Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Гендердик укук жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында окуучулардын жетишкендиктерин калыптандыруучу баалоо


Бул бапты окуп-үйрѳнүүнүн натыйжасында силер:

  • укук, гендердик теӊдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагында калыптандыруучу баалоо кантип окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууга түрткү болоорун тереӊ түшүнѳсүӊѳр;
  • кесиптик ишмердүүлүктѳ окуучулардын мотивациясын, алардын ѳзүн-ѳзү баалоосуна жѳндѳмдүүлүктѳрүн жогорулатуу үчүн калыптандыруучу баалоонун натыйжалуу ыкмаларын жана стратегияларын колдоно аласыӊар;
  • окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууга багытталган суроолорду кесиптик ишмердүүлүгүн пайдаланасыӊар.

 Концепциядагы сунуштарга таянуу менен социалдык тармактагы предметтерден сабак берген мугалимдерге көп түрдүүлүк, басмырлоого жол бербөө, социалдык инклюзия баалуулуктарын окуучуларда калыптандыруу боюнча окутуу процессинде милдеттерин ишке ашырууда биринчи кезекте калыптандыруучу баалоонун башкача айтканда – окутуу үчүн баалоонун куралдарын жана ыкмаларын өздөштүрүү сунушталат1.

  • мугалимден окуучуларга натыйжалуу кайтарым байланышын;
  • окуучулардын таанып-билүү процессине активдүү тартылышын;
  • окутууда билим берүүнүн натыйжаларын эске алууну;
  • баалоодон окуучулардын ѳзүн ѳзү баалоосу жана мотивациясы кѳз каранды экендигин;
  • окуучулардын ѳзүн ѳзү баалоосуна жѳндѳмдүүлүгүн2 болжолдойт.
 Калыптандыруучу баалоонун аталган компоненттери окуучулардын негизги компетенттүүлүктѳрүн жана «таанып билүүгѳ үйрѳнүү», «аткарганды үйрѳнүү», «болууга үйрѳнүү», жана «бирге жашаганга үйрѳнүү» сыяктуу билгичтиктерин калыптандырууга «иштейт»3.

«Калыптандыруучу баалоонун компоненттери» схемасы

 Калыптандыруучу баалоо мугалимдин окуучуларга карай натыйжалуу кайтарым байланышын; окуучулардын таанып билүү процессине жигердүү тартылышын; окутуунун натыйжаларын окутууда эске алуусун; окуучулардын мотивациясы жана өзүн өзү баалоосу баалоодон кѳз каранды экендигин түшүнүүсүн; окуучулардын өзүн өзү баалоого жөндөмдүүлүгүн4 болжолдойт

  • Окуучуларга үйрөнүп жаткан темадан үч негизги идеяларды бөлүп көрсөтүүнү жана аларга карата өздөрүнүн мамилесин билдирүүнү сунуштагыла.
  • Теманы окуп-үйрѳнүүнүн башталышында теманын түйүндүү түшүнүктөрүн доскага/ѳзүнчѳ баракка жазып койгула жана окуучуларды аларга өздөрүнүн аныктамаларын беришин сунуштагыла. Теманы өтүп жатып бул түшүнүктөргө кайрылгыла жана окуучуларга кайрадан аларга аныктама берүүсүн жана аны мурунку идеялар менен салыштыруусун сунуштагыла.
  • Окуу китебиндеги берилген текстти окуган учурда окуучуларга түшүнүксүз сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү белгилѳѳнү сунуштагыла, андан кийин жалпы талкуулоо ѳткѳргүлѳ.
  • Сабактан бардык баскычтарында суроолорго окуучулардын оозеки/жазуу түрүндөгү жоопторун практикалагыла.

 Башка компетенттүүлүктөр сыяктуу гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ тармагындагы негизги компетенттүүлүктѳр үч деңгээлде каралат: таанып-билүү, баалуулук- эмоционалдык жана практикалык. Бирок бул компетенттүүлүктөр башка билгичтиктер жана көндүмдөргө караганда индивиддин коомдогу келечектеги жүрүм-туруму менен тыгыз байланышкан. Так мына ушул компетенттүүлүктөргө адеп-ахлактык ынанымдар, толеранттуулуктун деңгээли жана чыр-чатактуу кырдаалда ылайыктуу стратегияны тандап ала билүү билгичтиги менен байланыштуу.

Негизги компетенттүүлүктѳрдү калыптандырууга багытталган суроолор калыптандыруучу баалоонун бирден бир куралы катары

  • Бул тууралуу эмнени билесиз же эмнени болжолдойсуз?
  • Ушуга байланыштуу сиздин кандай ойлоруңуз бар?
  • Сиз же сиздин жакындарыңыз ушундай нерселерди башынан кечиргенби?
  • Сизди бул тема боюнча көбүрөѳк эмне кызыктырат?
  • Бул сиз жана коом үчүн канчалык актуалдуу?
  • Жашоонун кайсы тармагында бул көбүрөөк кереги тиет?
  • Сиз, сиздин жакындарыңыз, коомчулук менен мунун кандай байланышы бар?
 Адатта жооптор окуучу эркек бала жана окуучу кыз менен жекече ишти пландаштыруу үчүн,тема боюнча кийинки ишти түзѳтүү үчүн, окуучулардын кызыгуусун чакырган материалдарды тандоо үчүн мугалимдин күндѳлүгүнѳ жазылат.
  • Тапшырма боюнча кандай суроолор бар?
  • Нускаманы сиз кандай түшүндүңүз? (жазылганды тактоо)?
  • Сизге кошумча маалымат керекпи?
  • Дагы бир нерсе кошумчалагыңыз келеби?
  • Сиз жеке/топто иштөөгө даярсызбы?
  • Кандай эрежелерди жетекчиликке аласыз?
  • Бул тапшырманы аткаруу үчүн сиздин башка варианттарыңыз барбы?
  • Силер өз ара жоопкерчиликти кантип бөлүштүрдүңөр (топто иштөөдө)?
  • Иштегендериңизди тааныштыруу үчүн сизге дагы канча убакыт керек?
 Адатта окуучулардын ушул суроолорго берген жооптору ишмердүүлүктү түзѳтүүгѳ жардам берет, сабакта же класстан тышкаркы иш чараларда ѳз учурунда жана ылайыктуу жардам берет.
  • Какие есть вопросы по заданию?
  • Как вы поняли инструкцию (уточнить формулировку)?
  • Необходима ли вам дополнительная информация?
  • Хотите ли вы что-нибудь добавить?
  • Готовы ли вы к работе индивидуально/в группе?
  • Какими правилами будете руководствоваться?
  • Есть ли у Вас другие варианты выполнения этого задания?
  • Как вы распределили ответственность между собой (при работе в группе)?
  • Сколько еще времени вам нужно, чтобы представить свои наработки?
 Обычно ответы учащихся на эти вопросы помогают скорректировать деятельность, оказать своевременную и соответствующую помощь на уроке или внеклассном мероприятия.
  • Сиз эмнени үйрөндүңүз?
  • Кайсы суроолор сиз үчүн ачык бойдон калды?
  • Алардын арасындагы айырманы көрүп турасызбы?
  • Сабакта үйрөнгөн эреже, принциптер турмушта иштейби?
  • Муну турмушта кантип колдоносуз?
  • Жаңы көз караштарга ээ болдуңузбу?
  • Кандай сабактарды алдыңыз?
  • Муну андан ары кантип колдонсо болот?
 Ушул суроолор таанып-билүүчүлүк деӊгээлде ѳзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын окуучулар кантип баа бергенин түшүнүүгѳ мүмкүндүк берет.
  • Тексттин каармандарына/персонаждарына карата кандай сезимдерде болдуңуз?
  • Каармандардын көз караштарын бөлүшөсүзбү?
  • Аларды аяп атасызбы?
  • Булардын баары сиз үчүн мааниге ээби?
  • Баарынан көбүрөөк сизге эмне жакты?
  • Эмне көбүрөөк татаал болду?
  • Бул иште сиз үчүн эмне мааниге ээ болду?
  • Өзүңүздүн мамиле/жүрүм-турумуңузда кандайдыр бир кыйынчылыктарды күтѳсүзбү?
  • Аларды жеңүү үчүн эмне кыласыз?
 Ушул суроолор баалуулук-эмоционалдык деӊгээлде ѳзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын окуучулар кантип баа бергенин түшүнүүгѳ мүмкүндүк берет.
  • Алган билимдерди турмушта кантип колдоносуз?
  • Өзүңүздүн жүрүм-турумуңуздан (эгер мурда жасасаңыз) эмнени өзгөртөсүз?
  • Муну жакынкы эки жумада аткарса болобу?
  • Сабактан кийин дароо эмнени жасоо керек деп эсептейсиз?
  • Сиздин оюӊуз боюнча, ушуну ишке ашырууда эмне көбүрөөк татаал болот?
  • Сиз кайсы тармактарда кѳбүрѳѳк практикалаӊыз келет?
  • Муну кантип жакшыраак жасаса болот?
  Ушул суроолор практикалык деңгээлде ѳзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын окуучулар кантип баа бергенин түшүнүүгѳ мүмкүндүк берет.