Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Класстан тышкаркы иш чараларда гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун камтуунун мисалдары

7-класс. Класстык саат. Тема: Саламдашуунун дүйнѳлүк күнү
Шумихина Оксана Владимировнанын материалдары боюнча, З. Мамбетсеитова атындагы орто мектеп (Сары-Булак а/ѳ, с. Кызыл-Адыр, Ысык-Кѳл областы)

Таанып-билүү деӊгээли Ар түрдүү расалык, этномаданий, диний топтордун ѳкүлдѳрүнүн дарегине карата стереотиптик ойлорду бѳлүп кѳрсѳтүшѳт жана талдашат; кѳп маданияттуу чѳйрѳдѳ ѳз ара аракеттенүүнү курууда социалдык факторлордун эң алгачкы ролун түшүнүшѳт жана түшүндүрѳ алышат.
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл Коомдун ѳнүгүүсү үчүн тынчтыктын баалуулугун, эркектердин жана аялдардын, чоң адамдардын жана балдардын, кадимки адамдардын жана майып адамдардын теңдигин таанышат; этномаданий кѳп түрдүүлүк баалуулуктарын карманышат.
Практикалык деңгээл Адамдар, ошондой эле кѳпчүлүктѳн айырмаланган адамдар менен ѳз ара аракеттенүүдѳ толеранттуулукту жана сыйлоону, жагымдуулукту кѳрсѳтүшѳт жана жолугушууда саламдашат.
 Окуучуларга алар тааныган бардык тилдерде саламдашуу сунушталынат. Ар түрдүү жандоолорду пайдаланууну сунуштаса болот. Кызыктуу саламдашууларды, эгер окуучуларга бул жакса, хор менен кайталаса болот. Саламдашуудан кийин сабактын темасы айтылат, максаттар, күтүүлүчү натыйжалар макулдашылат.
 Тапшырма: Текстти окуп чыккыла жана жана эки бир туугандын идеялары тууралуу ѳзүӊѳрдүн оюӊарды айткыла:
«Бул саламдашуу майрамын 1973-жылы эки америкалык бир туугандар Майкл жана Брайен Маккомак (Michael and Brian McCormack) «Кансыз согушка», Египет жана Израиль ортосундагы чыр-чатактарга жооп катарында ойлоп табышкан. Бул күн эл аралык чыңалууну күчѳтүүгѳ каршы нааразычылык катары керек болгон.
«Жѳнѳкѳй, бирок натыйжалуу иш керек» – деп бир туугандар чечишип, дүйнѳнүн тѳрт бурчуна кубанычтуу саламдашуусу бар болгон каттарды жѳнѳтүштү. Алар эч кимге ѳзүлѳрүнүн бүткүл дүйнѳ жүзүндѳгү тынчтык жана эл аралык чыңалууну тѳмѳндѳтүү үчүн күрѳшүү идеясын таңуулашкан жок. Алар даректелген адамды жѳн гана дагы кимдир бирѳѳ менен, жок дегенде он адам менен саламдашуусун суранышкан!
Бул идея 180 ден кѳп ѳлкѳлѳрдѳ колдоого алынган. Ошол учурдан кийин Дүйнѳлүк саламдашуу күнүн бардык кесиптердин жана курактардын жарандары дагы, чоң саясий лидерлер дагы, ѳнѳр-жай магнаттары дагы жана дүйнѳгѳ белгилүү кино жана искусствонун инсандары дагы белгилешет».
 Катышуучуларды кичи топторго бириктиргиле жана ойлоп тапкан каармандардын саламдашуу ритуалын ойношун сунуштагыла. Курагын, тышкы келбетинин ѳзгѳчѳлүктѳрүн, тилин, мүнѳзүн окуучулар ѳзүлѳрү ойлоп табышат. Тѳмѳнкү кырдаалдарды сунуштаса болот:
  1. космонавт, (космонавт аял), башка планетадан келген адам (аял);
  2. аңчы (аңчы аял) жана кар киши;
  3. деңиз менен аралга ыргытылган суу сүзүүчү (суу сүзүүчү аял) жана аборигендер;
  4. саякатчы (саякатчы аял) жана адам-балыктар;
  5. сокур адамдар, дүлѳй адамдар.
 Конкурс болушу үчүн, окуучуларга алдын ала түстѳрдү, түстүү карандаштарды жана кагаздарды алып келүүсүн жана даярдоосун сунуштоо керек. Кичи топтор үчүн тапшырма ушул чен-ѳлчѳмдѳргѳ ылайык саламдашуу плакатын тартуу: 1) кѳңүлдү бурат; 2) жакшы сезимдерди чакырат; 3) саламдашуу кайрылуу катары түшүнүктүү болот.
 Ар түрдүү дүйнѳ ѳлкѳлѳрүнүн саламдашуу мисалдары – сүрѳттѳр менен презентация кѳрсѳтүлѳт. Адегенде окуучулар-ыктыярчылар кѳргѳнгѳ комментарий беришет (б.а. ѳзүнүн болжолдоосун айтышат), андан соң экинчи текст менен слайд кѳрсѳтүлѳт, анда ѳлкѳ жана ушул ѳлкѳдѳгү саламдашуунун ѳзгѳчѳлүктѳрү жѳнүндѳ айтылат.
 Психологдор бир күндѳ 10 жолу саламдашуу маанайды жакшыртат деп тастыкташат. Ошондуктан жалгыз отурбастан, үйдѳн чыккыла жана ушул дүйнѳ менен саламдашкыла!
 Окуучулар ирети боюнча ушул сабактын жыйынтыгында эмнени билишкени/түшүнүшкѳнү/сезишкени жѳнүндѳ айтышат.
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы Дүйнѳлүк саламдашуу күнүнүн пайда болуусу жѳнүндѳ текстке карата окуучулардын комментарийлери.
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы Кичи топтордун ишин уюштурууда жардам берүү жана байкоо жүргүзүү. Аны окуучулар иштин жүрүшүндѳ ѳз алдынча толтурушат.
Рефлексия баскычы Оозеки айтуулар: мен билдим, түшүндүм, сездим

10-класс. Класстык саат. Тема: Кулчулукту жоюу үчүн күрѳшүүнүн эл аралык күнү
Атагулова Элвира Эсенбековнанын материалдары боюнча, №33-экономика жана укукту тереңдетилип окуткан мектеп-гимназиясы, Бишкек шаары

Таанып-билүү деӊгээли Басмырлоонун ар түрдүү формаларын талдашат жана бѳлүп кѳрсѳтѳ алышат; манипуляциянын ар кандай түрлѳрүн таанышат; басмырлоо үчүн аялуу социалдык топту бѳлүп кѳрсѳтүшѳт жана талдашат.
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл Ар бир адамдын баалуулугун, эркектердин жана аялдардын, чоң адамдардын жана балдардын, кадимки адамдардын жана майып адамдардын теңдигин таанышат; этномаданий кѳп түрдүүлүк баалуулуктарын карманышат.
Практикалык деңгээл Жашоонун бардык тармактарында басмырлоого жол бербѳѳ, адамдын укуктарынын баалуулугун жана чендерин алдыга жылдырган жүрүм-турумду практикалашат.
 Ыктыярчылардын арасынан алдын ала даярдалган окуучулар кѳрүүчүлѳр менен саламдашышат жана проблематиканы белгилешет.

 1-алып баруучу:
 Саламатсыздарбы, урматтуу коноктор. Биздин иш-чаранын темасы заманбап коомдун, ошондой эле биздин ѳлкѳнүн жаштарынын жана дүйнѳлүк коомчулуктун эң актуалдуу кѳйгѳйлѳрүнүн бири болуп эсептелет. Кылымдын кѳйгѳйлѳрүнүн бири болуп кулдарды сатуу эсептелинет (1-слайд). Слайддарды кѳрсѳтүүнүн жүрүшүндѳ окуучу-кѳрүүчүлѳр слайддарга комментарий же суроолорду беришсе болот.

 2-алып баруучу:
 2-декабрда кулчулукту жоюуга күрѳшүүнүн Эл аралык күнү белгиленет. Кулчулук мурунку мезгилдин мурасы эмес. Эмгек Эл аралык уюмунун маалыматы боюнча бүгүн дүйнѳдѳ заманбап кулчулуктун ар түрдүү формаларынан жабыркагандардын саны 40 миллионго жакын (2-слайд).

 1-алып баруучу:
 Ѳлкѳлѳрдүн мыйзамдарында кулчулуктун ачык түшүнүгү бекемделбесе дагы, бул термин кулчулуктун тѳмѳнкү заманбап формаларын баяндоо үчүн пайдаланат: адамдарды сатуу, балдар эмгегинин эң начар формалары, зордуктоо аркылуу никелер, кыздарды сатуу, жесирлерди мурас боюнча берүү жана согуш чыр-чатактарында пайдалануу үчүн балдарды зордук-зомбулук менен жалдоо. Негизинен коркутуунун, зордуктоонун, мажбурлоонун, калп айтуунун жана бийликти колдонуунун натыйжасында заманбап кул сатуучулардын жабыркагандары болуп калышат (3-слайд).

 2-алып баруучу:
 Андан сырткары, дүйнѳдѳгү ар бир онунчу бала иштегенге мажбур. Жалпысынан балдар эмгеги менен алектенген 150 миллион балдар бар (4-слайд).

 1-алып баруучу:
 Дайыма эле коом тарабынан адамдарды сатуу кѳйгѳйүнѳ белгилүү кѳңүл бурулбайт. Ар бир адам кайгы андан тегеренип ѳтүп кетет деп ишенет. Сен бир караганда жеткиликтүү тынчтыкты сүйгѳн жана тынч болуп кѳрүнгѳн ѳлкѳдѳ жашасаң дагы ѳзүңдү иллюзия менен толтурба!

«Заманбап кулчулук» видеосун кѳрсѳтүү, 6 мүнѳт.
 Тапшырма: видеону кѳргүлѳ жана фильмде аталган кулчулуктун бардык түрлѳрүн жазгыла. Талкуулоо: Кулчулуктун кайсы түрүн сиз ѳтѳ катаал деп айтмак элеңиз? Эмне үчүн? (Окуучуларды кулчулуктун бардык түрү жарабайт деген ойго алып келүү)

 2-алып баруучу:
 Кулчулук качан пайда болгон? Келгиле, биздин окуучулар кулчулуктун пайда болуусу жѳнүндѳ эмне айтып бере алышарын угуп кѳрѳлү.

 1-окуучу:
 Ѳтѳ байыркы маалыматтарда кулчулук Байыркы Египетте жана Месопотамияда б.з.ч. үчүнчү миң жылдыктын башында пайда болгондугу айтылат. Бул жерде басып алган элди багынтуу жана мырзага баш ийүүсү жѳнүндѳ фактылар келтирилет (5-слайд).

 2-окуучу:
 Кул ѳзүнүн кожоюнунун жандуу эмгек куралы катары бир кожоюндун же коллективдик кожоюндардын (жаамат, храм, мамлекет) жеке менчиги болуп эсептелген. Кул ѳндүрүштүн каражатына укугу жок болгон жана эксплуатацияланган (6-слайд).

 3-окуучу:
 Кулчулук орто кылымда абдан ѳнүккѳн (7-слайд). Кулчулук Европанын бардык жерлеринде крепостнойлор менен алмаштырылган, улуу географиялык ачылыштырдын башталыш доорунан кийин ХVII кылымда жаңы дүйнѳдѳ кайра калыбына келтирилген. Европалыктар колониялаштырган территориялардын бардыгында кенен масштабдарда айыл-чарбачылык ѳндүрүш кеңейе баштаган, ал кѳп сандагы кызматкерлерди талап кылган (8-9-слайддар).

 4-окуучу:
 Азыркы күндѳ кул эмгегин пайдалануу массалык болуп баратат. Социологдордун маалыматтары боюнча, жыл сайын бир канча миң адам уурдалат жана жалданат. Кабыл алынган чараларга карабастан, адамдарды сатуу дайыма кѳбѳйүү тенденциясына ээ. Негизги жабыркануучулар болуп социалдык жактан ѳтѳ камсыздалбаган калктын катмары эсептелинет. Иши жок аялдар чет ѳлкѳдѳн жумуш издешет жана фирмалар, жеке ортомчулар менен кездешишет, алар ушул ишти сунушташат, болгондо дагы бардык кепилдиктерди беришет жана жумушчу визаны дагы убада кылышат (10-11-слайд).

 1-алып баруучу:
 Ѳкмѳттүк жана кулчулук менен күрѳшүү боюнча бей ѳкмѳт уюмдары ѳткѳргѳн бардык аракеттерге карабастан, адамдар жалданууга кезигишет.

 2-алып баруучу:
 Жалдоочулар жакын адамдар, туугандар жана ММКдагы жарнама аркылуу чет ѳлкѳдѳ бийик тѳлѳнгѳн ишти сунушташат, эч кандай бийик квалификациясын, иш тажрыйбасын жана ошол ѳлкѳнүн тилин билүүсүн талап кылбаган, «Сулуулук мектеби» уюму аркылуу иштегенге жиберген, моделдик жана нике агенстволору, эл аралык таанышуу кызматтары, сулуулук конкурстарын, фотомоделдерди ушул агенство уюштурган сыяктуу тандап алуу турларын ѳткѳрүшѳт (12-слайд).

«Кулдарды сатуу. Кыргызстан» видеосун кѳрсѳтүү, 6.47 мүн.
 Талкуулоо: Фильм кандай сезимдерди чакырат? Силер эмнени билдиңер? Бул жерде кайсы багыттар кѳрсѳтүлгѳн? Кулчулук менен күрѳшүүнүн кандай ыкмалары бар?
 Окуучуларды кичи топторго бириктиргиле жана манипуляцияны алдын алган жана кулчулуктан сактаган адамдын жүрүм-турумунун эрежелерин иштеп чыгууну сунуштагыла.
 Окуучулар топтордун иштелмелерин кѳрсѳтүшѳт жана аларды талкуулашат, ишти алдын ала макулдашылган чен-ѳлчѳмдѳр менен баалашат.
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы Теманы жарыялоого окуучулардын комментарийлери
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы Видеону талкуулоо учурунда окуучулардын жоопторун жазуу жана байкоо жүргүзүү.
Аны окуучулар иштин жүрүшүндѳ ѳз алдынча толтурушат.
Рефлексия баскычы Топтордун иштелмелеринин презентациялары жана чен-ѳлчѳмдѳргѳ ылайык алардын баалоосу.

10-класс. Класстык саат. Тема: Адамдын укугу
Айдарова Гульнара Капаровнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча, Ош шаары, Керме-Тоо атындагы № 42- орто мектеп

Таанып-билүү деӊгээли Адамдын негизги укугун, адамдын укуктары боюнча Эл аралык документтерди атай алышат, адамдын укуктарынын Жалпы декларациясынан цитата келтире алышат.
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл Жашоо үчүн гендердик жана социалдык теңдик суроолорунун маанилүүлүгүн таанышат.
Практикалык деңгээл Жарандардын укуктары жана милдеттерине карата ѳзүнүн оюн билдиришет.
 Мугалимдин киришүү сѳзүнѳн жана сабактын максаттары макулдашылгандан кийин, окуучулар тегерете отурушат жана суроолорго жооп беришет: Эгер мен адам болбосом, анда ким болгум келмек? Эмне үчүн?

 Мисалы:
- Эгер мен адам болбой калсам, анда күн болгум келмек, анткени күн бардыгына бирдей тиет.
- Эгер мен адам болбой калсам, анда гүл болгум келмек, анткени ал адамдарга кубаныч тартуулайт.

 Ар бир окуучу ѳзүнүн мисалын айтышат.
 Оюндан кийин окуучулар адамдардын укуктары Эл аралык күнүнѳ (10-декабрь) арналган тегерек отурумду ѳткѳрүшѳт: окуучулар «Адам укугу деген эмне?» темасына кабарлоо жасашат. Кабарлоо сабакка чейин ѳз алдынча даярдалган. Тезисти формулировкалап жана аны коргоо үчүн 2-3 далил келтирүү керек болчу.
 Окуучуларга карточкалар берилет. Ар бир карточкада – Декларациянын бир беренеси. 10 мүнѳттүн ичинде окуучулар маалымат менен бѳлүшүшү керек, б.а. ѳзүнүн беренесин болушунча кѳбүрѳѳк сандагы окуучуларга айтып берүү. Бүткѳндѳн кийин бардыгы тегерете отурушат жана ар бир окуучу бир сүйлѳм менен тѳмѳнкү суроого жооп берет: «Кайсы укуктар эң маанилүү?»
 Үч топ биригет жана адамдын укугун кѳрсѳтүшѳт (же тартышат). Топтордогу ишке 10 мүнѳт берилет. Топтордун презентациясы – 5 мүнѳт.
 Окуучулар 4 топко (каалоосу боюнча) биригишет. Ар бир топ фашисттик Германиянын эки мыйзамын жана Декларациянын тексттин алышат. Тапшырма: Фашисттик Германиянын мыйзамдарында кайсы адам укуктары бузулганын аныктоо. Топтордун презентациялары.
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы Чен-ѳлчѳмдѳрдүн негизинде тегерек отурумга кабарлоо даярдап келген окуучуларга баа коюлат
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы Ротация методунда окуучулардын ѳз ара аракеттешүү учурундагы жүрүм-турумун жазуу жана байкоо жүргүзүү; бул кѳнүгүүдѳн кийин жоопторду угуу
Рефлексия баскычы Топтордун ишине бири-бирине баа берүүсү

10-класс. «Ала качуу» темасына класстан тышкаркы иш чара
Чокморова Бегимжандын апробациялык күндѳлүгүнѳн, №58-орто мектеп, Бишкек шаары

Таанып-билүү деӊгээли Мыйзамдын негизинде «аялдар жана эркектер укуктарга ээ» деген эмне экендигин түшүндүрүп бере алышат.
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл Эркек жана аялдын нарктуу бирикмеси катары «Ала качуу» салтын таанышпайт; тандоо укугунан ажыратылган кыздарга жан тартышат.
Практикалык деңгээл Гендердик теӊдик жана укуктун чендерин сынчыл талдашат, жоопкерчиликти түшүнүшѳт. «Ала качуу» салтынын жагымсыздыгын кѳрсѳтүшѳт.
 Теманы жарыялоодон жана күтүлүүчү натыйжаларды макулдашуудан кийин окуучуларды термин жана анын түшүндүрмѳсүн жебелер менен бириктирүү сунушталынат. Андан соӊ ага чейин кичи топторго бириктирилген үч окуучулардан турган топтон бир ой угулат

 Гендер - тубаса эмес, ар түрдүү жыныстагылардын социалдык жүрүм-туруму; эркектер менен аялдардын ортосундагы мамиленин социалдык аспектиси, ал турмуштун бардык тармагында саясат, экономика, укук, идеология жана маданият, билим берүү жана илимде кездешет.

 Гендердик стереотиптер – эркек жана аялдардын ортосундагы айырмачылыктар тууралуу белгилүү бир коомдогу, белгилүү бир учурдагы калыптанган түшүнүк.

 Гендердик теңдик – аялдар менен эркектер улуттук, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүгө бирдей салым кошууга өздөрүнүн укуктарын жана күч-кубатын ишке ашырууга жана анын натыйжаларын колдонууга бирдей шартка ээ.

 Жыныс - адамдын биологиялык мүнөздөмөсү.

 Окуучулар сценада эркек балдардын тобу келин алууга даярданып жатканын кѳрсѳтѳт. Ата-энелер үйлѳнүү тоюуна даярданып жатышат. Капысынан бала келип, кызды ала качып кеткени тууралуу кабарлайт. Ачуусу келген ѳспүрүмдѳр, жергиликтүү коомчулуктун уятынан коркушуп, кѳчѳгѳ чыгышып, таптакыр тааныш эмес кызды уурдап келишет.
 Кѳрүүчүлѳргѳ суроолор: Силер кандай деп ойлойсуӊар, күйѳѳсү, келин, тааныш эмес кыз ѳзүлѳрүн кандай сезишти? Силер күйѳѳсүнѳ/келинге/тааныш эмес кызга эмне кеӊеш берет элеӊер?
 Класс топко бѳлүнѳт. 1-топ «Ала качуу» салтын коргоого кѳбүрѳѳк тастыктоону жазышы керек. 2-топ – бул салтка каршы. Андан соӊ дискуссия ѳткѳрүлѳт.
 Топтордун иштелмелеринин жыйынтыгы:
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Кѳпчүлүктѳр ѳзүнүн сүйүүсүн жыйынтыгында табышат.

Буга айласыздан барды, анткени үйдѳ майрамдык дасторконду даярдап коюшкан жана келинди күтүп жатышкан.

Эгер жаш эмес кызды уурдап кетишсе, ал ушинтип күйѳѳгѳ чыгат.

Кээ бир ата-энелер бири-бирин сүйгѳн жаш адамдардын никесине каршы. Ошондо ала качуу - бул кырдаалдан чыгуу.

Кээ бир үй-бүлѳлѳр калыӊ тѳлѳгѳндѳй мүмкүнчүлүгү жок.

Ала качуунун натыйжасынан бардыгы эле бактылуу эмес.

Мүмкүн кыздын сүйүктүү жигити бар болгондур.

Мурунку убакыт таптакыр башка болчу, биз башка коомдо жашап жатабыз.

Эгер жигиттер ѳзүнүн сезимдерин сылык жана ачык кѳрсѳтѳ алышса, анда кыздар дагы түшүнүү менен кѳӊүл бурушат.

Эгер үй-бүлѳнү камсыздоого мүмкүнчүлүк жок болсо, анда адегенде жаш адамдар иштеп, акчаны топтоп, андан кийин үй-бүлѳнү түзүшсүн жана ата-энелер аларды үйлѳнтүшүн күтүштүн кереги жок.

Алар ѳзүлѳрүнүн келечектери жѳнүндѳ бирге ойлонушу керек.

Кыз бул товар эмес. Калыӊ – бул эскирген салт. Эгер жаш адамдар бири-бирин жакшы кѳрүшсѳ, анда алар ѳзүлѳрүнүн мамилелерин курушу керек.

«Ала качуу». Кыргызстандагы кыздарды уурдоо жѳнүндѳ фильм.
 Суроо: Бул фильмди кѳргѳн учурда силер эмнени сездиӊер? Кыз эмнени сезди? Эмне үчүн апасы ыйлады? Силер фильмди тарткандарга эмне айтмак элеӊер?
 Окуучуларга кичи топторго документтер менен таанышуу сунушталынат: 1-топ –КР Конституциясы; 2-топ – Үй-бүлѳлүк кодекс; 3-топ – Адамдын укуктары жѳнүндѳ Декларация; 4-топ – КР «Аялдар жана эркектер үчүн теӊ мүмкүнчүлүктѳрдүн жана теӊ укуктардын мамлекеттик кепилдиги жѳнүндѳ».
 Тапшырма: Бул документтерде «Ала качуу» салтын бузган беренелерди табуу.
 Окуучулар суроолорго жооп беришет:
  1. Бүгүнкү иш чарадан кандай сабак алдыӊар?
  2. Силер эмнеге үйрѳндүӊѳр?
Сабактын баскычы Баалоо куралы
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы Окуучулардын сѳздүк менен иштѳѳ боюнча жооптору белгиленет
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы Окуучулардын жоопторун жазуу жана байкоо жүргүзүү: а)дискуссия учурунда; б)видеону талкуулоо учурунда; в)документтер менен иштѳѳ учурунда
Рефлексия баскычы Окуучуларга ѳзүн ѳзү баалоо картасын, толтуруусун сунуштоо