысы катары алмашкыс болсо, ал эми эркек – жашоого каражатты таап келүүсү жүктөлгөн. Эркектерге караганда үй милдеттери жагынан аялдардыкы көп болгон.
 Ошондой эле үйдөгү ыңгайлуулукту түзүү да аялдан толугу менен кѳз каранды болгон. Негизги үй өндүрүшү да аялдардын иши болгон: кийиз ийлөө, сайма саюу, курак куроо, түйүү, кийим тигүү. Аялдын үйдөгү көп тараптуу ролу анын коомдогу салттуу урматтуу ордун аныктаган.
 Мисал катары Курманжан-Датканын өмүр баянындагы окуяны караса болот, ал кары адамга турмушка чыгуудан кескин түрдѳ баш тарткан жана аксакалдардын кеӊеши да ага таасир эте алган эмес, макул болбоо себеби алар үчүн түшүнүктүү болгон –мындай үй-бүлөдө балалуу болуу мүмкүн эмес жана бул кыргыз коомунун тукум улоо салты боюнча аялдардын милдетине карама-каршы келген1.
 Байыркы түрктөрдүн аялдарга карата сый мамилеси тууралуу «Синь Тан шу» деген чыгармада Се-ли кагандын баласы менен болгон учур баяндалат. Ал тойдон эт жегенден баш тартат, анткени анын апасы кечигип, ага тиешелүүсү калбай калат. Бул кытай императорун таң калтырат жана дагы, энесине да ѳзүнүн үлүшүн алат. Бирок аялдардын ролу чарбачылыкта иштѳѳ менен гана чектелген эмес. Түрк аялдары жѳнүндѳ Ибн АлДжахиз жазат: «Алардын аялдары эркектерине окшош жана үлгү боюнча курулган, ал эми алардын аттары алар үчүн гана ылайыкташкан».
 Ал эми Чынгыз-хан минтип айткан дешет: «Эркектин жакшы сапаттарын аялынын жакшы сапаттарынан билсе болот».

3-мисал. Тема: «Боз үй»
 Бул теманы окуучулар башка сабактарда, предметтерде, класстан тышкаркы иштерде карашкандыктан, 8-класста окуучулардын билимин жалпылоо жана боз үйдүн жасалышын эле эмес, анын эркек жана аял деп экиге бөлүнүшүнө көңүл бөлөбүз.
 Бир нече окуучу боз үйдүн кожоюнунун ролун ойношот, алар коноктор үчүн боз үй боюнча экскурсия ѳткѳрүшѳт. Экскурсия аяктагандан кийин коноктор төмөнкү суроолорго жооп бериши керек: «Эмне себептен боз үйдѳ эркек жана аял жак деген бѳлүнүү бар?» Кожоюндун ролун аткарышкан окуучулар жардамчы суроолор аркылуу «конокторду» жоопко алып келишет.
 Мындай бѳлүнүү боз үйдүн мейкиндиги абдан жакшы уюштурулган жана предметтер аларга берилген орундарда жайгашкан учурда иреттүүлүктү сактоого мүмкүндүк түзѳт, б.а. эркек тарабында ээр, мергенчинин шаймандары ж.б. буюмдар бар болсо, ал эми аял тарабында идиш, бешик ж.б. бар. Бул предметтерди алууга эч кимге тыюу салынбайт. Боз үйдүн экиге бөлүнүшү аялдарга карата басмырлоонун эч кандай тиешеси жок.
 Аталган теманы талкуулоодо боз үй кыргыздардын гана турак-жайы эместигин белгилеп кетүү жөндүү. Сөздүктөн2: түрк жана монгол көчмөндөрүнүн кийиз менен жасалган турак үйү. «Jurt» сөзүн түрк тилдеринен которгондо «эл» дегенди туюндурат, «жайыт, тууган жер» дегенди да билдирет. Кыргыз жана казак тилдеринде «Ата-Журт» «Мекен», «Тууган жер», сөзмө которгондо - «атанын эли». Азыркы монгол тилинде журт деген сөз (гэр) «үй» деген сөзгө синоним. Тыва тилинде «бүле» «өг» сөзүнө биригип, «үй бүлө» дегенди билдирет. Казах тилинде боз үй «киіз үй» деп аталып, түз которгондо – «кийизден жасалган үй». Кыргыз тилинде журт «боз үй» – «боз түстөгү үй», адатта боз үй жасалган кийиздин түсү ушундай, дагы жакшылап жасалганы ак кийиз менен жабылып «ак үй» – «ак түстөгү үй» дегенди туюндурат.

4-мисал. Тема: «Кыргыздардын ХIХ кылымдагы Кокон хандыгына каршы күрөшүүнүн экономикалык себептери»
 Бул теманы окуп-үйрѳнүүдѳ «Мээ чабуул» жана «Татаал кластер» / «Интеллектуалдык карта» стратегияларын пайдалануу менен талкуулоону ѳткѳрсѳ болот.
 Мээге чабуул үчүн суроолор:
 Кыргыз коомунун катмарларга бөлүнүшү Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштүн себептерине кандай таасирин тийгизген? (биригүү, жаӊы элитанын пайда болушу, чептердин пайда болушу, көзөмөлдүн күчөшү).
 Жооптордун мүмкүн болгон варианттары: жаӊы элиталардын пайда болушу, чептердин пайда болушу, кѳзѳмѳлдү күчѳтүү, жаӊы салыктарды киргизүү, кандын армиясына эркек калкын милдеттүү топтоо. Бардык жооптор эч кандай оӊдоосуз кабыл алынат жана тактага жазылат. Ушул учурда күнүмдүк жашоодо (тилде, кийимде, ѳз ара мамилелерде ж.б.) болуп жаткан ѳзгѳрүүлѳр тууралуу окуучулардын болжолдоосу жѳндүү. Болжолдоолор изилдѳѳ ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн мотив болушу мүмкүн.
 Окуучуларга кичи топторду түзүүсүн жана «Кыргыз коомундагы ѳзгѳрүүлѳр» аттуу ѳзѳктүү сѳз айкашы менен «Татаал кластер» / «Интеллектуалдык карта» түзүүсүн сунуштагыла.
 Булак: "Кыргызстандын тарыхы" китебинен-скан, Кыргыз ССРинин илимдер Академиясынын тарых институту, 1963-ж

 Кыргызстанды 19-кылымдын 1-жарымында Кокон хандыгы тарабынан басып алуусу саясий мотивдер, ошондой эле Чыгыш Түркүстан жана Россияда анын соода кызыкчылыктарын кеӊейтүү менен байланыштуу болгон. Чыгыш Түркүстандын соода жолдору Кыргызстан аркылуу кеткен жана Кокон хандыгынын башчылары алардын үстүнѳн кѳзѳмѳл жүргүзүүгѳ, ошону менен бирге Кыргызстанды рынокко, бодо малчылык сырьёнун булагына жана салыктар жана тѳлѳмдѳрдүн ар кандай түрлѳрү менен салыктарды калктан чогултуу аркылуу киреше алууга айлантууга аракет кылышкан. Хандыктын территориясында жергиликтүү феодалдар жана хан бийлиги тарабынан катаал эксплутацияланган ѳзбектер, тажиктер, кыпчактар, кыргыздар жана казактардын бир бѳлүгү жашашкан.
 Кыргызстанда Кокон хандыгынын үстѳмдүк кылган мезгилинде ислам тез тарай баштаган. Биринчи жылдары кыргыздар кокон хандыгына негизинен салыктардын 3 түрүн тѳлѳшкѳн: тондюк-зекет — ар бир боз үйдѳн бир койдон, алал-зекет — 40 баш малдан бир баш мал жана харадж — жер салыгы. Андан сырткары, убакыт убактысы менен бир тилла (кырг. дилде – алтын тыйын) же бир боз үйдѳн 3 кой кѳлѳмүндѳ аскер салыгы алынган. Түштүк Кыргызстан жана Талас ѳрѳѳнүнүн калкы үчүн оор милдет болуп эркек калкын милдеттүү хандын армиясына кызмат кылууга чакырылышы эсептелген. 19-кылымдын биринчи жарымында жана кийинчерээк, ѳзгѳчѳ Хива жана Бухарага каршы согуш учурунда кокон ханы Худояр (кырг. Кудаяр) Кыргызстандын кѳчмѳн райондорунун эркек калкынын баарын резервге чакырган.
 Кокон хандыгынын басып алуусу Кыргызстандын калкына оор феодалдык эзүү жана жакырчылыкты алып келди. Кыргыз эли бир нече жолу кокон хандыгынын зордоосуна каршы күрѳшкѳ чыкан: 1832-жылы нарындыктардын кѳтѳрүлүшү чыккан, 1843-жылы ысыккѳлдүктѳрдүн, 1845-жылы оштук кыргыздардын, 1857-жылы аулеатиндык казактардын жана талас кыргыздарынын кѳтѳрүлүшү чыккан. 19-кылымдын 40-50-жылдарында кѳтѳрүлүшкѳ кокон бийликтегилеринин каракчылык саясатынын натыйжасында талкаланган жана жакырланган майда жана орто малчылар, жѳнѳкѳй дыйкандар, ошондой эле феодалдык кыргыз тѳбѳсү кѳрүнгѳндѳрдүн азыраак бѳлүгү катышышкан.
 1873-жылдын жазында зордук-зомбулукка жана оор салык түйшүгүнѳ чыдай албай Худояр ханга каршы Кыргызстандын түштүгүнүн тургундары чыгышты. Кокон ханы адегенде аны менен сүйлѳшүүгѳ келген 40 кыргыз жана кыпчак старшиналарын ѳлтүрүү менен, толкунду басып салууга аракеттенген, бул ачык элдик кѳтѳрүлүштү чакырды. 1873-жылы июль айында кѳтѳрүлгѳн кыргыздар Ѳзгѳндү жана Худояр хандын жашыруун казынасы сакталган жакшы бекемделген Сук тоосундагы стратегиялык пункту алышты. Андан соӊ кыргыз жана кыпчак кѳтѳрүлүштүн катышуучулары Үч-Коргон, Ош, Сузак жана Булак-Башыны алышты. Кѳтѳрүлгѳндѳргѳ отурукташкан ѳзбек элдери биригишти, 3000 жакын кокон сарбаздары кѳтѳрүлгѳндѳрдүн тарабына ѳтүштү.
 1783-жылдын күзүндѳ аймактын түштүк райондорунун кыргыздары Россия мамлекетинин жарандары болууга жана ошону менен Кокон хандыгынын эзүүсүнѳн кутулууга чечим кабыл алышты. 18-кылымдын 50-60-жылдарында ыктыярдуу Россиянын курамына кирген түндүк кыргыздардын үлгүсү Кыргызстандын түштүгүнүн калкына таасирин тийгизип жатты. Бирок Кокон хандыгын токтотуудан кийин 1868-жылы Россиянын феодалдары, падыша ѳкмѳтүнүн ѳкүлдѳрү кѳтѳрүлүштү жана түштүк кыргыздардын Токмок уездинин чегине ѳтүшүн терс кабыл алышты. 1874-жылы, 4-майда мундуз уруусунун ишенимдүү адамдары кайрадан падыша администрациясына Россиянын жараны болууга 2 миӊ араба кыргызды кабыл алышына кайрылышты. Бирок, жергиликтүү падышалык аскер бийлиги кайрадан россиялык жарандыкка түштүк кыргыздарды кабыл алуудан баш тартты.
 Элдик кѳтѳрүлүштүн экинчи баскычында 1875-1876-жылдары Худояр хандын катаалдыгына кыргыздар жана ѳзбектер биргелешип каршы чыгышты. Худояр хандын бийлигине ѳзбектер, кыргыздар, кыпчактардын эмгектенген калкы гана эмес, колунда бар класстын ѳкүлдѳрү дагы ыраазы болгон эмес. Ѳзгѳчѳ Худояр ханга нараазычылык салыктардын кѳбѳйүшү менен байланыштуу күчѳдү, аны жогорку хандын чиновниктери дагы мойнуна алышты. Кѳтѳрүлүштүн жаӊы чыгышын жогорку хандын аскер башчылары Худояр ханды алып салып, анын баласы Насреддин-бекти Андижандын башкаруучусу кылуу үчүн пайдаланууну чечишти. 1875-жылдын 21-июлунан 22-июлуна караган түнү хандын армиясынын жарымысы (4000 жакын аскер адамы) Кокондон кетишти жана кѳтѳрүлүшкѳ кошулушту. Худояр хан, ѳзүнүн аскеринин калгандарынан айрылып, Ходжентке орус бийлигинин коргоосу алдына качты. 24-июлда Кокон шаарынын калкы, аттуу баштуулары, диний жетекчилери тарабынан хандык тактыга Насреддин-бек шайланган. 4-августа туркестандык генерал-губернатор Кауфман Насреддинге, аны кокон ханы катары расмий тааныган кат жѳнѳткѳн, ал эми 9-октябрда Кокон хандыгында жаӊы тѳӊкѳрүш болгон. Жаш хан Насреддин аны колдогон жүз адам менен ѳзүнүн атасына окшошуп Кокондон кѳтѳрүлгѳн кыргыз жана ѳзбектерден Россиянын коргоосу алдына Ходжентке качкан.

5-мисал. Социалдык туруктуулук жана зордук-зомбулуксуз саясат ресурс катары Улуу Жибек жолунун көп маданияттуу мейкиндигинин калыптанышы
 Бул тема Улуу Жибек жолундагы этномаданий кѳп түрдүүлүк жѳнүндѳ окуучулардын түшүнүктѳрүн калыптандыруу жана талкуулоо үчүн жемиштүү. Адегенде бул теманы «Билем/Билгим келет/Билдим» графикалык уюштургучту пайдалануу менен талкуулоону сунуштайбыз, андан соӊ берилген суроолор боюнча ѳз алдынча изилдѳѳчүлүк ишмердүүлүк үчүн окуучуларды топторго биригүүсүн ѳтүнѳбүз. Экинчи сабакта окуучулар ѳзүнүн ишинин жыйынтыктарын тааныштырышат. Ѳзүнүн ишинин кѳрсѳтүүнүн мүмкүн болгон формаларын (плакат, презентация, коллаж, доклад, сценка, видео ж.б.) жана баа берүү чен-ѳлчѳмдѳрүн окуучулар менен алдын ала макулдашуу гана керек.
  1. Улуу Жибек жолу эмнени туюндурган?
  2. Азыркы Кыргызстандын аймагындагы шаарларда согдиялыктар, кытайлар, түрктөр кантип пайда болушкан?
  3. Эмне себептен ар кайсы өлкөлөрдүн соодагерлери өздөрүнүн соода факторияларын Улуу Жибек жолу боюнча түзүшкөн жана эмне себептен бул факториялардан ири шаарлар өсүп чыккан?
  4. Шаар маданияты (отурукташкан) көчмөн турмуш менен кантип өз ара аракетте болгон?
  5. Кандай фактылар азыркы Кыргызстандын аймагында орто кылымдардагы шаарлардын маданияты көп маданияттуу экендигин далилдейт?
  6. Кайсы диндер шаарларда тынч жашап кете алган? Эмне себептен Улуу Жибек жолунда жайгашкан шаарлардын жана мамлекеттердин ичинде уруулар жана диндер аралык чыр-чатактар чыккан эмес?
  7. Кайсы шаарлар азыр да (кайсы мамлекеттердин аймактарында) Улуу Жибек жолунун трассасында жайгашкан?
 Улуу Жибек жолу азыркы Кыргызстандын аймагын б.з.ч. жана б.з. 13-кылымына чейин кесип өтүп турган көп маданияттуу жана көп диндүү мейкиндикти калыптандырууга өбөлгө болгон. Албетте, Улуу Жибек жолу баюунун өтө чоң ресурсу катары, ал ресурсту башкарууну каалаган мамлекеттер аралык согуш чыр-чатактарынын себепчиси да болгон.
 Бирок күнүмдүк турмушта Улуу жибек жолу аркылуу Кытай жана Жер Ортолук деңизине чейин жылган товарлар эле эмес, ушул товарларды кыймылдаткан адамдар аркылуу маданият да, дин да жайылган. Мына ушунтип, Улуу Жибек жолу таң калыштуу тарыхый феноменди калыптандыруунун ресурсу болгон, анын маңызы жыйынтыгында көчмөн жана отурукташкан маданияттарынын синтези пайда кылган.
 Бул процесске көптөгөн элдер катышышкан жана VI-ХII кылымдарда азыркы Кыргызстандын аймагына кирген мамлекеттерде ички абдан толеранттуу коомдун калыптануусунун негизи түзүлгѳн.
 Кластер3 — бул маалыматты уюштуруунун графикалык формасы, мында башкы маанилик бирдиктер бөлүнүп, бири-бири менен бардык байланышы схема аркылуу көрсөтүлөт. Аны окуу материалын ыраатташтыруу, жалпылоого өбөлгө болуучу сүрөт деп эсептесек да болот. Кластер үймөк формасында же спутниктери бар планетанын модели сыяктуу тартылат. Борборунда негизги түшүнүк, ой жазылып, тике сызыктар менен анын мазмунун ачып берген бирдиктер жазылат. Бул сөз, сөз айкашы, сүйлөм, идеялар, ойлор, фактылар, образдар, ассоциациялар болушу мүмкүн. Борбордук планетанын айланасындагы «спутниктер» азыраак маани берген бирдиктер, көбүрөөк теманы ачып, логикалык байланышты кенен чагылдырышы мүмкүн. Категорияларды, аларды үйрөнө турган материал аркылуу пикирлер жана фактылар менен негиздеп, тагыраак бөлүү маанилүү. Сабакты уюштуруу ыкмасына жараша кластер доскада, өзүнчө баракта же ар бир окуучунун дептеринде жеке тапшырма иретинде берилиши мүмкүн. Кластер түзүүдө ар кандай түстөгү бор, калем сап, фломастерлерди пайдаланууга болот. Бул башкысын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет (жалпы категориялар) жана картинасын көрсөтмөлүү кылат, бардык маалыматты ыратташтырууну жөнөкөйлөштүрөт. Классикалык кластерден башка мугалимдер анын ар кандай варианттарын ойлоп табышкан. Алардын айрымдарына токтолобуз.

Кагаз кластер. Кластер түзүү үчүн мугалим окуучуларга карточкаларды таратат, анда сөз же тексттен үзүндү берилип, башкы түшүнүк сунушталат. Окуучулардын милдети – алган карточкаларды аны айланта жайгаштырышы керек, натыйжада маанини туюндурган схема пайда болот.

Сүрѳттѳр менен берилген кластер. Аны арт-кластер деп дагы аташат. Анын идеясы окуучулар темага таандык сүрөттөрдү алышат. Алардын милдети – түйүндүү түшүнүктүн айланасында жайгаштырылып, негиздеп, эмне себептен башка сүрөт бул жерде болушу керектигин айтып беришет.

Кайтарым кластер. Мугалим окуучуларга кластер сунуштайт, анда экинчи маанидеги түшүнүктөр берилген. Окуучулардын милдети – аларды талдап, түйүндүү жана негизги түшүнүктөрдү алып чыгуу. Ушул өңдүү жумуш теманы берүүдө пайдаланылат, окуучу алып чыгышы керек.

Берилген тема боюнча биз эмнени билебиз? Биз эмнени билгибиз келет? Биз эмнени билдик?




 Максат: жаңы маалыматты кабыл алуу жана түшүнүүгѳ даярдануу.
     Методду кадамдар аркылуу баяндоо
 1-кадам.Ватманга алдын ала даярдалган Б/Бк/Б4 таблицаны илебиз.
 2-кадам. Тандалган тема боюнча мээге чабуулду өткөрөбүз.
 3-кадам. Блиц-сурамжылоо методун пайдалануу менен «Берилген тема боюнча биз эмнени билебиз?» деген тилкени толтурабыз.
 4-кадам. «Биз эмнени билгибиз келет» деген тилкени ушундай эле жол менен толтурабыз.
 5-кадам. Тандалып алынган тема боюнча негизги жоболорду камтыган маалыматты сунуштайбыз. Окуучуларды маалымат менен видеофильм, таратылуучу материалдар, окуу китебинен алынган материалдардын жардамы менен салттуу лекция аркылуу тааныштырса болот.
 6-кадам. Сунушталган маалымат менен таанышуудан кийин «Эмнени билгибиз келет?» деген тилкеге кайрылып келебиз, кайсы суроолорго жаап табылганын аныктап, аларды «Биз эмнени билдик?» деген тилкеге жазабыз. Ушул эле тилкеге жаңы маалыматтарды да жазабыз. Ушул эле «Эмнени билгибиз келет?» деген тилкеге окуучулар алдын ала карабаган жаңы маалыматты жазабыз.
 7-кадам. «Биз эмнени билебиз?» деген тилкеден окуучулардын билими канчалык ишенимдүү экенин тактайбыз.
 8-кадам. Эгер «Эмнени билгибиз келет?» деген тилке жоопсуз ачык калса, жооп табуу үчүн окуучулар кайда кайрылуусу керектигин талкуулагыла (өзүңөр сунуштагыла).
 Эгер метод биринчи жолу өткөрүлүп атса, доскага (баракка) төмөнкү чектөөлөрдү жазууну сунуштайбыз.
  • Мээге чабуул-6 мүн.
  • Блиц-сурамжылоо-4 мүн
  • Таратылуучу материалдар менен таанышуу-10-12 мүн.
  • Талкуулоо жана Б/Бк/Б таблицасын толтуруу-15 мүн.
 Белгилүү көндүмдөргө ээ болгондон кийин, бул методду өзүнчө кичи топтордо өткөрүүгө болот.

Сѳздүк

Ассиметрия – жаратылыштык же теориялык объекттерде симметриянын элементтеринин жок болушу.
Булак: Философиялык энциклопедия.

Синь Тан шу – кытайлык Тан династиясынын тарыхый хроникасы.
Источник: Тишин В.В., Серегин Н.Н. Положение женщины в древнетюркском обществе.

Ѳзүбүздү текшеребиз

Тест ѳтүү