Гендердик укук жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында калыптандыруучу баалоонун натыйжалуу куралдары
Бул бапты окуп-үйрѳнүүнүн натыйжасында силер:
- укук, гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууга түрткү болгон баалоо чен-ѳлчѳмдѳрүн окуучулар менен биргелешип иштеп чыгасыӊар;
- кесиптик ишмердүүлүктѳ окуучулардын мотивациясын, таанып билүү жана башкалар менен тынчтыкта жашоо үчүн керектүү алардын ѳзүн-ѳзү баалоосуна жѳндѳмдүүлүктѳрүн жогорулатуу үчүн калыптандыруучу баалоонун ар түрдүү түрлѳрүн колдоно аласыӊар.
Калыптандыруучу баалоо башка баалоонун түрлѳрү сыяктуу эле, чен-өлчөмдөрдү пайдаланууну көздөйт. Чен-өлчөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн негиз болуп окуу предметинин ар бир темасы боюнча так жазылган окутуунун натыйжалары эсептелинет.Предметтик стандарттардын сунуштарын жетекчиликке алса болот. Чен-өлчөмдөр мугалим тарабынан даярдалып жана/же окуучулардын катышуусу менен иштелип чыгып/макулдашылышы мүмкүн. Чен-өлчөмдөрдү биргелешип иштеп чыгуу окуучуларда баалоого карата позитивдүү мамилени калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет жана натыйжага жетишүүгѳ алардын жоопкерчилигин жогорулатат.

КѲНҮЛ БУРГУЛА! Мындан ары окуучулардын иштерин биргелешип түзгѳн чен-өлчөмдөргө гана ылайык баалоо керек.
Топтук ишти баалоо

№ же топтун аты | Милдеттерди бөлүштүрүү жана аткаруу | Жүрүм-турум маданияты | Мазмунду өздөштүрүү | Өз ара жардам берүү жана колдоо | Жалпы упай |
---|---|---|---|---|---|
III | |||||
II | |||||
I |
Форманы жүктөп алуу
Окуучунун өзүн өзү баалоо картасы1

Аты ______________________________________
Мѳѳнѳтү _____________ Класс _______
Ишмердүүлүктүн түрү ________________________________
Топто иштөө менен канчалык кѳп жолу төмөнкү аракеттерди жасадың? (Сенин ишке катышуу жана кызматташуу деңгээлиӊди ѳтѳ так чагылдырган сөздү белгиле).
1. Мен маалымат алуу же тактоо үчүн суроолорду бердим эч качан • кээде • көп учурда же тактоо үчүн
2. Мен өз пикирими айттым • эч качан • кээде • көп учурда
3. Менин тобумдагы башка окуучулардын пикирлерин уктум • эч качан • кээде • көп учурда
4. Менин тобумдагы башкалардын пикирлерине комментарий бердим • эч качан • кээде • көп учурда
5. Мен муну кылдат (сылык) айттым • эч качан • кээде • көп учурда
6. Менин тобумдагы башка мүчөлөрдү талкууга катышууга тарттым • эч качан • кээде • көп учурда
7. Мен муну кылдат (сылык) жасадым • эч качан • кээде • көп учурда
8. Менин тобумдун мүчөлөрүнө тапшырманы аткарууга жардам бердим • эч качан • кээде • көп учурда
9. Мен мага тапшырылган ролду аткардым • эч качан • кээде • көп учурда
10. Топто иштѳѳдѳ мага тѳмѳнкүлѳр баарынан жакты: _____________________________________________________________________________________________________________
11. Бул топто иштѳѳнүн эң татаалы тѳмѳнкүлѳр болду: ________________________________________________________________________________________________________________
12. Кийинки топтук иштѳѳгѳ менин максатым: __________________________________________________________________________________________________________
Рефлексивдүү күндөлүк
Мен кандай сапаттарды/мүнөздү өзүмдө өнүктүргүм келет? | |
Мен эмнени аткара алам? | Мага эмне жетишпейт? |
Чечимдер жана жазуулар | Аткарылышы жѳнүндѳ белгилөө |
Кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? |
Мына ушунтип, калыптандыруучу баалоо билим берүү процессинин курамдык бөлүгү болуу менен, окуучулардын таанып билүү жана башкалар менен тынчтыкта жашоо үчүн компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө түрткү болот.
Сѳздүк
Чен-ѳлчѳм - анын негизинде баа берүү жүргѳн белги, бир нерсенин аныктамасы же
классификациясы, талкуулоо предметинин так иштелип чыккан мүнѳздѳмѳсү.
Булак: Башталгыч мектептеги калыптандыруучу баалоо. Мугалимдер үчүн прак тикалык колдонмо/
Түзүүчүлѳр: О. И. Дудкина, А. А. Буркитова, Р. Х. Шакиров. – Б.: «Билим», 2012-ж.
Китепкана
- Калыптандыруучу баалоо: Мугалимдер үчүн колдонмо.
- Бирге жашаганга үйрөнөбүз: Мектеп окуучуларынын гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербөө тармагындагы негизги кемпетентүүлүктөрүн калыптандыруу боюнча методикалык колдонмо
- Бирга яшашни ўрганамиз: Гендер тенглик ва камситмаслик соҳасида ўқувчиларнинг асосий компетентлигини шакллантириш бўйича услубий қўлланма