Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

«Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» сабагында гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун камтуунун мисалдары

8-класс. Тема: Алымбек Датканын 220 жылдык мараакеси
Насиров Абдусалам Абдулмаджидовичтин апробациялык күндѳлүктүн материалдары боюнча, В.И. Ленин атындагы № 66-орто мектеби (Карасуу шаары, Ош областы)

Таанып-билүү деӊгээли Мекен алдында Алымбектин ѳзгѳчѳ салымын бѳлүп кѳрсѳтүшѳт, аялды дос, жолдош катары сыйлоо тууралуу таанышышат.
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл Коомдун ѳнүгүүсү үчүн тынчтыктын, эркектер жана аялдардын теңдигинин баалуулугун таанышат.
Практикалык деңгээл Ар түрдүү кѳз караштарга сый мамиле кылуу, биргелешип иштѳѳ, гендердик теңдик призмасы аркылуу маалыматты талдай алышат.
 Окуучуларга ѳз алдынча Алымбек Датканын жашоосу жана ишмердүүлүгү жѳнүндѳ кошумча маалыматты табуу жана Алымбектин ишмердүүлүгүнүн кѳп пландуулугун ачкан, маалыматтын булагын кѳрсѳтүү менен кыска кабарлоо даярдоо тапшырмасы берилген.
 Окуучуларга эркин режимде XIX кылымдын Кокон хандыгындагы саясий ири ишмеринин негизги мүнѳздѳмѳлдѳрүн атоо сунуш кылынат. Тактада окуучулар атаган бардык мүнѳздѳмѳлѳр жазылат. Мугалим маанилүү учурларга кѳңүлүн бурат: башкаруучунун жаш кези, билими, мыкты чарбачылык ишмердүүлүк (кѳпүрѳлѳрдүн курулушу, май чыгаруу, тегирмен, мечеттер, медресе), ханчылыктын үч (ѳзбек, кыргыз, тажик) этносаясий күчтѳрүнүн паритеттик абалын сактоо.
 «Маек» сюжеттик-ролдук оюн формасында кабарлоо даярдаган окуучулар Алымбектин жашоосу жана ишмердүүлүгү, анын мекен алдындагы салымы жѳнүндѳ айтып беришти. Сабакта башка класстардын окуучулары жана мугалимдери катышышкан, алар суроолорду беришти, чыгып сүйлѳгѳндѳрдүн айткандарына комментарий берип жатышты.
 Изилдѳѳ убагында окуучулар Алымбектин тышкы келбетин аныктай албагандыгы анык болду. Сабакта 4 ар түрдүү булактардан алынган 4 сүрѳт кѳрсѳтүлгѳн, анда Алымбек Датканын келбети ар башкача. Бул суроо класста кызуу талкууга алынды. Изилдѳѳнү улантып жана бир гана туура булакты табуу чечими кабыл алынды.
 Окуучуларга сабактын темасы боюнча «эркин микрофон» ыкмасын пайдалануу менен ѳзүнүн оюн айтуу сунушталды. Тѳмѳнкүдѳй ойлор айтылды: «эгер окуса жана ѳзүнүн элин жакшы кѳрсѳ, башкаруучу бир эле мезгилде жаш жана акылман боло алат», «Алымбек жана Курманжандын мамилесинен гендердик теңдик мисалын кѳрѳ алабыз», «Алымбектин аты биз менен бирге жашайт, анткени ал кѳптѳгѳн жакшы иштерди кылган: үйлѳрдү курган, тегирменди, мечетти, медресени - ѳзүнүн эли жѳнүндѳ кам кѳргѳн», «Ош шаарынын ѳнүгүүсү жана ѳркүндѳѳсү Алымбектин убагында башталат, анын акылмандык чечимине байланыштуу борбор Андижандан Ошко алып келинген».
 Бул сабакта басмырлоо жѳнүндѳ айтуу максаты коюлган эмес, негизги милдет жаштар үчүн оң үлгү кѳрсѳтүү болгон.
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы Изилдѳѳ үчүн теманы тандоо
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы Чогултулган маалымат, окуучулардын даярдаган презентациялары
Рефлексия баскычы Окуучулардын чыгып сүйлѳѳсү, бири-бирине баа берүүсү жана угуучулардын - тышкы эксперттердин баа берүүсү

8-класс. Тема: XVIII кылымдагы Улуу Француз революциясы
Пазылова Айсулуу Токталиевнанын материалдары боюнча, Н.К. Крупская атындагы орто мектеп (Ноокат району, Ноокат шаары, Ош областы)

Таанып-билүү деӊгээли 1789-жылдагы Француз революциясындагы аялдардын ролун түшүндүрүшѳт. 1789-жылдагы адамдардын теңдигин жактаган бирден бир негизги документ катары «Адамдын жана жарандын укуктарынын Декларациясынын» маанисин түшүнүшѳт. Декларациянын жана 1791-жылдагы Конституциянын негизги жоболорун салыштырышат.
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл Олимпия Де Гуждун гендердик теңдик тууралуу идеясын таанышат, анын тагдырына жан тартышат.
Практикалык деңгээл Бири-бирин сыйлоону кѳрсѳтүшѳт, классташ эркек балдардын жана кыздардын ойлорун угушат.
 Теманы жарыялагандан жана сабактын максатын макулдашкандан кийин проектор аркылуу маалымат менен слайд кѳрсѳтүлѳт: 19-кылымдагы 70-жылдардагы Франциядагы кырдаалды кѳрсѳткѳн документтердин үзүндүсү. Франциялык аялдардын ѳзүнүн укуктарын коргоого активдүү күрѳшүнүн фактылары, Кондорс мырзанын тең укуктуулуктун зарылчылыгы жѳнүндѳ макаласынан үзүндүлѳр, «III катмардын аялдарынын Петициялары» келтирилет. Окуучуларга үч адамдан турган топто (кичи топто) документти талкуулоо жана ошол учурдагы ѳлкѳдѳгү кырдаал жѳнүндѳ ѳзүнүн оюн айтуу сунушталынат. Бардык идеялар кабыл алынат.
 Тактада суроолор жазылган:Революцияда аялдардын ролу кандай? Эмне силерди кѳбүрѳѳк кызыктырды? Эркектердин жана аялдардын теңдиги жѳнүндѳ суроону коюуда Олимпия-Мария де Гуждун салымы кандай?
 Презентацияда революциянын жүрүшү жѳнүндѳ маалымат берилет, Олимпия-Мария де Гуж жѳнүндѳ маалымат киргизилген сүрѳттѳрдүн үзүндүлѳрү жайгаштырылат. Окуучулар презентациянын жүрүшүндѳ жазган жекече жазуудан кийин жалпы топто талкуулоо жүргүзүлѳт.
Олимпия де Гужду эскерүүгѳ 50 евро тыйыны
 Кичи топтор үчүн тапшырмалар: 2 документти талдоо: 1789-жылдагы «Адамдардын жана жарандардын укуктарынын Декларациясы» жана 1791-жылдагы Конституция. Прогрессивдүү жана регрессивдүү абалды аныктоо.
 Окуучулар презентацияларда Конституцияда гендердик теңдик чагылган эмес, аялдардын салымы таанылбагандыгын белгилешет. Олимпия де Гужтун айткан сѳздѳрүн цитата кылып айтышат: «Эгерде аял эшафотко чыгууга укугу бар болсо, демек, ал трибунага дагы чыгууга укугу болушу керек». «Аялдар эркектер менен укуктары боюнча эркин жана тең тѳрѳлүшѳт».
 Окучуларга окуу китебинин авторлоруна сунуш жазуу тапшырмасы берилет: «Мен окуу китебине «Улуу Француз революциясы» темасы боюнча эмнелерди киргизүүнү сунуштамак элем?»
 Материалдар гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ кѳз карашында сунушталышы керектигин эскертүү зарыл.
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы Окуучулардын документтердин үзүндүлѳрүн талкуулоо баскычындагы ойлору
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы Жаңы материалды талкуулоо учурунда окуучулардын жоопторун жазуу (кайтарым байланыш)
Рефлексия баскычы Окуучулардын жазуу иштери

10-класс. Тема: Уруулук бирикмелер. Давань мамлекети
Айтманбетова Дариканын материалдары боюнча, Ж. Субанбеков атындагы орто мектеп (Кара-Бура району, Кызыл-Адыр айылы, Талас областы)

Таанып-билүү деӊгээли Давань (б.з.ч. 1 кылым) мамлекетиндеги аялдардын ѳзгѳчѳ макамын бѳлүп кѳрсѳтүшѳт, мамлекеттин ѳнүгүүсүн ар түрдүү элдердин ар түрдүү маданиятынын ѳз ара аракеттенүүсү менен түшүндүрүшѳт.
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл Коомдун ѳнүгүүсү үчүн тынчтык, аялдар жана эркектердин теңдигинин баалуулугун таанышат; куткунга кабылгандарга жана согушка тартылган Эрши шаарынын калкына жан тартышат.
Практикалык деңгээл Сабактын темасына карата жекече кѳз караштарды сактоо менен жалпы ойго келе алышат жана ѳз ара аракеттене алышат, топто иштей алышат.
 «Гендер», «гендердик теңдик», «социалдык ѳнүгүү» түшүнүктѳрүнүн маанисин түшүндүрүү сунушталынат. Ким жооп берүүнү кааласа, алардын ойлору угулат. Андан соң капысынан уюштурулган кичи топторго сѳздѳр менен конверт берилет, алардан ар бир топ боюнча аныктама түзсѳ болот. Милдет: башаламан сѳздѳрдѳн аныктаманы туура түзүү жана тактага жазуу.
 Тема боюнча сабактын максаты окуучулар менен макулдашылгандан кийин кичи топторго биригүү жана «Моцай», «Аксакалдар кеңеши», «Асмандагы аттар» деген аталыштар менен таблицалар турган орунга барып отуруу сунушталынат. Бардык үч аталыштар-теманын ѳзѳктүү фразалары. Окуучулар адегенде алардын кандай байланышы бар экендигине ѳзүлѳрүнүн болжолдоолорун айтышат. Андан соң берилген текстти окушат.
 Тапшырма: ушул маалыматтын негизинде мектеп газетасы үчүн ѳзѳктүү фраза менен байланышкан бир гана теманы ачуу менен кыска макала жазуу.
 Чыгып сүйлѳгѳндүн алдында окуучулар менен баалоонун чен-ѳлчѳмдѳрү макулдашылат:
  • 1) кыска макала ѳзѳктүү фразаны ачат;
  • 2) фактологиялык маалымат бурмалабастан берилген;
  • 3) маалымат кызыктуу берилген.
 Презентация учурунда угуучулар суроо беришет же ѳзүнүн комментарийин беришет.
 Жыйынтыкты чыгаруу учурунда тѳмѳнкү маалыматка кѳңүл буруу керек:

 «Давандан Аньси (Персия) мамлекетине чейин чоң айырмачылыктарга карабастан, батышта калктын тили окшош, сүйлѳшүүдѳ бири-бирин түшүнүшѳт. Алардын кѳздѳрү ичине кирип турат, калың сакалдар, алар соодага жѳндѳмдүү, пайданы издѳѳдѳ алар бири-бири менен мелдешишет. Аялдарды сыйлашат, аял айтканды эркек сѳзсүз аткарат. Шайы жана лакты колдонушат, бирок болотту куюну билишпейт. Жакырчылыктан качкан кытай кедейлери давандыктарга кармалуу менен аларга куралды куйганды үйрѳтүшкѳн».

 Суроолор:
  • Давань мамлекетинде эркектер жана аялдар ортосундагы мамилелер тууралуу сиз эмне айта аласыз? Бул эмне жѳнүндѳ айтат? Ар түрдүү маданияттардын оң ѳз ара таасир этүүсүнѳ кандай мисал келтире аласыз? Аялдардын жана эркектердин ѳз ара аракеттенүүсүнүн азыркы жашоодогу кандай мисалдарын келтире аласыңар? Аларды силер кандай баалайсыңар?
  • Ар түрдүү маданияттардын ѳз ара таасиринин мисалын заманбап жашоодон мисал келтире аласыңарбы?
  • Давандыктарга колго түшкѳн кытайлык кедейлер кандай сезимдерди жана кйынчылыктарды башынан ѳткѳрүшкѳн, сиздин оюңуз боюнча? Эмне үчүн азыркы мезгилде дүйнѳдѳ «качкын» деген түшүнүк бар? Сиздер бул тууралуу эмне деп ойлоп жатасынар?
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы «5» деген баа бардык үч түшүнүктүн туура маанисин ѳз каалоосу менен түшүндүрүп беришкен жана турмуштан мисал келтиришкен окуучуларга коюлду, калгандары сабактын жүрүшүндѳ баа алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул баскычта канааттандырарлык эмес баа коюлбайт.
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы Топтун ишин уюштуруда жардам кѳрсѳтүү жана байкоо жүргүзүү.
Рефлексия баскычы Чен-ѳлчѳмдѳрдүн негизинде мугалимдин ѳз ара баа берүүсү жана баалоосу.