«Адам жана коом» сабагында жана класстык сааттарда гендердик теңдик жана басмырлоого жол бербѳѳ суроолорун камтуунун мисалдары
8-класс. Тема: Гендердик теңдик
Лавринова Екатерина Вадимовнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча, № 33 орто мектеп, Бишкек шаары
Таанып-билүү деӊгээли | Гендер жана жыныс түшүнүктѳрүнүн айырмасын билишет, түшүнүшѳт. Гендердик тиешелүүлүктү калыптандырууга таасир эткен факторлорду аташат. |
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл | Коомчулуктун кѳңүл буруусун талап кылган суроо катары гендердик теңсиздиктин бар экендигин таанышат. |
Практикалык деңгээл | Практикада бардык адамдарга жынысына, этникалык тиешелүүлүгүнѳ, социалдык макамына, диний ишенимине жана башка айырмачылыктарга карабастан толеранттуу мамиле кѳрсѳтүшѳт. Заманбап коомдо гендердик теңсиздиктин кѳрүнүшүн белгилешет. |
Эки канат. Накыл-баян
Жерге эки үрѳн түштү. Аларды жамгыр сугарды, күн жылытты. Көп өтпөй алардан эки гүл өсүп чыкты. Бирѳѳ – аткан таң сыяктуу назик жана ийкемдүү бутакта. Экинчиси - катуу жана күчтүү бутакта бороондуу асман сыяктуу.
Гүлдөр чогуу ѳсүштү, чогуу шамал алдында термелишкен. Назик гүл көбүнчѳ чыгыш тарапты карачу – таңды тосчу, ал эми күчтүү гүл батышты караганды жакшы кѳрчү, күн батканын узатчу.
Гүлдөр куураган мезгилде мөмөлѳрүнүн ордуна бирден канат ѳсүп чыкты. Гүлдөр ѳзүлѳрүнүн канаттарына, эмне кылышты билишпей, таң калуу менен карашты. Бирок, бир күнү назик гүл канаты менен солкулдады жана жерден кетүүгѳ аракет кылды. Бир аз гана көтөрүлдү, бирок колунан келбей койду. Алдан тайып, ал ѳзүнүн канатын кое берди.
– Мен бир канатым менен уча албам, менин жашоом бекер эле, - деп гүл шыбырады.
– Бирѳѳ менен уча албасаң, сен жаныңда башка канатты көргөн жоксуңбу? – деген үндү укту.
Назик гүл башын көтөрдү жана ѳзүнүн кошунасын карады. Ал аны кучактап жана ага түзөлүүгѳ жардам берди. Эки гүл кучакташып, эки канаты менен булгалашып жана бийик асманга көтөрүлүштү. Ошентип, аял жана эркек – бир куштун эки канаты.
Александр Лопатина боюнча
Ѳзѳктүү суроо: Силер «аял жана эркек – бир куштун эки канаты» - деген тастыктоонун маңызын кандай деп түшүнѳсүңѳр?
Кошумча суроолор:Жашоодо кимдин ролу маанилүүрѳѳк – эркектикиби же аялдыкыбы? Жашоонун кайсы тармагында аялдарсыз/эркектерсиз болбойт?
Талкуулоодо окуучуларды теңдик, өз ара көз карандылык жана ылайыктуу колдоонун маанилүүлүгү жѳнүндѳ ойго алып келүү керек.
Эшикте абдан суук болгондугуна карабастан, эки күтүүчүнүн тең тумактары жок эле. Аялдамада отурган улгайган аял алардан эмне үчүн баш кийими жок жүрѳсүңѳр – деп сураганда, бирѳѳсү «Мага эч кандай суук болгон жок!», ал эми экинчиси «Мен чачымдын формасын бузуп салам» -деп жооп беришти.
Тапшырма: Айткылачы, кимиси – кыз, кимиси – эркек бала? Ѳзүңѳрдүн жообуңарды далилдегиле.
Кошумча суроолор: Силер кантип биздин каармандардын жынысын аныктадыңар? Жооптордо карама-каршылыктар болдубу? Чындыгында дүйнѳдѳгү бардык балдарды жана бардык кыздарды силер билесиңерби? Эмненин негизинде силер жоообуңарды бердиңер?
«Гендердик стереотип» түшүнүгүн киргизүү керек.
Сабактын баскычы | Баалоо куралы |
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы | Кайтарым байланыш: накыл-баянга карата суроого окуучулардын жообу |
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы | Байкоо жүргүзүү жана окуучулардын жообун угуу |
Рефлексия баскычы | Графикалык уюштургуч |
9-класс. Тема: Коомдогу эркектер жана аялдар
Усенбаев Дастан Шарипбековичтин апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча, № 42 орто гимназия-мектеби, Ош шаары
Таанып-билүү деӊгээли | Гендер жана жыныс түшүнүктѳрүнүн айырмасын билишет, түшүнүшѳт. Гендердик тиешелүүлүктү жана социалдык ролдорду калыптандырууга таасир эткен факторлорду аташат. |
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл | Кесиптик тандоодо гендердик теңдикти таанышат. |
Практикалык деңгээл | Кесипке карата заманбап коомдо гендердик теңсиздиктин кѳрүнүшүн белгилешет. Практикада бардык адамдарга жынысына, этникалык тиешелүүлүгүнѳ, социалдык макамына, диний ишенимине жана башка айырмачылыктарга карабастан толераттуу мамиле кѳрсѳтүшѳт. |
Адегенде ар бир окуучу Т-схеманы толтурат. Тапшырма: эки тилкеге 3 комментарийден кем эмес жазуу.
Ооба, кесиптер жыныстан кѳз каранды | Жок, кесиптер жыныстан кѳз каранды эмес |
---|---|
Мугалим дискуссиянын эрежесин жана баа берүү чен-ѳлчѳмдѳрүн алдын ала макулдашуу менен, дискуссияны модерациялашы керек. Дискуссияны окуучулардын далилдери бүткѳн кезде бүтүрүү керек.
- Эмне үчүн, автордун оюу боюнча, баланын бийик ѳнүккѳн ѳлкѳдѳ тагдыры башкача болмок беле?
- Кайсы социалдык шарттар жѳнүндѳ сѳз болуп жатат?
- Сиздин кѳз карашыңыз боюнча, эгер кыз тѳрѳлсѳ, ушул кырдаалда эмне ѳзгѳрмѳк эле?
- Бул мисал биздин сабактын темасы менен кандай байланышта?
- Сиз кандай жыйынтыкка келе алдыңар?
Сабактын баскычы | Баалоо куралы |
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы | Кайтарым байланыш: мээ чабуулдун суросуна окуучулардын жообу |
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы | Дискуссия жана топтордогу иштѳѳ учурунда окуучулардын жүрүм-турумдары жана жооптору |
Рефлексия баскычы | Эссе |
9-класс. Тема: Инсан аралык баарлашуунун психологиясы
Асранова Бурул Осмоновнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча, Ж. Мукамбаев атындагы орто мектеп (Сары-Булак а/ѳ, Түп р-н, Ыссык-Кѳл обл.)
Таанып-билүү деӊгээли | Коммуникативдик милдеттерден кѳз каранды формалдык жана формалдык эмес сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүнүн этикеттик формаларын айырмалайт. |
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл | Жынысынан, расасынан, социалдык макамынан, диний кѳз карашынан жана башка айырмачылыктардан кѳз карандысыз жанында отурган адамды сыйлайт. |
Практикалык деңгээл | Ишке баарлашуунун этикетттик формасына ээ. |
Кѳнүгүүдѳн кийин рефлексия ѳткѳрүлѳт жана адистердин сунуштары талкууланат:
- ѳтѳ жеке (интимдик) суроолорду чечүүдѳ – 15 ден 45 см;
- жеке суроолорду чечүүдѳ – 45 тен 120 см;
- социалдык суроолорду чечүүдѳ – 120 дан 350 см;
- эл алдында чыгууну талап кылган суроолорду чечүүдѳ – 350;
Сабактын баскычы | Баалоо куралы |
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы | Суроо: Сиздин кѳз карашыңызда, баарлашууда кандай 3 маанилүү эрежени сактоо керек? |
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы | «Аралыкты аныктоо» кѳнүгүүсүн аткаруу учурунда жуптарды түзүүдѳ байкоо жүргүзүү жана натыйжаларды ѳздүк журналга жазуу. |
Рефлексия баскычы | «Баарлашууда мен сактай турган эрежелер» мини-эссе |
10-класс. Тема: Мамлекеттердин түзүлүшү
Романова Татьяна Владимировнанын апробациялык күндѳлүгүнүн материалдары боюнча, И.В. Гёте атындагы № 23-комплекс-гимназия, Бишкек шаары
Таанып-билүү деӊгээли | Заманбап мамлекеттердин, ошондой эле эгемендүү Кыргыз Республикасынын (Кыргызстан) жашоосунун тарыхый мүнѳзүн түшүндүрѳт. |
Баалуулук-эмоционалдык деӊгээл | Ѳзүн ѳзү аныктоого элдин укугун тааныйт – эл аралык укуктун бирден бир негизги принциптери. |
Практикалык деңгээл | Практика жүзүндѳ жынысына, этникалык тиешелүүлүгүнѳ, социалдык макамына, динге ишенүүсүнѳ жана башка айырмачылыктарына карабастан КР бардык жарандарына жана тургундарына толеранттуу мамилени кѳрсѳтѳт. |
- + - тааныш маалымат;
- ✓ - жаңы маалымат;
- ? - суроону талап кылган маалымат;
- - - ал жѳнүндѳ карама-каршы ой бар маалымат;

Сабактын баскычы | Баалоо куралы |
Темага кирүүгѳ чакыруу баскычы | Кайтарым байланыш: кластердин жардамы менен ушул тема боюнча терминдердин алгачкы аныктамасын жазуу |
Жаңы маалыматты ѳздѳштүрүү баскычы | Дискуссияны уюштурууда жана изилдѳѳчүлүк топту түзүүдѳ байкоо жүргүзүү жана керектүү жардамды берүү |
Рефлексия баскычы | Кластерди кайрадан иштеп чыгуу Ѳзүн ѳзү баалоо картасы |