Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ призмасы аркылуу окутуу методикасын апробациялоодоо катышкан окуучулардын жана мугалимдердин комментарийлери

Айтманбетова Дариканын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча,
Ж. Субанбеков атындагы орто мектеп (Кара-Бура району, Кызыл-Адыр а/ѳ, Талас областы)

 Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ темасы балдарга абдан кызыктуу болду, «структуралык теӊсиздик» жана «жалган ойдо болуу» түшүнүктѳрү ѳзгѳчѳ кызыгууну туудурду. Социалдык адилеттүүлүк суроосун активдүү талкуулашты.
 Кээ бир түшүнүктѳрдүн түшүндүрмѳсү кыйынчылыктарга алып келди, аларга кѳбүрѳѳк убакыт бѳлүүгѳ жана аларды турмуштук мисалдарда кароого туура келди. Эгер окуу китептери мисалдар менен болсо, анда жаӊы маалыматты түшүнүү үчүн ѳздѳштүрүү тезирээк жана жеӊилирээк болмок.
 Теӊдик, стереотиптер сыяктуу кээ бир суроолор кызуу талкууларды чакырды, алар тыныгуу учурунда дагы токтободу. Топтордогу ишти уюштуруу жакшы жыйынтыктарды берет: окуучулар бири-биринен окушат, кеӊеш алышат, кѳпчүлүгү ѳзүлѳрүнүн кептик кѳндүмдѳрүн жакшыртышты, кѳбүрѳѳк ишенимдүүлүккѳ ээ болушту. Эркек балдар жана кыздар ортосундагы мамилелер теӊ жана сый. Топту каалоосу боюнча, ѳзгѳчѳ ар түрдүү ыкмалар менен бѳлүү аябай жакты. Окуучулар дагы ыкмаларды ойлоп табышты. Баалоо укугу окуучуларга берилди, алар катаалыраак баалашты, ѳзүн ѳзү баалоо картасын дагы пайдаланышты.
 Окуучуларда класстан тышкаркы иш чаралар кѳбүрѳѳк кызыгууну жана каалоону чакырды, анткен себеби алар убакыт менен чектелбейт, алдын ала даярдалып, башка класстардан досторду чакырса болот.
  • Эркектер чарбачылык боюнча колунан келишинче жардам бериши керек.
  • Эркек үй иштерине аялына жардам бериши керек, бирок чени менен. Ал эми чындыгында, аял ушул иштерди аткарышы керек, ал эми эркек иштеп жана үй-бүлѳнү камсыз кылышы керек, ал эми аял үйдѳгү иштер менен алектениши керек.
  • Мен келинди анын макулдугу жок зордук-зомбулук менен уурдап кетүүгѳ каршымын!
  • Мен басмырлоого каршымын. Бардык окшош адамдар ынтымактуу жашашы керек!
  • Майып адамдар дагы кадимки мектепте окуганга укугу бар.
  • Майып балдар кадимки мектепте окуганга укугу бар жана мугалимдер бардыгына бирдей мамиле кылышы керек.
  • Топто иштеген кызыктуу болду! ☺
  • Биргелешкен иш кызыктуу болду!
  • Биринчи дүйнѳлүк согуш боюнча бүгүнкү сабак жакшы ѳттү, бардыгы ынтымактуу иштешти, кабарлашып иштѳѳ бааланды!

Романова Татьяна Владимировнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча,
И.В. Гёте атындагы окуу-тарбиялык комплекс-гимназия (Бишкек шаары)

 Окуучулардын баа берүүсү боюнча, бул тематикага арналган сабактар интерактивдүү окутуунун методдорун, презентацияларды, окуучулардын жекече иштерин колдонуу аркылуу чоӊ кызыгуу менен ѳттү.
 Тематика ар түрдүү, бирок бир жалпы кѳйгѳйгѳ бириктирилген: гендердик теӊдик, басмырлоого жол бербѳѳ жана социалдык инклюзия.
 Сабактардын жүрүшүндѳ балдар ар түрдүү суроолор боюнча дискуссияга активдүү катыша алышты. Тѳмѳнкү ар түрдүү суроолор кызыктырды: адамдын укугу жана баланын укугу; алардын укуктарын коргоо ыкмалары; майып балдарды колдоого толук кызыгууну кѳрсѳтүү менен алардын мамилелери; үй-бүлѳ суроолору; үй-бүлѳдѳгү гендердик теӊдик. «Ала качуу» салттуу никеге ѳзгѳчѳ мамиле (негизинен кыздардын), ушул суроо боюнча алсыз укуктук коргоо бул демократиялык мамлекеттерди калыптандыруу, жарандык кѳз караштарды калыптандыруу процесси.
 Окуучулар класстан тышкаркы иш чараларга активдүүрѳѳк камтылышты, анда алар ѳзүнүн чыгармачылыгын, жоопкерчилигин, ѳз алдынчалыгын кѳрсѳтүштү.
 Тематикадан улам, биздин гимназиянын окуучулары дагы бир жолу бири-бирине, социалдык корголбогон балдарга, карыларга жана майып адамдарга карата жакшы иштерге активдүү катыша тургандыгына дагы бир жолу ишеништи.

Шумихина Оксана Владимировнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча,
З. Мамбетсеитова атындагы орто мектеп (Сары-Булак а/ѳ, Кызыл-Адыр айылы, Ыссык-Кѳл областы)

 Сунушталган тематика боюнча класстан тышкаркы иш чаралар дагы, сабактар дагы билим берүү процессинин бѳлүгү болуп калды жана башкалар менен тынчтыкта жашоо жана таанып билүү үчүн керектүү компетенттүүлүктѳрүнүн ѳнүгүүсүнѳ түрткү болду.
 Тарыхый окуялардын жүрүшүн ѳзгѳртүү мүмкүн эмес, бирок аны талдаса болот, кырдаалды талкууласа жана мына ошентип, гендердик теӊдик, социалдык инклюзия суроолорун камтууга болот. Окуучуларга «гендердик мүнѳздѳмѳлѳр», «аялуу топтор» деген эмне экендигин түшүнүү татаал болду, аялдарга карата басмырлоонун мисалдарын келтире албай жатышты.
 Дүйнѳнүн кѳп түрдүүлүгүн кѳрсѳткѳн кошумча кѳп маалыматтар талап кылынат: сүрѳттѳр, тесттер, видео. Ушул учурда ѳзгѳчѳ атмосфераны түзүү керек – ишеним атмосферасын, эркек балдар жана кыздардын ѳз ара аракеттенүүсүнѳ кѳӊүл буруп, коюлган максаттарга жетүү жана жагымдуу атмосфераны колдоо үчүн кармана турган эрежелерди сунуштоо зарыл .
  • Мен 10-«б» класстын окуучусумун. Мен «Гендердик теӊдик» темасындагы сабакка катыштым жана аялдардын/кыздардын укуктары жѳнүндѳ кѳп билдим. Мен үчүн бул абдан пайдалуу маалымат.
  • Мен Абдылда к. Айпери, 10-«б»класстын окуучусумун. «Гендердик теӊдик» сабагында мен кѳп нерселерди билдим, кызыктуу жана маалыматтуу болду. Бул турмушта бизге абдан кереги тиет.
  • Мен Керезова Ассоль, 8-«б» класстын окуучусумун. Мен гендердик теӊдик боюнча сабакка катыштым. Бардыгы абдан жакшы болду. Абдан кызыктуу болду. Менин оюмча, бардыгына жакты.
  • Мен Аскерова Айжан, 8-«б» класстын окуучусумун. Мага биздин ачык сабак аябай жакты. Мен стереотип, басмырлоо, гендердик теӊдик деген эмне экендигин билдим. Менин оюмча, бардыгы үчүн теӊ укук – бул туура!!!
  • Мен Ж.А., 8-«б» класстын окуучусумун. Мен кызыктуу фактыларды билдим. Мага гендердик теӊдик тууралуу маалымат жакты. Бирок биз азыр башка принциптер боюнча жашайбыз.
  • Мен Сартбаев Жаныбек, 8-«б» класстын окуучусумун. Оксана Владимировна гендердик теӊдик тууралуу бардыгын жакшы жана түшүнүктүү түшүндүрдү. Бул биздин келечегибиз. Мен ойлойм, сабакта алган билимдер турмушта чындыгында кереги тиет. Абдан кызыктуу болду! Кыскасы, абдан кереги тиет деп эсептейм, Оксана Владимировна азамат, бизге бардыгын так жана ачык түшүндүргѳндүгүнѳ.

Парчайкин Александр Викторовичтин апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча,
Ж. С. Бакиев атындагы №3-орто мектеп, Жалал-Абад шаары

 Жаӊы методиканын апробациясынын жыйынтыгынан тѳмѳнкүлѳрдү айткым келген:
  • «Бирге жашаганга үйрѳнѳбүз» методикалык колдонмосунун нускасын бардык мектептерде пайда болушу үчүн кѳбѳйтүү;
  • гендердик теӊдик системасын предметтик стандарт аркылуу эмес, класстан тышкаркы иш чаралар аркылуу жакшыртуу;
  • бул суроо боюнча кѳбүрѳѳк методикалык колдонмолорду жана окуу материалдарын басып чыгаруу.
 оозеки формада дагы, жазуу формасында дагы кайтарым байланыш бардык сабактардын жана класстан тышкаркы иш чаралардын жүрүшүндѳ жүргүзүлдү: мугалим-окуучу, окуучулар-мугалим, окуучу бала-окуучу кыз, окуучу кыз-окуучу кыз. Негизги куралдар:
  • Жазуу комментарийлер. Окуучулар сабактын аягында ѳзүлѳрүнүн сезимдерин жана жаӊы материалды кабыл алуусун жазышат;
  • Байкоо жүргүзүү. Мугалим иштин үстүнѳн байкоо жүргүздү жана окуучуларга сабактын мазмунун же кичи топтордо ишти уюштурууга жакшы түшүнүүгѳ окуучуларга жардам берди;
  • Суроолор. Мугалимдин суроолору, окуучулардын мугалимге же бири-бирине, команда командага берген суроолору;
  • Кайтарым байланыш күндѳлүгү. Балдар чоӊ кызыгуу менен аны толтурушту жана жаӊы материалды түшүндүрүүгѳ ѳзүлѳрүнүн методдорун сунушташты;
  • Ѳзүн кѳзѳмѳлдѳѳ дептери. Балдар бул тармакта XXI кылымдын окуучулары катары иштешти, кѳпчүлүк учурда билим берүүчүлүк натыйжаларды аныктоодо гана эмес, сабактын бардыгын курууда катыша алышты.
 Ошондуктан мен ишенимдүү айта алам оозеки жана жазуу түрүндѳгү кайтарым байланыш сабакка/класстан тышкаркы иш чараларга кѳптѳгѳн пайдалуу нерселерди алып келет, окуучуларда сынчыл ой жүгүртүү жана ѳз алдынчалуулук кѳндүмдѳрүн калыптандырат.

Асранова Бурул Осмоновнанын, апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча
Ж. Мукамбаев атындагы орто мектеп, (Сары-Булак а/ѳ, Түп району, Ыссык-Кѳл областы)

 Мугалимдердин башкы милдети топтордун ишине байкоо жүргүзүү жана процессти кѳзѳмѳлдѳѳдѳн турат. Байкоо жүргүзүүнүн максаттары:коюлган милдеттерди аткарууну каалашына умтулушу үчүн топту колдоо, демилгелѳѳ жана алып жүрүү…
 Катышуучулар гендердик сезимталсыздык кѳз караштарды айткан учурда бардыгы ѳздүк ойго укугу бар, ага тыюу салганга болбойт экендигин эстѳѳ маанилүү. Окуучуларга гендердик теӊдиктин максатын жеткирүү маанилүү. Ушул учурда методдор ар түрдүү болушу мүмкүн. Коомдогу мамилелер, жашоо образы жана ишеним жѳнүндѳ стереотиптик пикирден айырмаланган мисалдарды келтирсе жакшы.
  • Мен бардык адамдар теӊ, биз ар түрдүүбүз жана бул норма, мүмкүнчүлүктѳрү чектелген балдар кадимки класстарда окушса болоорун билдим. Мен «макулмун». Курмангалиев Д
  • Мен сен эркексиӊби же кызсыӊбы – эч кандай мааниге ээ эместигин билдим, биз бардыгыбыз адамдарбыз жана бири-бирибизди сыйлашыбыз керек, ал эми майып балдар кадимки мектептерде окушу керек.
  • Мен гендердик теӊдик – бул эркектердин гана эмес, аялдардын дагы теӊдиги экендигин билдим. Руслан у. Байган
  • Мен гендердик теӊдик – бул эркектердин гана эмес, аялдардын дагы теӊдиги экендигин билдим. Гендердик теӊдик ар түрдүү расадагы, улуттардагы, б.а. чоӊ социалдык топтор, адамдар ортосунда болушу керек. Дүйшѳнѳва Алтынай, 9-«А»класс
  • «Бирге жашаганга үйрѳнѳбүз» сабактарында биз эмне менен алектенгибиз келсе, ошону менен алектенишибиз керек, биз кандай экендигибиз мааниге ээ эмес, биз бардыгыбыз теӊ укуктуубуз дегенди билдим. Сыдыев Марсель, 9-«А»класс
  • Бул жашоодо сен эркексиӊби же кызсыӊбы, майып же майып эмессиӊби мааниге ээ эмес экендигин билдим. Бардыгы жакшы жашоого укугу бар. Жумадылов Сыймык
  • Бизде коом, кабыл алынган эрежелер, чыр-чатактардан кантип качуу керектиги тууралуу пикир пайда болду. Мен болсо ѳзүмдүн билимимди практикада колдонуп кѳрдүм: кептин башкы түрлѳрүн ѳздѳштүрдүм ж.б. Ал эми башкысы –дүйнѳдѳ жашаганга үйрѳндүм. Кадырова Жасмина, 9-«А»класс

Насиров Абдусалам Абдулмаджидовичтин апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча
В.И. Ленин атындагы № 66-орто мектеп, (Кара-Суу шаары, Ош областы)

 8-9-класстардагы тарых сабагында гендердик теӊдик, социалдык адилеттүүлүк суроолорун киргизүү татаал болот, анткени окуу китебинде согуш аракеттери, зордук-зомбулук (гендердик) жѳнүндѳ кѳп жазылган. Чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жѳнгѳ салуу аракети, толеранттуулук, кѳп түрдүүлүк жѳнүндѳ аз айтылат.
 Окуучуларда суроолорду согуш жолу менен гана чечүү зарылчылыгы жѳнүндѳ түшүнүк калыптанат, анткен себеби чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жѳнгѳ салуу жѳнүндѳ аз айтылат.
 Окуу китептерине тѳмѳнкү терминдерди жана түшүнүктѳрдү киргизүү керек: гендердик теӊдик, теӊдикке укук, кѳп түрдүүлүк, социалдык адилеттүүлүк. Мисалы, «Кыргызстан айыл-чарбасын коллективизация жылында» темасын кароодо «басмырлоо» термининин маанисин ачып кѳрсѳтсѳ болот, бийликтин социалдык жактан коргоосуз калган топторго мамилесин талкуулоо. Ѳзгѳчѳ акылман саясатчы жана ѳзүнүн аялы, анын татыктуу орун басары болгон.
 Курманжанды сыйлаган Алымбек Датканын ишмердүүлүгүнѳ арналган тема аябай кенен.
 Эми кѳптѳгѳн тарыхый окуяларды окуучулар гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ кѳз карашынан карашат.
  • Мага тарых сабагы, гендердик теӊдик, басмырлоо, социалдык теӊдик суроолорун караган жакты. Мен бул темаларга кызыгам
  • Эми тарыхты окуу менен, мен гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳгѳ тиешелүү фактыларды таап жана бѳлүп кѳрсѳтүүгѳ аракет кылам. Аттаева Л., 8 «ж»

Аттокуров Насырбек Токтокуновичтин апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча
№13-орто мектеп, Бишкек шаары

 Менин кѳз карашымда, «Ролдук оюн» ыкмасы окуу материалын жакшы ѳздѳштүрүүгѳ мүмкүндүк берет. Окуучулар классикалык сабакка караганда ар түрдүү оюндарда жана конкурстарда активдүү катышышат.
 Таанып-билүү кѳндүмдѳрүн калыптандыруу үчүн натыйжалуу курал болуп бардык балдарды талкуулоо процессине тартууга түрткү болгон мээ чабуул эсептелинет. Балдарды коллективдүү ишке үйрѳтүү, кѳйгѳйдү кѳрсѳтмѳлүү чечүүгѳ мүмкүндүк бар, мелдешүү руху окуучуларды ѳзүнүн кругозорун кеӊейтүүгѳ шыктандырат.
  • Бул сабактардан улам мен кѳп пайдалуу нерселерди билдим – басмырлоо, стигма, гендер деген эмне. Ушул түшүнүктѳрдүн жана эрежелердин маанисин азыр билгеним чындыгында мага жагып жатат.
  • Тест адамдын стигма, сексизм деӊгээлин текшерет. Бул ѳзүӊ жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк билүүгѳ пайдалуу.
  • Биздин мугалим абдан заманбап мугалим, мага бул жагат. Сабактарга биздин кѳӊүлүбүздү бурууга аракеттенет. Жана сабактар кызыктуу ѳтѳт.
  • Ушундай сабактан улам биз жаӊы билимдерди алдык. Мен мурун басмырлоо, сексизм, гендердик жана гендердик эмес теӊдик эмне экендиги жѳнүндѳ эч качан ойлонгон эмесмин жана билчү эмесмин. Мен дүйнѳгѳ башка ракурстан карай баштадым. Бирок, кээде бул абдан туура эмес, анткени аялдарга эркектерге караганда жаратылыш анчалык күч берген эмес, ал эми эркектерге назиктикти, ийкемдүүлүктү ж.б.берген эмес.

Норматова Фарагат Байматовнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча
Т. Айтматов атындагы орто мектеп, (Араван району, Ош областы)

 Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо үчүн сабактарда гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ темаларын камтуу менен мен калыптандыруучу баалоонун ар түрдүү куралдарын пайдаландым. Окуучулардын топтук ишине байкоо жүргүздүм жана ѳзүмдүн жеке журналыма жаздым, андан соӊ окуучулардын бири-бирине мамилеси жана жүрүм-туруму кантип ѳзгѳргѳнүн салыштырдым. Мен мугалимдин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын окуучулардын кайтарым байланышы аркылуу байкаса болот деп эсептейм. Мисалы, сабактын темасына, тандалган методдор жана ыкмалар, жашоо үчүн сабактын темасынын актуалдуулугуна карата алардын оозеки жана жазуу ойлору.
 Кесипке багыт алуу боюнча сабак 11-класста ѳтѳ кызыктуу ѳттү. Окуучулар ким болгулары келери жѳнүндѳ айтып жатышты, ѳзүлѳрүнүн күмѳн-саноолору менен бѳлүшүп жатышты. «Эркек» жана «аял» кесиптерин талкуулоо жана алардын кабыл алуусунун стеротиптүүлүгүн таануу сабакка киргизилгени ийгиликтүү болду.
  • Аялдар инженер, электрикке чейин каалаган кесипти тандаса болоорун мен түшүндүм. Айдарова Канышай

Жалолдинов Камолиддин Салижановичтин, апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча
А.С. Пушкин атындагы № 21 мектеп-гимназиясы, (Ош шаары, Ош областы)

  • Гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ менен байланыштуу темаларды окуп-үйрѳнүү процессинде мен коомдогу ар бир адамдын ѳзгѳчѳ ролун түшүндүм. 9 «Г»-класстын окуучусу
  • Мен адамдарга демократиялык негиздерди жетекчиликке алуу менен мамиле кыла баштадым. Турмуштук кырдаалдарды социалдык адилеттүүлүк кѳз карашта баалоо керек жана туура чечим кабыл алуу керек. 9-«Г» класстын окуучу кызы

Заитова Одинахон Киргизбаевнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча
Манас атындагы № 90-ото мектеп, Сузак району, Жалал-Абад областы

  • Мурун гендердик теӊдикти аялдардын ден-соолугун коргоо жана алардын коопсуздугу деп түшүнчүмүн. «Бирге жашаганга үйрѳнѳбүз» долбоорунун алкагындагы сабактардан кийин мен аялдар жана эркектер теӊ укукка ээ, кээ бир кѳз караштар стереотиптүү, аларды ѳзүбүздүн билимдерибиздин деӊгээлин жогорулатуу менен ѳзгѳртѳ аларыбызды билдим. Нармузаев Салохидин, 8-«А» класс
  • Мен бардык үй иштерин аялдар гана жасашы керек деп ойлочумун. Азыр мен апама, карындашыма жардам бере баштадым, тамак жасайм, үйдү жыйнайм. Арзыматов Арапбай, 7-«А» класс
  • Окуу китептерин жазып жаткан убакта гендердик теӊдик жѳнүндѳ бир дагы сѳз айтылган эместигин же тарыхый булактарда аялдар, жѳнѳкѳй адамдар, алардын турмушу тууралуу эч нерсе айтылбагандыгын мен түшүндүм. Нажмидинова Нозима, 8-«А» класс